Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1999-жылдын 26-июлу N 408 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1999-жылдын 26-июлу N 408

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Эмгек акыга кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн тизмесин

бекитүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн

2006-жылдын 22-мартындагы N 179,

2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин "Эмгекке акы төлөө" деген 152-статья ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы N 179 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Эмгек акыга кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн тиркелген тизмеси бекитилсин.

2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

3. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тизменин колдонулушу боюнча зарыл түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр А.Муралиев