Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Бишкек шаары 2011-жылдын 25-майы N 240 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары

2011-жылдын 25-майы N 240

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын

кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген

ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө

 

Караныз:

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы N 507 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы N 240 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө" токтомуна чечмелөө (түшүндүрмө) тууралуу" токтому

 

Социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлерине ай сайынкы үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

- "Эл" деген ардак наам үчүн - 5000 сом;

- "Эмгек сиңирген" деген ардак наам үчүн - 2500 сом.

"Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардак наамдар үчүн үстөк эмгек акынын курамына кирет, айлык орточо эмгек акынын эсебине киргизилет. Үстөк акы негизги иштеген жери боюнча, ставкасынын өлчөмүнө карабастан толук өлчөмдө төлөнөт.

Кызматкердин эки жана андан көп ардак наамдары болсо, үстөк акы кызматкердин каалоосу боюнча алардын бирөө үчүн гана төлөнөт. Ардак наам календарлык айдын ичинде берилгенде үстөк акы андан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып белгиленет.

2. Бул токтом "СССРдин эл жазуучусу", "СССРдин эл акыны", "СССРдин эл сүрөтчүсү", "СССРдин эл артисти", "СССРдин эл мугалими" деген наамы бар адамдарга колдонуулары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы N 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы N 31 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы N 574 "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому.

5. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жана билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев