Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 4-июлу N 492 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-июлу N 492
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-февралындагы N 87 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-жылдын 1-январынан баштап негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, ошондой эле башка кызматкерлердин, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарында иштегендердин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан:
- илим докторлоруна - 600 сом өлчөмүндө;
- илим кандидаттарына - 300 сом өлчөмүндө ай сайын төлөнүүчү үстөк белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы N 87 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көрсөтүлгөн төлөмдөр бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, чарбалык эсептеги уюмдарда - өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-мартындагы N 161 "Илимий, илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана профессордук-окутуучулук курамдын илимий даражасы үчүн эмгек акыларына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов