Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаары, 2011-жылдын 19-январы N 18 Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 19-январы N 18

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 2011-жылдын 15-июнундагы N 318, 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү, педагогикалык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан стимулдоо жана шарт түзүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2011-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн саатына карата эмгек акы төлөөнүн негизинде эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү, 1-тиркемеге ылайык;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык;

- педагогикалык жана башка билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ставкаларынын жана кызматтык маяналарынын өлчөмү, 3-16-тиркемелерге ылайык;

- жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши), бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 саат, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 саат иштегени жана айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкасы үчүн айына 1000 сом өлчөмүндөгү кошумча төлөө.

3. Педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги, ошондой эле өзгөчө иш шарттары үчүн кошумча төлөөлөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.

4. Мугалимдер жана окутуучулар жок болуп калган учурда жетекчилерге тийиштүү предметтер боюнча мугалимдик ишти аткарууга (сабак өтүүгө) уруксат берилсин:

- мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда жумасына 22 сааттан ашык эмес;

- жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы уюмдарда, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдарда, балдар үйлөрүндө - жумасына 12 сааттан ашык эмес;

- орто кесиптик билим берүүчү уюмдарда - окуу жылынын ичинде 480 сааттан ашык эмес;

- жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда - кызмат орду боюнча тийиштүү кызматтык маянасынын 0,5 ставкасынан ашык эмес.

Жалпы билим берүүчү уюмдарда директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына жумасына 17, балдар менен иштөөдө класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучуларга - 22 жана 0,75, 0,5 жана 0,25 ставка менен иштешкен социалдык педагогдорго 26 саат окуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомунун редакциясына ылайык)

4-1. Жалпы билим берүүчү уюмдардагы жетекчилерге жана социалдык педагогдорго окутуу иштерине жараша, сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн төлөнөт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Жалпы билим берүү уюмдарында бюджеттик каражаттардын эсебинен төмөнкүдөй эмгек акыны стимулдаштыруу фонду түзүлсүн:

- 2011-жылдын 1-майынан тартып - кызматкерлердин жалпы эмгек акы фондусунун 10 пайызы өлчөмүндө;

- 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып - кызматкерлердин жалпы эмгек акы фондунун 20 пайызына чейин өлчөмдө, анын ичинде 10 пайызга чейини жалпы билим берүүчү уюмдардын структурасын жана тармактарын, окуу пландарын, программаларын оптималдаштыруунун натыйжасында бошогон каражаттардын эсебинен.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

5.1. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим берүү уюмдарындагы кызмат орундардын аталыштарын ушул токтом менен аныкталган кызмат орундардын аталыштарына ылайык келтиришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдын республикалык бюджетинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүүгө жана иштин натыйжасы менен сапаты үчүн материалдык жактан сыйлоо үчүн стимулдаштыруу фондун түзүүгө кошумча акча каражатын карасын.

7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

а) Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен бирдикте:

2011-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:

- кызматкерлердин ар бир категориясы (жетекчилик, педагогикалык кызматкерлер, чарбалык жана окуу-көмөкчү персонал) үчүн эмгекке катышуу коэффициентин эсептөө үчүн иштин натыйжалуулугу менен сапатын баалоонун индикаторлорун бекитсин;

- билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыксын жана бекитсин;

2011-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:

- белгиленген тартипте билим берүү мекемелеринин типтүү штаттарын иштеп чыксын жана бекитсин;

б) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:

- 2011-жылдын 1-майына чейин райондук, шаардык билим берүү жана финансы бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин эмгек акы төлөөнүн жаңы системасына окутууну;

- 2011-жылдын 1-сентябрына чейин билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары жөнүндө түшүндүрүү иштерин.

8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жана билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

А.Атамбаев

 

 

 

1-тиркеме

Жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

Кызматтын аталышы

Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен

орто кесиптик билим

жогорку билим(*)

магистр

Мугалим, окутуучу

40

45

50

Эскертүү:

1. Жалпы орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) бир сааттык окутуучулук ишинин наркын аныктоодо орто кесиптик билими бар мугалимдин (окутуучунун) сааттык ставкасынын 0,7 коэффициенти колдонулат.

2. Мугалимдин (окутуучунун) бир сааттык даярдануу ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билими бар мугалимдин (окутуучунун) сааттык ставкасынын 1,0 коэффициенти, сабактан тышкаркы иште жана чеберчиликти жогорулатууда - 0,5 коэффициенти колдонулат.

3. Балдар үйлөрүндө жана атайын мектеп-интернаттарда мугалимдердин, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын адистештирилген (реабилитациялык) топторунда окутуучулардын бир сааттык окутуучулук, даярдануу, сабактан тышкаркы ишине жана чеберчиликти жогорулатууга акы төлөө 25%га жогорулатылат.

4. Интернат мектептерде жана жалпы типтеги интернаттарда мугалимдин окутуучу, даярдоочу, сабактан тышкаркы жана адистигин жогорулатуу иши боюнча бир саат үчүн акы 10%га жогорулатылат

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

(*) Бакалавр, дипломдуу адис

 

 

 

2-тиркеме

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомунун редакциясына ылайык)

Кызматтын аталышы

Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен

орто кесиптик билим

жогорку билим(*)

магистр

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы

32

35

38

Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячылары

38

42

45

Эскертүү:

1. Жалпы орто билими бар тарбиячынын бир сааттык окутуучулук ишинин наркын аныктоодо орто кесиптик билими бар тарбиячынын сааттык ставкасынын 0,7 коэффициенти колдонулат.

2. Балдар үйлөрүндө жана атайын мектеп-интернаттарда бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө 25%га жогорулатылат.

3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн иш жумасынын узактыгы 36 саат көлөмүндө, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарда жана балдар үйлөрүндө - 30 саат көлөмүндө белгиленген.

4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын улук тарбиячысынын бир сааттык ишине акы төлөө тийиштүү билим деңгээли бар тарбиячынын бир сааттык ишине акы төлөөдөн 10%га жогорулатылат.

(*) Бакалавр, дипломдуу адис

 

 

 

3-тиркеме

Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларыны ставкаларынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270, 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 редакциясына ылайык)

N

Кызматтын аталышы

Ставканын өлчөмү, сом менен

1

Төмөнкүлөргө ээ окутуучу:

 

- орто кесиптик билимге;

5000

- жогорку билимге(*);

5500

- академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге

6000

Эскертүү:

1. Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкасы жумасына 20 сааттык окуу иши үчүн белгиленген.

2. Жалпы орто билимдүү окутуучунун ставкаларынын өлчөмүн аныктоодо кесиптик орто билимдүү окутуучунун ставкасынын өлчөмүнүн 0,7 коэффиценти колдонулат.

(*) Бакалавр, дипломдуу адис

 

 

 

4-тиркеме

Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270, 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кызматтын аталышы

Ставканын өлчөмү, сом менен

Төмөнкүлөргө ээ өндүрүштүк окутуу мастери:

 

- баштапкы кесиптик билимге;

4300

- орто кесиптик билимге;

4500

- жогорку билимге(*);

4800

- академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге

5500

Эскертүү:

1. Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маянасы жумасына 40 сааттык иш үчүн белгиленет.

2. Өндүрүштүк окутуу мезгилинде окуу топторунун саны 12-15 адамдан болушу белгиленет.

3. Адистештирилген реабилитациялык топтордо (ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген балдар, кароосуз калган балдар) жана түзөтүү мекемелериндеги балдар менен иштөөдө өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналары 6 адам менен толукталган окуу топторундагы иш үчүн белгиленет.

4. Адистештирилген реабилитациялоочу топтордо иштешкен өндүрүштө окутуучу устаттардын кызматтык маяналары 25 пайызга көбөйтүлөт.

(*) Бакалавр, дипломдуу адис

 

 

 

5-тиркеме

Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкаларынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

N

Кызматтын аталышы

Ставканын өлчөмү, сом менен

1

Төмөнкүлөргө ээ окутуучу;

 

- кесиптик орто билимге;

5000

- жогорку билимге(*);

5500

- академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге

6000

Эскертүү:

Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкасы окуу жылындагы 720 сааттык окуу иши үчүн белгиленген.

(*) Бакалавр, дипломдуу адис

 

 

 

6-тиркеме

Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270, 2011-жылдын 15-июнундагы N 318 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

N

Кызматтын аталышы

Кызматтык маяна, сом менен

1

Профессор:

 

- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

8000

- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;

7500

- окумуштуулук даражасы жок

7000

2

Доцент:

 

- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

7500

- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;

7000

- окумуштуулук даражасы жок

6500

3

Улук окутуучу:

 

- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

7000

- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;

6500

- окумуштуулук даражасы жок

6000

4

Окутуучу, ассистент:

 

- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

6500

- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;

6000

- окумуштуулук даражасы жок

5500

5

Ассистент-стажер

5000

Эскертүү:

1. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналары окуу жылындагы окуу ишинин төмөндөгүдөй көлөмү үчүн аныкталган.

- улук окутуучуларга (окумуштуулук даражасы жок) жана окутуучуларга (ассистенттерге) - 850 саат;

- улук окутуучуларга (окумуштуулук даражасы бар) жана доценттерге - 800 саат;

- профессорлорго - 750 саат.

2. Факультеттин деканы, факультеттин деканынын орун басары жана кафедра башчысынын милдеттерин аткаргандыгы үчүн тийиштүү түрдө айына 800, 600 жана 500 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөнө тургандыгы белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын атайын сабактар боюнча профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарын аныктоодо тийиштүү кызмат орундары боюнча профессордук-окутуучулук курамдын кызматтык маяналарына 1,8 коэффициенти колдонулат.

Кыргыз улуттук консерваториясынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлердин жана иллюстраторлордун кызматтык маяналарын аныктоодо тийиштүү кызмат орундары боюнча профессордук-окутуучулук курамдын, концертмейстерлердин жана иллюстраторлордун кызматтык маяналарына 1,8 коэффициенти колдонулат.

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын клиникалык иштерди жүргүзүүчү профессордук-окутуучулук курамына кызматтык маяна 25%ке жогорулатылат.

4. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ассистент-стажерунун кызматтык маянасы 5500 сом өлчөмдө белгиленет.

 

 

 

7-тиркеме

Жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин жана мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн) жетекчилеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

Окуучулардын (тарбиялануучулардын) саны боюнча жалпы билим берүү уюмдары

Айлык кызматтык маяналар, сом менен

Директор

Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары

Директордун башка орун басарлары, класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу

100гө чейин

5000

4500

4250

100дөн 600гө чейин

5700

5130

4845

600дөн 1200кө чейин

6400

5760

5440

1200дөн 1800гө чейин

7100

6390

6035

1800дөн көп

7800

7020

6630

Эскертүү:

1. Кызматтык маянаны аныктоодо бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган окуучулардын (тарбиялануучулардын) контингенти эске алынат.

2. Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарда келип окуган окуучулардын контингенти 0,5 коэффициенти менен эске алынат.

3. Директордун жана директордун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын кызматтык маяналары:

- интернат мектептерде (атайын интернат мектептерден башкаларында) жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлорунун, директордун орун басарларынын жана класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын кызматтык маяналарынан 10%га жогору белгиленет;

- балдар үйлөрүндө, атайын мектептерде жана атайын интернат мектептерде тийиштүү жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлорунун, директордун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын кызматтык маяналарынан 25%га жогору белгиленет.

 

 

 

8-тиркеме

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

Балдардын саны боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдары

Айлык кызматтык маяна, сом менен

 

Директор

100гө чейин

5000

100дөн 200гө чейин

5500

200дөн 300гө чейин

6000

300дөн көп

6500

 

 

 

9-тиркеме

Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

Окуучулардын саны боюнча мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары

Бир айдагы кызматтык маяна, сом менен

Директор

Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары

Директордун башка орун басарлары

210дон 420га чейин

5000

4500

4250

420дан 900гө чейин

5500

4950

4675

900дөн 1380ге чейин

6000

4500

5100

1380ден көп

6500

5850

5525

Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган балдардын контингенти эске алынат.

2. Балдардын музыкалык мектептеринде алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо окуган балдардын контингенти 10 коэффициент менен эске алынат.

 

 

 

10-тиркеме

Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ
(сом менен)

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

Кызматтын аталышы

250гө чейинки окуучу

250дөн 450гө чейинки окуучу

450дөн көп окуучу

Директор

5500

6000

6500

Директордун орун басары

5000

5500

6000

Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган балдардын контингенти эске алынат.

2. Жалпы орто жана кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программаларын ишке ашыруучу баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлорунун, директордун орун басарларынын кызматтык маяналары баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын директорлорунун жана директордун орун басарларынын кызматтык маяналарынан 10%га жогору белгиленет.

 

 

 

11-тиркеме

Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

Студенттердин саны боюнча билим берүү уюмдары

Бир айга кызматтык маяна, сом менен

Директор

Директордун окуу иштери боюнча орун басары

Директордун башка орун басарлары

280ге чейин

5500

4950

4675

280ден 640ка чейин

6500

5850

5525

640тан 1000ге чейин

7500

6750

6375

1000ден көп

8500

7650

7225

Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган студенттердин контингенти эске алынат.

2. Кесиптик орто билим берүүчү маданият жана искусство окуу жайларында алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо студенттердин контингенти 5 коэффициент менен эске алынат.

 

 

 

12-тиркеме

Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

Студенттердин саны боюнча билим берүү уюмдары

Бир айга кызматтык маяна, сом менен

Ректор

Окуу иштери боюнча проректор

Башка проректорлор

280ге чейин

6500

5850

5525

280ден 640ка чейин

7500

6750

6375

640тан 1000ге чейин

8500

7650

7225

1000ден көп

9500

8550

8075

Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган студенттердин контингенти эске алынат.

2. Кесиптик жогорку билим берүүчү маданият жана искусство окуу жайларында алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо студенттердин контингенти 5 коэффициент менен эске алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын жана Кыргыз улуттук консерваториясынын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо кесиптик жогорку билим берүүчү уюмдардын тийиштүү жетекчилеринин кызматтык маяналарынын 1,8 коэффициенти колдонулат.

 

 

 

13-тиркеме

Кыргыз билим берүү академиясынын, облустук билим берүү институттарынын жана облустук окуу-методикалык билим берүү борборлорунун жетекчилеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

Уюмдардын аталышы

Бир айга кызматтык маяна, сом менен

Президент, директор

Вице-президент, директордун окуу иштери боюнча орун басары

Президенттин финансы-чарба иштери боюнча орун басары, директордун башка орун басарлары

Кыргыз билим берүү академиясы

7500

6750

6375

Облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлору

6500

5850

5525

 

 

 

14-тиркеме

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270, 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

N

Билим берүү уюмдарынын, кызмат орундарынын аталышы

Айлык кызматтык маяна, сом менен

I

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары

 

 

- дефектолог, психолог, психиатр, сурдолог, логопед, музыкалык кызматкер, методист

5000

 

- бухгалтер

4750

 

- лаборант, ашпозчу, медициналык айым

4500

 

- тарбиячынын жардамчысы

3500

II

Жалпы билим берүүчү уюмдар (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар, балдар үйлөрү)

 

 

Башкы бухгалтер, мектептеги окуучулардын контингенти:

 

- 100гө чейин;

4400

- 100дөн 880ге чейин;

5000

- 880дөн 1360ка чейин;

5200

- 1360тан ашык

5400

 

- мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн бухгалтери

4500

 

- мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн бухгалтер-кассири

4300

 

Мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн башкы бухгалтери, тарбиялануучулардын контингенти:

 

 - 100гө чейин;

5000

 - 100дөн 200гө чейин;

5200

- 200дөн ашык

5400

 

- социалдык педагог, психолог, врач

5500

 

- музыкалык жетекчи, аскер жетекчиси,(*) китепканачы, библиограф, дефектолог, психолог, психиатр, сурдолог, логопед, стоматолог дарыгер, дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор, шеф-ашпозчу

5000

 

- лаборант, медайым, ийримдин жетекчиси, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча жетекчи, ашпозчу

4500

 

- тарбиячынын жардамчысы

3500

III

Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары Башкы бухгалтер, окуучулардын контингенти:

 

- 280ге чейин;

4400

- 280ден 640ка чейин;

4800

- 640тан 1000ге чейин;

5100

 

- 1000ден ашык

5400

 

- бөлүм башчы, окуу бөлүгүнүн башчысы,

5400

 

- методист, педагог-уюштуруучу, сүрөтчү, жасалгалоочу сүрөтчү, уюштуруучу

5000

 

- бухгалтер

4750

 

- ансамблдин көркөм жетекчиси, хормейстер, балетмейстер, дирижер, концертмейстер, китепканачы, врач

5000

IV

Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдары

 

 

- бөлүмдүн, китепкананын башчысы; дене тарбиянын, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, аскер жетекчиси, лаборатория башчысы

5400

 

- дарыгер

 

 

Башкы бухгалтер, студенттердин контингенти

5500

- 280ге чейин;

4800

- 280ден 640ка чейин;

5000

- 640тан 1000ге чейин;

5200

- 1000ден ашык

5400

 

- улук лаборант, инженер, программист, адис, инспектор

5000

 

- бухгалтер, экономист, юрист

4750

 

- бухгалтер-кассир, тарбиячы

4600

 

- лаборант

4500

 

- окуу устаты, китепканачы, комендант

4300

 

- архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү

4000

V

Жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдары

 

 

- башкы бухгалтер, студенттердин контингенти:

 

- 280ге чейин;

5400

- 280ден 640ка чейин;

5600

- 640тан 1000ге чейин;

5800

- 1000ден ашык

6000

 

- окуу, пландоо-финансылык, редакциялык-басма, маалыматтык бөлүмдөрдүн начальниги, башкы инженер, башкы бухгалтердин орун басары, студенттердин контингенти:

 

- 280ге чейин;

4900

- 280ден 640ка чейин;

5100

- 640тан 1000ге чейин:

5300

- 1000ден ашык.

5500

 

- окумуштуу секретарь, докторантуранын жана аспирантуранын башчысы, лабораториянын жана башка бөлүмдөрдүн башчысы, сектор башчы, китепкананын, музейдин, директору, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, башкы адис, башкы илимий кызматкер

5200

 

- дарыгер

5500

 

- жетектөөчү адис, жетектөөчү илимий кызматкер, жетектөөчү концертмейстер, юрист, улук экономист, бухгалтер, инженер-программист, улук лаборант, башкы китепканачы, башкы библиограф

5000

 

- улук адис, методист, бухгалтер-кассир, улук инспектор, улук китепканачы, концертмейстер, экономист, реставратор, улук илимий кызматкер, улук китепканачы

4700

 

- ректордун жардамчысы, китепканачы, окуу устаты, комендант, адис, лаборант, сүрөтчү, тарбиячы, улук архивариус, жогорку билимдүү иллюстратор, жогорку билимдүү инженер

4500

 

- инспектор, статист-талдоочу, диспетчер, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, секретарь-референт, кесиптик орто билими бар иллюстратор

4000

VI

Кыргыз билим берүү академиясы

 

 

- борбордун директору

6000

 

- окумуштуу секретарь, башкы инженер, лабораториянын башчысы

5700

 

- башкы бухгалтер

5400

 

- бөлүм башчы, бөлүмдүн, китепкананын, канцеляриянын башчысы, башкы бухгалтердин орун басары, башкы адис, башкы илимий кызматкер

5000

 

- бухгалтер, экономист, юрист, жетектөөчү адис, жетектөөчү китепканачы, методист, редактор, инженер-программист, жетектөөчү илимий кызматкер, улук лаборант

4750

 

- улук инспектор, инженер, бухгалтер-кассир, улук илимий кызматкер

4600

 

- комендант, илимий кызматкер, лаборант

4500

VII

Облустук билим берүү институттары, билим берүүнүн облустук окуу-усулдук борборлору

 

 

- башкы бухгалтер

5200

 

- бөлүмдүн, кабинеттин башчысы, башкы адис

4900

 

- жетектөөчү адис, методист, бухгалтер, китепкана башчысы

4750

 

- комендант, адис, китепканачы

4300

VIII

Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация

 

 

- башчы

5500

 

- психолог, олигофренопедагог, сурдопедагог, логопед, психиатр, невропатолог, офтальмолог

5000

 

- лаборант

4500

Эскертүү:

1. Башталгыч мектептеги китепкана иши үчүн айына 500 сом өлчөмдө, 13кө чейинки класс-комплекттер бар толук эмес орто мектепте - айына 1000 сом өлчөмдө кошумча төлөм киргизилет.

2. Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине кабинетке башчылык кылуу, класс жетекчилик, циклдик комиссияга жетекчилик үчүн жана окуу жылында 720 сааты окуу жүгү менен дептер текшерүүгө айына 50 сом өлчөмүндө кошумча төлөм киргизилет.

Эгерде окутуучунун окуу жылында ушул тиркеменин биринчи сүйлөмүндө белгиленгенден башка көбүрөөк же азыраак окуу жүгү бар болсо, анда дептер текшерүү үчүн кошумча төлөм тийиштүү түрдө көбөйөт же азаят.

(*) Аскер жетекчилеринин кызматтык маяналарына мектептерде жумасына 12 саат окутуу (педагогикалык) иш үчүн жана педагогикалык жана маданий-агартуу окуу жайларында жылына 480 саат педагогикалык иш үчүн төлөм киргизилген. Бул педагогикалык ишке 9-10 (11)-класстарда баштапкы аскердик даярдык, жарандык коргонуу боюнча окутуу (анын ичинде факультативдик) сабактарын өткөрүү жана окуучулар (уландар) менен тактикалык сабактарды өтүү кирет.

Мындан тышкары, аскер жетекчисинин милдетине баштапкы аскердик даярдык боюнча класстан тышкаркы сабактар, окуучулар менен уюштуруу жана аскердик-атуулдук иш, ошондой эле аскер ишинин негиздери боюнча ийримдерди жетектөө боюнча милдеттерди аткаруу жана аскер кабинетине башчылык кылуу (кошумча төлөмсүз) киргизилет.

Эгерде окуу жайда жогоруда көрсөтүлгөн ченемде жүк камсыз кылынбаса же аскер жетекчиси аскердик-техникалык даярдык жана санитардык иш боюнча сабактарды өтө албаса, ага толук кызматтык маяна төлөнөт.

Аскер жетекчилери тарабынан жумасына 12 сааттан ашык аткарылган окуу (педагогикалык) иши (жылына 480 сааттан ашык) мугалимдер жана окутуучулар үчүн белгиленген ставка боюнча жана тартипте кошумча төлөнөт. Мында кошумча акы төлөнүүчү окутуучу (педагогикалык) иш мектептерде жумасына 12 сааттан, педагогикалык жана маданий-агартуу окуу жайларында жылына 480 сааттан ашпашы керек. Кызматтык маянадан 0,5 алган аскер жетекчилери аткарган, жумасына алты сааттан ашык (240 сааттан ашык), бирок жумасына 18 сааттан ашык эмес педагогикалык ишке кошумча төлөнөт.

 

 

 

15-тиркеме

Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомунун редакциясына ылайык)

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяна (сом менен)

Бөлүм башчы

4800

Окуучуларынын контингенти төмөнкүдөй болгон билим берүү уюмунун башкы бухгалтери:

 

- 250 адамга чейин;

5000

- 250ден 450 адамга чейин;

5200

- 450 адамдан көп

5400

Бухгалтер

4750

Чарба башчысы

4500

Психолог

4500

Сурдокотормочу, жаңсап окутуучу педагог, педиатр дарыгер

4500

Улук устат

5000

Дене тарбия жетекчиси

4500

Жаштарды аскерге чакырганга чейинки даярдоо жетекчиси

4500

Методист

4500

Жатаканадагы тарбиячы

4200

Китепкана башчысы

4200

Бухгалтер-кассир

4200

Ашкана башчысы (шеф-ашпозчу)

4200

Жатакана башчысы

4200

Механик

4200

Окуу бөлүмүнүн катчысы, кадр иштери боюнча инспектор, паспортчу, китепканачы

4000

Эскертүү:

1. Башталгыч кесиптик билим берүүчү кесиптик лицейлердин башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 20 пайыз өлчөмдө үстөк белгиленет.

150 орундан кем эмес туруктуу ашканасы бар башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 30 пайыз өлчөмдө үстөк белгиленет.

150 орундан кем эмес туруктуу ашканасы бар башталгыч кесиптик билим берүүчү "лицейлердин башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 30 пайыз өлчөмдө бир үстөк белгиленет;

2. Дене тарбия жана жаштарды аскерге чакырылганга чейинки даярдоо боюнча жетекчилердин кызматтык маянасына, эгер спорттук зал же спорттук аянтча бар болсо жыл ичинде 240 окуу сааты үчүн, спорттук зал же спорттук аянтча жок болсо жыл ичинде 360 окуу сааты үчүн акы кирет.

Сабактан тышкаркы дене тарбия-спорттук иштерге (спорттук ийримдерге сабак өтүү, массалык иш-чараларды өткөрүү) иш жүзүндө жумшалган убакыт боюнча төлөнөт.

 

 

 

16-тиркеме

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы N 373 токтомунун редакциясына ылайык)

Кызмат орундун аталышы

Кызматтык маяна (сом менен)

Борборлоштурулган бухгалтериянын башкы бухгалтери, жыл ичиндеги бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттардын төмөндөгү өлчөмдөрүнө жараша:

 

- 50000,0 миң сомго чейин;

7900

- 50000,0 миңден 100000,0 миң сомго чейин;

8100

- 100000,0 миңден 200000,0 сомго чейин;

8300

- 200000,0 миң сомдон жогору

8500

Башкы бухгалтердин орун басары

7900

Топтун жетекчиси, башкы экономист

7500

Бухгалтер, экономист

7250

Бухгалтер-кассир

7100

 

 

 

17-тиркеме

Шаардык жана райондук окуу-усулдук кабинеттердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Айлык кызматтык маяна, сом менен

Бишкек жана Ош шаардык окуу-усулдук кабинеттер

Шаардык (Бишкектен жана Оштон башка) жана райондук окуу-усулдук кабинеттер

Башчы

6500

6000

Методисттер

5000

5000

Эскертүү:

Шаардык жана райондук окуу-усулдук кабинеттердин методисттеринин кызмат ордуна жогорку билимдүү жана 5 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар педагогикалык кызматкерлер дайындалат.

 

 

 

18-тиркеме

Окуу китептерди басып чыгаруу боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 токтомунун редакциясына ылайык)

Айлык кызматтык маяна, сом менен

 

Борбордун директору

6000

Башкы редактор

5500

Бухгалтер

4750

Башкы адис, бөлүм башчы

4700

Жетектөөчү адис, инженер-программист, программист

4600

Кадрлар боюнча инспектор, сүрөтчү, корректор

4500

Техник-оператор

4500