Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 24-июну N 373

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы N 18 "Билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Мугалимдер жана окутуучулар жок болуп калган учурда жетекчилерге тийиштүү предметтер боюнча мугалимдик ишти аткарууга (сабак өтүүгө) уруксат берилсин:

- мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда жумасына 22 сааттан ашык эмес;

- жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы уюмдарда, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдарда, балдар үйлөрүндө - жумасына 12 сааттан ашык эмес;

- орто кесиптик билим берүүчү уюмдарда - окуу жылынын ичинде 480 сааттан ашык эмес;

- жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда - кызмат орду боюнча тийиштүү кызматтык маянасынын 0,5 ставкасынан ашык эмес.

Жалпы билим берүүчү уюмдарда директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына жумасына 17, балдар менен иштөөдө класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучуларга - 22 жана 0,75, 0,5 жана 0,25 ставка менен иштешкен социалдык педагогдорго 26 саат окуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын;

"4-1. Жалпы билим берүүчү уюмдардагы жетекчилерге жана социалдык педагогдорго окутуу иштерине жараша, сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн төлөнөт";

- 2-тиркеменин эскертүүсүнүн 3-пункту "мектеп-интернаттарда" деген сөздөрдөн кийин, "жана балдар үйлөрүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Жалпы орто билимдүү окутуучунун ставкаларынын өлчөмүн аныктоодо кесиптик орто билимдүү окутуучунун ставкасынын өлчөмүнүн 0,7 коэффиценти колдонулат";

- 4-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Адистештирилген реабилитациялоочу топтордо иштешкен өндүрүштө окутуучу устаттардын кызматтык маяналары 25 пайызга көбөйтүлөт.";

- 14-тиркемеде:

I пункттун экинчи сабындагы "шеф-ашпозчу" деген сөз "методист" деген сөзгө алмаштырылсын;

II пунктта:

жетинчи саптагы "логопед" деген сөздөн кийин "стоматолог дарыгер, дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор" деген сөздөр менен толукталсын";

төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу сап менен толукталсын:

"

 

- тарбиячынын жардамчысы

3500

";

III пункттун 4-сабы "сүрөтчү" деген сөздөн кийин "жасалгалоочу сүрөтчү" деген сөздөр менен толукталсын;

IV пунктта:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сап менен толукталсын:

"

 

- дарыгер

5500

";

алтынчы саптагы "инспектор" деген сөз алып салынсын;

V пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сап менен толукталсын:

"

 

- дарыгер

5500

";

- 15-тиркемеде:

"Сурдокотормочу" деген сап "жаңсап окутуучу педагог, педиатр дарыгер" деген сөздөр менен толукталсын";

- "Окуу бөлүмүнүн катчысы" деген сап "кадр иштери боюнча инспектор, паспортчу, китепканачы" деген сөздөр менен толукталсын";

төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү:

1. Башталгыч кесиптик билим берүүчү кесиптик лицейлердин башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 20 пайыз өлчөмдө үстөк белгиленет.

150 орундан кем эмес туруктуу ашканасы бар башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 30 пайыз өлчөмдө үстөк белгиленет.

150 орундан кем эмес туруктуу ашканасы бар башталгыч кесиптик билим берүүчү "лицейлердин башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 30 пайыз өлчөмдө бир үстөк белгиленет;

2. Дене тарбия жана жаштарды аскерге чакырылганга чейинки даярдоо боюнча жетекчилердин кызматтык маянасына, эгер спорттук зал же спорттук аянтча бар болсо жыл ичинде 240 окуу сааты үчүн, спорттук зал же спорттук аянтча жок болсо жыл ичинде 360 окуу сааты үчүн акы кирет.

Сабактан тышкаркы дене тарбия-спорттук иштерге (спорттук ийримдерге сабак өтүү, массалык иш-чараларды өткөрүү) иш жүзүндө жумшалган убакыт боюнча төлөнөт.";

- 16-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270 "Билим-берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын;

"6. 1-мисал. Исираилова Эркеайым Бишкек шаарындагы N 69 орто мектепте класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу (0,75 ставкада) жана математика мугалими болуп иштейт.

Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 20 саатты түзөт:

- уруксат берилген жүктөм жумасына - 16 саат;

- сабакка даярдангандык үчүн - 16 саат х 2 саат : 20 саат = 1,6 саат = 2 саат;

- дептер текшергендиги үчүн 16 саат х 3 саат : 20 саат = 2,4 саат = 2 саат.

2-мисал. Прокушкин Анатолий Бишкек шаарындагы N 31-орто мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары (0,5 ставкада) жана орус тилинде окутуучу класста орус тил мугалими болуп иштейт.

Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 27 саатты түзөт:

- уруксат берилген жүктөм жумасына - 21 саат;

- сабакка даярдангандык үчүн - 21 саат х 2 саат : 20 саат = 21 саат = 2 саат;

- дептер текшергендиги үчүн - 18 саат х 4 саат : 20 саат = 4,2 саат = 4 саат.

3-мисал. Токтакунова Гүлнара Бишкек шаарындагы N 69 орто мектепте (0,25 ставкада) социалдык педагог жана химия мугалими болуп иштейт.

Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 29 саатты түзөт:

- уруксат берилген жүктөм жумасына - 25 саат;

- сабакка даярдангандык үчүн - 25 саат х 2 саат : 20 саат = 2,5 саат = 3 саат;

- дептер текшергендиги үчүн - 25 саат х 1 саат : 20 саат = 1,25 саат = 1 саат.

Жалпы билим берүүчү уюмдарда жетекчи жана 1 ставкада иштеген социалдык педагогдор үчүн уруксат берилген жүктөмдөр да ушундай эле эсептелет.

4-мисал. Нишарапов Алмаз Ат-Башы районундагы Молдалиев атындагы орто мектепте директордун орун басары жана физика мугалими болуп иштейт.

Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 29 саатты түзөт:

- уруксат берилген жүктөм жумасына - 12 саат;

- сабакка даярдангандык үчүн - 12 саат х 2 саат : 20 саат = 1,2 саат = 1 саат;

- дептер текшергендиги үчүн - 12 саат х 1 саат : 20 саат = 0,6 саат =1 саат";

5-главада:

5.1-бөлүгүндө:

биринчи абзацтагы "эсепке албаганда" деген сөздөр "эсепке алуу менен" деген сөзгө алмаштырылсын;

жыйырма жетинчи абзацы "география" деген сөздөн кийин, "тарых" деген сөз менен толукталсын;

жыйырма сегизинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эгерде мугалим жумасына 20 сааттан ашык же кем сабак өтүү иштерин жүргүзсө, анда дептер текшергенге короткон убактысы ошого пропорциялуу азайтылат же көбөйтүлөт.";

5,2-бөлүктүн биринчи абзацындагы "эсепке албаганда" деген сөздөр "эсепке алуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5.4-бөлүктө:

аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"5.4. Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби";

2-пунктта:

бешинчи абзацтагы "25", "36" деген сандар тиешесине жараша "31", "49" сандарына алмаштырылсын.

алтынчы абзацтагы "54", "45", "36" жана "1080" деген сандар тиешесине жараша "62", "52", "41" жана "1240" сандарына алмаштырылсын;"

он үчүнчү абзацтагы "1, 4, 7 жана 10" сандары тиешесине жараша "1, 4, 7, 10 жана 15" сандарына алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - он жетинчи абзацтар менен толукталсын;

"Жалпы билим берүүчү уюмдардагы ийримдердин жетекчилеринин жана сабактан тышкаркы дене тарбия мугалимдеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү (жумасына 20 саат сабак өтүүчү иш ставкасы үчүн) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы N 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.

Мында аларга сабакка даярдангандык, жазуу жана лабораториялык иштерди текшергендик үчүн окутуу ишине пропорциялуу сааттарга акы төлөнбөйт.

Мугалимдин окуучуларды үйүнө барып жекече окуткандыгы үчүн акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы N 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине ылайык, бир жумада I-IV класстарда - 6 саат, V класста - 8 саат, VI класста - 8,5 саат, VII-Х класстарда - 9 саат, XI класста - 10 саат сабак өткөн эсеп менен төлөнөт.

Мында аларга сабакка даярдангандык, жазуу жана лабораториялык иштерди текшергендик үчүн окутуу ишине пропорциялуу сааттарга акы төлөнөт.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы N 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 1-тиркемесинде:

2, 20, 38 жана 39-пункттары "Архивариус", "Иш кагаздарын жүргүзүүчү", "Лаборант", "Шеф-ашпозчу", "Ашпозчу" деген сөздөрдөн кийин "*" белгиси менен толукталсын;

эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- билим берүүчү уюмдардын "*" белгиси менен белгиленген техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы N 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.".

4. Кызматкерлердин эмгек акылары төмөнкүдөй белгиленсин:

- билим берүү уюмдарынын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтериялардан башка кызматкерлерине тийиштүү бюджеттерде "Билим берүү" бөлүмүндө каралган ассигнованиенин жана эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт;

- райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине 2011/2012-окуу жылындагы базистик окуу планына салыштырганда 2012/2013-окуу жылындагы базистик окуу планы боюнча жумалык жүктөмдүн азайышынан алынган үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен төлөнөт.

5. Бул токтом 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет.

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыккан керектүү уюштуруу чараларын көрсүн.

7. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 24-июнунда
N 373 токтомуна
тиркеме

 

 

 

"16-тиркеме.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

Кызмат орундун аталышы

Кызматтык маяна (сом менен)

Борборлоштурулган бухгалтериянын башкы бухгалтери, жыл ичиндеги бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттардын төмөндөгү өлчөмдөрүнө жараша:

 

- 50000,0 миң сомго чейин;

7900

- 50000,0 миңден 100000,0 миң сомго чейин;

8100

- 100000,0 миңден 200000,0 сомго чейин;

8300

- 200000,0 миң сомдон жогору

8500

Башкы бухгалтердин орун басары

7900

Топтун жетекчиси, башкы экономист

7500

Бухгалтер, экономист

7250

Бухгалтер-кассир

7100

".