Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ Бишкек шаары, 2014-жылдын 3-марты № 35

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2014-жылдын 3-марты № 35

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4 февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык буйрук кылам:

1. Бекитилсин:

- Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө Усулдук сунуштар 1-тиркемеге ылайык;

- Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө Усулдук сунуштар (мындан ары - Усулдук сунуштар) 2-тиркемеге ылайык;

- Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эсептөө жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары - Усулдук көрсөтмөлөр) 3-тиркемеге ылайык;

- отчеттуулук формасы 4, 5, 6, 7-тиркемелерге ылайык.

2. Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - Департамент):

- бул буйруктун так аткарылышын камсыз кылсын жана жетекчиликке алсын;

- райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө маселелери боюнча тажрыйбалык жана усулдук жардамдарды туруктуу негизде көрсөтсүн;

- ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 1-күнүнө чейин Бюджеттик пландаштыруу жана финансылоо башкармалыгына жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген форма боюнча республикалык бюджеттен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдарды каржылоо (ордун толтуруу) үчүн керектөөнүн эсебин берсин;

- жыл сайын:

отчеттук мезгилден кийинки жылдын 30-январына чейин Мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгына кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуучулардын саны жөнүндө 6-7-тиркемелерге ылайык бекитилген формалар боюнча жалпыланган маалыматты берсин;

социалдык өнүгүү башкармалыктары берген арыздардын негизинде бланк продукциясына жыйынтык арызды жыл сайын Документтик камсыз кылуу жана администрациялык колдоо бөлүмүнө берсин.

3. Райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктары:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому жана төлөө каралган башка ченемдик укуктук актылар менен бирге колдонулуучу бул Усулдук сунуштарды жана Усулдук көрсөтмөлөрдү ишинде жетекчиликке алсын;

- жөлөкпул алууга укугу бар адамдарга керектүү документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтсүн;

- ар бир айдын 25-числосуна чейин Департаментке иш берүүчүлөрдүн чыгымдарын андан ары ордун толтуруу үчүн республикалык бюджеттен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдар жөнүндө юридикалык жактардын, патенттин же салык келишиминин негизинде иштеп жаткан жеке ишкерлердин, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын жана ишке орноштуруу кызматында эсепте турган адамдардын жыйынды отчетунун формасын берсин;

-жыл сайын:

отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-январына чейин Департаментке кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуучулардын саны жөнүндө 4-5-тиркемелерге ылайык бекитилген форма боюнча маалыматты берсин;

бланк продукциясына арызды жыл сайын Департаментке берсин.

4. Бюджеттик пландаштыруу жана финансылоо башкармалыгы Департамент берген республикалык бюджеттен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдарды каржылоо (ордун толтуруу) үчүн керектөөнүн эсебинин формасынын негизинде каржылоону ачуу үчүн отчеттук айдан кийинки айдын 7-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик реестрди даярдасын.

5. Ички аудит бөлүмү:

- Министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды чектөөнүн жана төлөөнүн тууралыгына аудит жүргүзсүн;

- райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө маселелери боюнча тажрыйбалык жана усулдук жардамдарды туруктуу негизде көрсөтсүн;

- түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча квартал сайын Министрликтин жетекчилигине отчет берсин.

6. Иш кагаздар менен камсыз кылуу жана административдик колдоо бөлүмү түзүмдүк жана аймактык социалдык өнүгүү башкармалыктарына жеткирсин:

- бул буйрукту жана ага тиркелген Усулдук сунуштарды жана Усулдук көрсөтмөлөрдү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4 февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомун;

- бланк продукциясына Департамент берген жыйынды арыздын негизинде бланк продукциясын даярдоого жыл сайын тендер өткөрсүн жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын арыздарына ылайык бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо министрлигинин "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө 2011-жылдын 9-декабрындагы № 205 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

8. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу министрдин орун басары Э.Куйкеевге жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри

 

К.Базарбаев

 

4-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
социалдык өнүгүү министрлигинин
2014-жылдын 3-мартындагы
№ 35 буйругу менен
бекитилген

20___-жылдын 1-январына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны жана төлөнгөн суммалар жөнүндө
МААЛЫМАТ

_____________________________________________

(РШСӨБ аталыштары)

 

Жөлөкпул алуучулардын категориялары

Жөлөкпул алуучулардын саны

Жөлөкпул дайындалган сумма

Анын ичинен бийик тоолуу

 

 

 

 

Саны

Суммасы

1

Жумуш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган жактар, анын ичинде жеке ишкерлер, юридикалык жакты түзүү менен ишкердик жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалары, алардын ичинен:

 

 

 

 

бюджеттик мекемелерде

 

 

 

 

башка мекемелерде

 

 

 

 

2

Юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жактар (У луттук статистикалык комитеттин күбөлүгү же патенттин негизинде иштеген жеке ишкерлер)

 

 

 

 

3

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү

 

 

 

 

4

Ишке орноштуруу кызматынын эсебинде турган жумушсуздун расмий статусу бар жактар

 

 

 

 

 

Жалпы

 

 

 

 

 

5-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
социалдык өнүгүү министрлигинин
2014-жылдын 3-мартындагы
№ 35 буйругу менен
бекитилген

20___-жылдын 1-январына карата сөөк коюуга жөлөкпул алуучулардын саны жана төлөнгөн суммалар жөнүндө
МААЛЫМАТ

_____________________________________________

(РШСӨБ аталыштары)

 

Жөлөкпул алуучулардын категориялары

Жөлөкпул алуучулардын саны

Жөлөкпул дайындалган сумма

Республикалык бюджеттин эсебинен

1

Жумуш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган жактар, анын ичинде жеке ишкерлер менен, юридикалык жакты түзүү менен ишкердик жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалары

 

 

1.1

Иштеген адамдын багуусунда турган жактын үй-бүлө мүчөсү

 

 

2

Юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жактар (Улуттук статистикалык комитеттин күбөлүгү же патенттин негизинде иштеген жеке ишкерлер)

 

 

2.1

Жеке ишкердин багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү

 

 

3

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрү

 

 

3.1

Дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөсүнүн багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү

 

 

4

Ишке орноштуруу кызматынын эсебинде турган жумушсуздун расмий статусу бар жактар

 

 

4.1

Жумушсуздун багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү

 

 

5

Социалдык жөлөкпул алган жактар

 

 

6

Ишке орноштуруу кызматында эсепте турбаган жумушсуз жактар

 

 

 

Жалпы

 

 

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен

7

Социалдык жөлөкпул алуучу жактар

 

 

8

Ишке орноштуруу кызматынын эсебинде турган жумушсуздун расмий статусу бар жактар

 

 

 

Жалпы

 

 

 

6-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
социалдык өнүгүү министрлигинин
2014-жылдын 3-мартындагы
№ 35 буйругу менен
бекитилген

20__-жылдын 1-январына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны жана төлөнгөн суммалар жөнүндө
МААЛЫМАТ

Райондордун аталыштары

Иштегендер, анын ичинде:

Юридикалык жакты түзбөгөн ЖИ

Юр. жакты түзбөгөн ДФЧ мүчөлөрү

Жумушсуздар (ишке орноштуруу кызм. эсепте турган

жалпы

анын ичинде бийик тоолуу

Бюджеттик мекемелерде

Башка мекемелерде

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
социалдык өнүгүү министрлигинин
2014-жылдын 3-мартындагы
№ 35 буйругу менен
бекитилген

20___-жылдын 1-январына карата сөөк коюуга жөлөкпул алуучулардын саны жана төлөнгөн суммалар жөнүндө
МААЛЫМАТ

Райондордун аталыштары

Республикалык бюджеттин эсебинен

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен

Иштегн жак (юр. жак)

иштеген жактын багуусундагы

ЖИ (юр. жакты түзбөгөн)

ЖИ багуусундагы жактар

ДФЧ мүчөлөрү

ДФЧ багуусундагы жактар

Жумушсуздар (эсепте турган)

Жумушсуздун багуусундагы жак

Соц. жөлөкпул алуучу жак

Жумушсуздар (эсепте турбаган)

Жалпы

Жөлөкпул алуучу жактар

Жумушсуздар (эсепте турбаган)

жалпы

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

Саны (киши)

сумма (миң сом)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(*) Сумма- миң сом