Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Бишкек шаары 2011-жылдын 31-майы N 270 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары

2011-жылдын 31-майы N 270

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин

эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө

нускаманы бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы N 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилгенине байланыштуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, материалдык шыктандыруу жана шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.

2. 2011-жылдын 1-сентябрына чейин жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин окутуучу (педагогикалык) ишинин 2010-2011-окуу жылынын башталышына карата бөлүштүрүлгөн көлөмү сакталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер үчүн иштин салмагынын уруксат берилчү өлчөмү азайтылганына байланыштуу 2011-2012-окуу жылы башталганга чейин жалпы билим берүүчү мектептерди педагог кадрлар менен толук көлөмдө камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы N 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"4. Жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы уюмдардын, балдар үйлөрүнүн, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын директорлоруна жумасына 6 сааттан ашык эмес, директордун орун басарларына, балдар менен мектептен тышкаркы жана класстан тышкаркы ишти уюштуруучуларына жумасына 9 сааттан ашык эмес; кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда ушул эле кызматтагыларга - тиешесине жараша жылына 240 жана 360 саат окутуучулук иш жүргүзүүгө уруксат берилсин.

Айыл жеринде тийиштүү сабактардын мугалимдери жана окутуучулары жок болсо, ар бир учурда билим берүүнү башкаруучу тийиштүү органдын уруксаты менен жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы уюмдардын, балдар үйлөрүнүн, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын директоруна жумасына 9 сааттан ашык эмес, директордун орун басарларына - балдар менен мектептен тышкаркы жана класстан тышкаркы ишти уюштуруучуларына жумасына 12 сааттан ашык эмес; кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда ушул эле кызматтагыларга - тиешесине жараша жылына 360 жана 480 саат окутуучулук иш жүргүзүүгө уруксат берилсин.";

- 5-пунктта:

- биринчи абзацта "Билим берүү уюмдарында" деген сөздөр "Жалпы билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып - кызматкерлердин жалпы эмгек акы фондунун 20 пайызына чейин өлчөмдө, анын ичинде 10 пайызга чейини жалпы билим берүүчү уюмдардын структурасын жана тармактарын, окуу пландарын, программаларын оптималдаштыруунун натыйжасында бошогон каражаттардын эсебинен.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 5.1-пункт менен толукталсын:

"5.1. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим берүү уюмдарындагы кызмат орундардын аталыштарын ушул токтом менен аныкталган кызмат орундардын аталыштарына ылайык келтиришсин.";

- 8-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 9 жана 10-пункттар иретине жараша 8 жана 9-пункттар деп эсептелсин;

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жана билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.";

- 1-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Интернат мектептерде жана жалпы типтеги интернаттарда мугалимдин окутуучу, даярдоочу, сабактан тышкаркы жана адистигин жогорулатуу иши боюнча бир саат үчүн акы 10%га жогорулатылат";

- 3-тиркемеде бүткүл текст боюнча тийиштүү жөндөмөдөгү "ийримдин жетекчиси" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "окутуучу" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 4-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Адистештирилген реабилитациялык топтордо (ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген балдар, кароосуз калган балдар) жана түзөтүү мекемелериндеги балдар менен иштөөдө өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналары 6 адам менен толукталган окуу топторундагы иш үчүн белгиленет.";

- 5-тиркеме "Төмөнкүлөргө ээ окутуучу" деген саптан кийин төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:

"

┌──┬────────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐

│  │- кесиптик орто билимге;                        │      5000       │

└──┴────────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘

".

- 6-тиркеменин таблицасы "Окутуучу" деген сөздөн кийин ", ассистент" деген сөз менен толукталсын, 5-пункттагы "ассистент" деген сөз "ассистент-стажер" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 6-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын жана Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын дисциплиналар боюнча профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарын аныктоодо тийиштүү кызмат орун боюнча профессордук-окутуучулук кызматтык маяналарга карата 1,8 коэффициент колдонулат.

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын клиникалык иш жүргүзгөн профессордук-окутуучулук курамына кызматтык маяна 25%га жогорулатылат.

4. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ассистент-стажерунун кызматтык маянасы 5500 сом өлчөмдө белгиленет.";

- 7-тиркеменин 3-эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Директордун жана директордун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын кызматтык маяналары:

- интернат мектептерде (атайын интернат мектептерден башкаларында) жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлорунун, директордун орун басарларынын жана класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын кызматтык маяналарынан 10%га жогору белгиленет;

- балдар үйлөрүндө, атайын мектептерде жана атайын интернат мектептерде тийиштүү жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлорунун, директордун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын кызматтык маяналарынан 25%га жогору белгиленет.";

- 9-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган балдардын контингенти эске алынат.

2. Балдардын музыкалык мектептеринде алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо окуган балдардын контингенти 10 коэффициент менен эске алынат.";

- 10-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган балдардын контингенти эске алынат.

2. Жалпы орто жана кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программаларын ишке ашыруучу баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлорунун, директордун орун басарларынын кызматтык маяналары баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын директорлорунун жана директордун орун басарларынын кызматтык маяналарынан 10%га жогору белгиленет.";

- 11-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган студенттердин контингенти эске алынат.

2. Кесиптик орто билим берүүчү маданият жана искусство окуу жайларында алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо студенттердин контингенти 5 коэффициент менен эске алынат.";

- 12-тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эскертүү:

1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган студенттердин контингенти эске алынат.

2. Кесиптик жогорку билим берүүчү маданият жана искусство окуу жайларында алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо студенттердин контингенти 5 коэффициент менен эске алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын жана Кыргыз улуттук консерваториясынын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо кесиптик жогорку билим берүүчү уюмдардын тийиштүү жетекчилеринин кызматтык маяналарынын 1,8 коэффициенти колдонулат.";

- 14-тиркеме ушул токтомго тиркелген редакцияда баяндалсын;

- 17- жана 18-тиркемелер менен толукталсын.

5. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан баштап күчүнө кирет.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

 

 

14-тиркеме

 

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин

айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

 

┌────┬──────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐

│ N  │Билим берүү уюмдарынын, кызмат орундарынын аталышы│   Айлык     │

│    │                                                  │  кызматтык  │

│    │                                                  │  маяна, сом │

│    │                                                  │    менен    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│I   │Мектепке чейинки билим берүү уюмдары              │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- дефектолог, психолог, психиатр, сурдолог,       │     5000    │

│    │логопед, музыкалык кызматкер, шеф-ашпозчу         │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бухгалтер                                       │     4750    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- лаборант, ашпозчу, медициналык айым             │     4500    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- тарбиячынын жардамчысы                          │     3500    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│II  │Жалпы билим берүүчү уюмдар (мектептер жана бардык │             │

│    │типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар, балдар│             │

│    │үйлөрү)                                           │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │Башкы бухгалтер, мектептеги окуучулардын          │             │

│    │контингенти:                                      │             │

│    │- 100гө чейин;                                    │     4400    │

│    │- 100дөн 880ге чейин;                             │     5000    │

│    │- 880дөн 1360ка чейин;                            │     5200    │

│    │- 1360тан ашык                                    │     5400    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн│     4500    │

│    │бухгалтери                                        │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн│     4300    │

│    │бухгалтер-кассири                                 │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │Мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн башкы       │             │

│    │бухгалтери, тарбиялануучулардын контингенти:      │             │

│    │- 100гө чейин;                                    │     5000    │

│    │- 100дөн 200гө чейин;                             │     5200    │

│    │- 200дөн ашык                                     │     5400    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- социалдык педагог, психолог, врач               │     5500    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- музыкалык жетекчи, аскер жетекчиси,(*)          │     5000    │

│    │китепканачы, библиограф, дефектолог, психолог,    │             │

│    │психиатр, сурдолог, логопед, шеф-ашпозчу          │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- лаборант, медайым, ийримдин жетекчиси, класстан │     4500    │

│    │тышкаркы дене тарбия боюнча жетекчи, ашпозчу      │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│III │Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары            │             │

│    │Башкы бухгалтер, окуучулардын контингенти:        │             │

│    │- 280ге чейин;                                    │     4400    │

│    │- 280ден 640ка чейин;                             │     4800    │

│    │- 640тан 1000ге чейин;                            │     5100    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- 1000ден ашык                                    │     5400    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бөлүм башчы, окуу бөлүгүнүн башчысы,            │     5400    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- методист, педагог-уюштуруучу, сүрөтчү,          │     5000    │

│    │уюштуруучу                                        │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бухгалтер                                       │     4750    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- ансамблдин көркөм жетекчиси, хормейстер,        │     5000    │

│    │балетмейстер, дирижер, концертмейстер,            │             │

│    │китепканачы, врач                                 │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│IV  │Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдары   │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бөлүмдүн, китепкананын башчысы; дене тарбиянын, │     5400    │

│    │өндүрүштүк практиканын жетекчиси, аскер жетекчиси,│             │

│    │лаборатория башчысы                               │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │Башкы бухгалтер, студенттердин контингенти        │             │

│    │- 280ге чейин;                                    │     4800    │

│    │- 280ден 640ка чейин;                             │     5000    │

│    │- 640тан 1000ге чейин;                            │     5200    │

│    │- 1000ден ашык                                    │     5400    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- улук лаборант, инженер, программист, адис,      │     5000    │

│    │инспектор                                         │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бухгалтер, экономист, юрист                     │     4750    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бухгалтер-кассир, инспектор, тарбиячы           │     4600    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- лаборант                                        │     4500    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- окуу устаты, китепканачы, комендант             │     4300    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү            │     4000    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│V   │Жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдары│             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- башкы бухгалтер, студенттердин контингенти:     │             │

│    │- 280ге чейин;                                    │     5400    │

│    │- 280ден 640ка чейин;                             │     5600    │

│    │- 640тан 1000ге чейин;                            │     5800    │

│    │- 1000ден ашык                                    │     6000    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- окуу, пландоо-финансылык, редакциялык-басма,    │             │

│    │маалыматтык бөлүмдөрдүн начальниги, башкы инженер,│             │

│    │башкы бухгалтердин орун басары, студенттердин     │             │

│    │контингенти:                                      │             │

│    │- 280ге чейин;                                    │     4900    │

│    │- 280ден 640ка чейин;                             │     5100    │

│    │- 640тан 1000ге чейин:                            │     5300    │

│    │- 1000ден ашык.                                   │     5500    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- окумуштуу секретарь, докторантуранын жана       │     5200    │

│    │аспирантуранын башчысы, лабораториянын жана башка │             │

│    │бөлүмдөрдүн башчысы, сектор башчы, китепкананын,  │             │

│    │музейдин, директору, өндүрүштүк практиканын       │             │

│    │жетекчиси, башкы адис, башкы илимий кызматкер     │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- жетектөөчү адис, жетектөөчү илимий кызматкер,   │     5000    │

│    │жетектөөчү концертмейстер, юрист, улук экономист, │             │

│    │бухгалтер, инженер-программист, улук лаборант,    │             │

│    │башкы китепканачы, башкы библиограф               │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- улук адис, методист, бухгалтер-кассир, улук     │     4700    │

│    │инспектор, улук китепканачы, концертмейстер,      │             │

│    │экономист, реставратор, улук илимий кызматкер,    │             │

│    │улук китепканачы                                  │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- ректордун жардамчысы, китепканачы, окуу устаты, │     4500    │

│    │комендант, адис, лаборант, сүрөтчү, тарбиячы, улук│             │

│    │архивариус, жогорку билимдүү иллюстратор, жогорку │             │

│    │билимдүү инженер                                  │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- инспектор, статист-талдоочу, диспетчер,         │     4000    │

│    │архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү,             │             │

│    │секретарь-референт, кесиптик орто билими бар      │             │

│    │иллюстратор                                       │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│VI  │Кыргыз билим берүү академиясы                     │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- борбордун директору                             │     6000    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- окумуштуу секретарь, башкы инженер,             │     5700    │

│    │лабораториянын башчысы                            │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- башкы бухгалтер                                 │     5400    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бөлүм башчы, бөлүмдүн, китепкананын,            │     5000    │

│    │канцеляриянын башчысы, башкы бухгалтердин орун    │             │

│    │басары, башкы адис, башкы илимий кызматкер        │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бухгалтер, экономист, юрист, жетектөөчү адис,   │     4750    │

│    │жетектөөчү китепканачы, методист, редактор,       │             │

│    │инженер-программист, жетектөөчү илимий кызматкер, │             │

│    │улук лаборант                                     │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- улук инспектор, инженер, бухгалтер-кассир, улук │     4600    │

│    │илимий кызматкер                                  │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- комендант, илимий кызматкер, лаборант           │     4500    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│VII │Облустук билим берүү институттары, билим берүүнүн │             │

│    │облустук окуу-усулдук борборлору                  │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- башкы бухгалтер                                 │     5200    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- бөлүмдүн, кабинеттин башчысы, башкы адис        │     4900    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- жетектөөчү адис, методист, бухгалтер, китепкана │     4750    │

│    │башчысы                                           │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- комендант, адис, китепканачы                    │     4300    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│VIII│Психологиялык-медициналык-педагогикалык           │             │

│    │консультация                                      │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- башчы                                           │     5500    │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- психолог, олигофренопедагог, сурдопедагог,      │     5000    │

│    │логопед, психиатр, невропатолог, офтальмолог      │             │

├────┼──────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤

│    │- лаборант                                        │     4500    │

└────┴──────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘

Эскертүү:

1. Башталгыч мектептеги китепкана иши үчүн айына 500 сом өлчөмдө, 13кө чейинки класс-комплекттер бар толук эмес орто мектепте - айына 1000 сом өлчөмдө кошумча төлөм киргизилет.

2. Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине кабинетке башчылык кылуу, класс жетекчилик, циклдик комиссияга жетекчилик үчүн жана окуу жылында 720 сааты окуу жүгү менен дептер текшерүүгө айына 50 сом өлчөмүндө кошумча төлөм киргизилет.

Эгерде окутуучунун окуу жылында ушул тиркеменин биринчи сүйлөмүндө белгиленгенден башка көбүрөөк же азыраак окуу жүгү бар болсо, анда дептер текшерүү үчүн кошумча төлөм тийиштүү түрдө көбөйөт же азаят.

(*) Аскер жетекчилеринин кызматтык маяналарына мектептерде жумасына 12 саат окутуу (педагогикалык) иш үчүн жана педагогикалык жана маданий-агартуу окуу жайларында жылына 480 саат педагогикалык иш үчүн төлөм киргизилген. Бул педагогикалык ишке 9-10 (11)-класстарда баштапкы аскердик даярдык, жарандык коргонуу боюнча окутуу (анын ичинде факультативдик) сабактарын өткөрүү жана окуучулар (уландар) менен тактикалык сабактарды өтүү кирет.

Мындан тышкары, аскер жетекчисинин милдетине баштапкы аскердик даярдык боюнча класстан тышкаркы сабактар, окуучулар менен уюштуруу жана аскердик-атуулдук иш, ошондой эле аскер ишинин негиздери боюнча ийримдерди жетектөө боюнча милдеттерди аткаруу жана аскер кабинетине башчылык кылуу (кошумча төлөмсүз) киргизилет.

Эгерде окуу жайда жогоруда көрсөтүлгөн ченемде жүк камсыз кылынбаса же аскер жетекчиси аскердик-техникалык даярдык жана санитардык иш боюнча сабактарды өтө албаса, ага толук кызматтык маяна төлөнөт.

Аскер жетекчилери тарабынан жумасына 12 сааттан ашык аткарылган окуу (педагогикалык) иши (жылына 480 сааттан ашык) мугалимдер жана окутуучулар үчүн белгиленген ставка боюнча жана тартипте кошумча төлөнөт. Мында кошумча акы төлөнүүчү окутуучу (педагогикалык) иш мектептерде жумасына 12 сааттан, педагогикалык жана маданий-агартуу окуу жайларында жылына 480 сааттан ашпашы керек. Кызматтык маянадан 0,5 алган аскер жетекчилери аткарган, жумасына алты сааттан ашык (240 сааттан ашык), бирок жумасына 18 сааттан ашык эмес педагогикалык ишке кошумча төлөнөт.

 

17-тиркеме

 

Шаардык жана райондук окуу-усулдук

кабинеттердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

┌────────────────────────────┬────────────────────────────────────────┐

│                            │     Айлык кызматтык маяна, сом менен   │

│                            ├────────────────────┬───────────────────┤

│                            │   Бишкек жана Ош   │ Шаардык (Бишкектен│

│                            │шаардык окуу-усулдук│  жана Оштон башка)│

│                            │     кабинеттер     │    жана райондук  │

│                            │                    │    окуу-усулдук   │

│                            │                    │     кабинеттер    │

├────────────────────────────┼────────────────────┼───────────────────┤

│Башчы                       │         6500       │        6000       │

├────────────────────────────┼────────────────────┼───────────────────┤

│Методисттер                 │         5000       │        5000       │

└────────────────────────────┴────────────────────┴───────────────────┘

Эскертүү:

Шаардык жана райондук окуу-усулдук кабинеттердин методисттеринин кызмат ордуна жогорку билимдүү жана 5 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар педагогикалык кызматкерлер дайындалат.

 

18-тиркеме

 

Окуу китептерди басып чыгаруу боюнча

борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│                  Айлык кызматтык маяна, сом менен                   │

├──────────────────────────────────────────────────┬──────────────────┤

│Борбордун директору                               │       6000       │

├──────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤

│Башкы редактор                                    │       5500       │

├──────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤

│Бухгалтер                                         │       4750       │

├──────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤

│Башкы адис, бөлүм башчы                           │       4700       │

├──────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤

│Жетектөөчү адис, инженер-программист, программист │       4600       │

├──────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤

│Кадрлар боюнча инспектор, сүрөтчү, корректор      │       4500       │

├──────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤

│Техник-оператор                                   │       4500       │

└──────────────────────────────────────────────────┴──────────────────┘