Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 25-марты № 156

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жалпы билим берүү уюмдарынын штаттарын жөнгө салуу жана каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бардык типтеги жана аталыштагы жалпы билим берүү мектептеринин типтүү штаттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Каржылоонун ченемдик принцибине которулган жалпы билим берүү уюмдарынын административдик-чарбалык кызматкерлеринин штаттык санын түзүү окуучулардын санына, мектептердин тиби, окутуунун баскычтары, уюмдун жайгашкан жери боюнча бир окуучуга бюджеттик каржылоонун стандартына жараша эсептелип, бекитилген бюджеттин чектеринде жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Каржылоонун ченемдик принцибине которулган жалпы билим берүү уюмдарына төмөнкүлөргө укук берилсин:

- өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу штаттык ырааттаманы өз алдынча түзүүгө;

- штаттык ырааттамага типтүү штаттарда каралган кызматтардын ордуна жалпы эмгек акы төлөө фондунун чектеринде башка кызмат орундарын киргизүүгө;

- жалпы билим берүү уюмдарынын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруунун жана класстарды натыйжалуу комплекттөөнүн жыйынтыгында бошотулган каражаттарды жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлерин эмгекке шыктандырууга багыттоого.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Дж.Оторбаев

 

Тиркеме

"Жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу
ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ

Кызмат орундарынын аталыштары

Окуучулардын санына жараша штаттык бирдиктердин саны

100 чейин

101-225

226-275

276-450

451-550

551-775

776-990

991-1999

2000-2500

2500 ашык

Директор

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

Окутуу, окутуу-тарбия берүү иштери боюнча директордун орун басары

-

0,5

0,5

0,75

1

1

1,5

2

2,5

3

Чарба иштери боюнча директордун орун басары (чарба башчысы)

-

-

-

1

1

1

1

1

1

1

Бухгалтер (борборлоштурулган бухгалтерия тарабынан тейленбеген мектептерде)

-

-

0,5

0,5

0,75

1,0

1,25

1,5

1,5

1,5

Балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу

-

0,25

0,25

0,5

0,75

1,0

1,25

1,25

1,25

1,25

Лаборант

-

-

0,25

0,25

0,5

1,0

1,5

1,5

2,0

2,0

Китепканачы

-

-

-

1,0

1,0

1,0

1,0

1,0

1,0

1,0

Социалдык педагог

-

0,25

0,25

0,5

0,75

1,0

1,25

1,25

1,5

1,5

Катчы

-

-

-

-

1

1

1

1

1

1

Имаратты, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана учурдагы оңдоо иштери боюнча кызматкер (электрик, сантехник ж.б.)

-

-

-

0,5

0,5

1,0

1,5

1,5

1,5

1,5

Эскертүү:

1. Чарба иштери боюнча директордун орун басарынын кызмат орду от казан же мектеп интернаты болгон учурда киргизилет, калган башка учурларда чарба башчысынын кызмат орду киргизилет.

2. Бухгалтердин кызмат орду өз алдынча эсеп жүргүзгөн жалпы билим берүү мектептеринде киргизилет. Эгерде мектепте коммерциялык иштерден жана акы төлөмө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн киреше бар болсо, анда мектептин бухгалтеринин кызмат орду ушул иштин эсебинен киргизилиши мүмкүн.

3. Лаборанттын кызмат орду 7-9, 10-11-класстардагы жабдылган лабораториялар бар болгон учурда киргизилет (же мектеп кызматкеринин бирине кошумча акы төлөнөт).

4. Катуу отундун негизинде иштеген өзүнүн от казаны бар мектептерде жылытуу мезгилине нөөмөт менен 1 жумушчу-кочегардын кызмат орду киргизилет, газ менен иштеген от казанда автоматикасы бар болсо нөөмөт менен 1 жумушчу-оператордун кызмат орду, ал эми автоматикасы жок болсо нөөмөт менен 2 штаттык бирдик киргизилет.

Электрдин негизинде иштеген от казандарда жылытуу мезгилине нөөмөт менен бир штаттык бирдик эсебинде жумушчу-оператордун кызмат орду киргизилет. Жылытуусу борборлоштурулган болсо (туруктуу нөөмөттү талап кылган бойлер түзүлүштөрү, жылытуу пункттары болгон учурда) жылытуу мезгилине нөөмөт менен бир штаттык бирдик эсебинде жумушчу-кезметчинин кызмат орду киргизилет. От казандардагы жумушчулардын жалпы санынан бир штаттык бирдик жыл бою киргизилет. Меш менен жылытылган мектептерде 10 мешке бир штаттык бирдик, бирок мектепке 0,5 бирдиктен кем эмес эсебинде от жаккычтын кызмат орду киргизилет.

5. Кызматтык жайларды тазалоо үчүн жумушчунун, короо тазалагычтын кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык киргизилет.

6. Мектептеги кароолчунун кызмат орду окутуу процессинин убактысын кемитүү менен нөөмөтүнө 1 бирдик эсебинде дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну көңүлгө алуу менен киргизилет.

7. Мектептердин сметаларында төмөнкүлөр каралат:

- дене тарбия боюнча класстан тышкаркы иштерге 300 окуучуга чейин - 0,25 ставка, 301ден 400 окуучуга чейин - 0,5 ставка, 401ден 500 окуучуга чейин - 0,75 ставка, 501ден 600 окуучуга чейин - 1,0 ставка, 601 жана андан ашык окуучуга чейин - 1,25 ставка, 1001 жана андан ашык окуучуга чейин - 2 ставка; 2001 жана андан ашык окуучуга чейин - 2,5 ставка; 2501 жана андан ашык окуучуга - 3 ставка эсебинде кошумча акы төлөнөт;

кружоктордун жетекчилерине 300 окуучуга чейин - 0,25 ставка, 301ден 400 окуучуга чейин - 0,5 ставка, 401ден 500 окуучуга чейин - 0,75 ставка, 501ден 600 окуучуга чейин - 1,0 ставка, 601 жана андан ашык окуучуга чейин - 1,25 ставка, 1001 жана андан ашык окуучуга чейин - 2 ставка; 2001 жана андан ашык окуучуга чейин - 2,5 ставка; 2501 жана андан ашык окуучуга чейин - 3 ставка эсебинде эмгек акы төлөнөт.

8. Мектеп-лицейлердин 8-11-класстарынын жана мектеп-гимназиялардын 5-11-класстарынын сметаларында, тийиштүү шарттар камсыздалган жана санитардык-гигиеналык талаптар сакталган учурда ар бир комплект класска кружокторду, клубдарды, студияларды, бирикмелерди уюштуруу үчүн мугалимдин бир ставкасынан ашык эмес жана лицейдик класстардагы айрым лекцияларга, циклдерге, курстарга жогорку квалификациясы бар адистер менен түзүлгөн келишимдин негизинде - мугалимдин 0,5 ставкасынан ашык эмес кошумча акы бөлүнөт.

9. Күндүзгү мамлекеттик мектептердин алдындагы айрым кечки класстардын же кечки (нөөмөттүк) билим берүү мектептеринин штаттары акы төлөмө негизде бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен камсыздалат.

10. Акы төлөмө негизде ыктыярдуу билим берүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү берген жалпы билим берүү мектептериндеги педагогикалык кызматкерлердин, окутуу-көмөкчү, чарба жана тейлөө персоналынын кошумча штаттары болгон бюджеттик эмес каражаттардын чектеринде белгиленет.

11. Жалпы билим берүү мектептериндеги интернатта кошумча төмөнкү кызмат орундары каралат:

- ашпоз:

50 окуучу болгон учурда - 1 штаттык бирдик;

100 жана андан ашык окуучу болгон учурда - 2 штаттык бирдик;

- кызматтык жайларды тазалоо үчүн жумушчу - 1 штаттык бирдик.

Жардамчы тарбиячынын кызмат орду дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну көңүлгө алуу менен 1,5 штаттык бирдик эсебинде киргизилет; тарбиячылардын кызмат орундары ар бир 30 окуучуга карата 1,8 штаттык бирдик эсебинде, интернатка дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну көңүлгө алуу менен 2,4 штаттык бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.

Интернаттын башчысы жок болгон учурда интернатты башкаруу үчүн 1500 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөө каралат.

12. Жалпы билим берүү мектептериндеги ашкана жумушчусунун кызмат орду 1-4-класстардагы окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн 100 окуучуга чейин - 0,5 штаттык бирдик, кийинки ар бир 50 окуучуга - 0,25 штаттык бирдик киргизилет.".