Ш.Токсонов атындагы орто мектеби облустук “Жылдын мыкты айылдык мектеби-2018” кароо-сынагынын жеңүүчүсү
Баткенде Баткен облустук билим берүү усулдук борбору тарабынан Баткен облусунун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептер арасында жыл сайын өткөрүлүүчү “Мыкты мектеп-2018”, “Мыкты балдар бакчасы -2018” кароо-сынагынын облустук туру болуп өттү.
14.06.2018 901 Кесиптик бирлик региондордоЭл аралык балдарды коргоо күнүнө карата марафон өттү
2008-жылдын 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Баткен районунун Самаркандек айылындагы “Бала нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Менин бакчам – гүл бакчам” аттуу марафон болуп өттү. Марафон тарбиялануучу балдар тарабынан даярдалган оюн-зоок менен коштолду.
14.06.2018 661 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата өткөрүлгөн иш чара.
Мугалимдердин жана бала бакчанын тарбиячыларынын иштөө шарттарын жакшыртуу, керектүү нерселер менен бүгүнкү талапка ылайык камсыз кылуу максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жакшы иш алып барууда.
14.06.2018 1053 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин Чаткал райондук кесиптик бирлиги үчүн 2017-2018-окуу жылы жемиштүү аяктады.
Бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев окуу жылы ичинде райондогу мектеп жана бала бакчалардагы райондук деңгээлдеги ар бир иш чарага катышып, өзү да кесиптик бирлик тарабынан бир топ иш чараларды каржылап берди. Жыл соңунда, 12-июнь күнү райондогу мектеп жана бала бакчалардын кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.
13.06.2018 808 Кесиптик бирлик региондордоКара-Көлдө балдардын “Биздин балдар-планетанын келечеги” деген парады болду
Кара-Көл шаарында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата "Биздин балдар – планетанын келечеги" аттуу тематикалык балдардын парады болду. Бул саамалыкты шаар мэрии Еркеев Ильяс Марсович ачып берди. Балдарга мэрдин атынан майрамдык белектерди жана ар бир балага бал муздак таркатылды.
13.06.2018 1114 Кесиптик бирлик региондордоЖайкы эс алууну уюштурунун иш-чаралары бекитилди.
2018-жылдын 8-июнунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болду.
13.06.2018 652 Кесиптик бирлик региондордоПанфилов РББКПК семинары
Панфилов райондук Билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитети тарабынан 8–июнь 2018–жылы Кожомкулов атындагы орто мектебинин базасында баштапкы профсоюз уюмдарына арналган “Баштапкы профсоюз уюмдарынын негизги иш кагаздары” темасындагы семинары болуп өтту.
11.06.2018 654 Кесиптик бирлик региондордо“Балдардын жайкы эс алуусу -2018”
Тогуз-Торо районунда балдардын жайкы эс алуусун көнүлдү өткөрүү максатында райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун астында жайкы лагер уюштурулуп. 6-июнь күнү лагердин салтанаттуу ачылышы болду.
11.06.2018 886 Кесиптик бирлик региондордоСпорттук мелдеш өттү
Жакында жыл сайын уюштурулуп келген саамалыкта 28-май күнү Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында “2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата “ Биз сергек жашоо үчүн” деген аталыштагы спорттук иш чара өткөрүлдү. Ал иш чара мектептин профкому Абакирова С. жана физкультура мугалими Ж. Сатаралиевдин демилгеси менен уюштурулду.
08.06.2018 802 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абад Обллусунун Ала-Бука районунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү.
Жалал-Абад Обллусунун Ала-Бука районунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү. №1 «Күнчубак» мектепке чейинки билим берүү уюмунда 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата ”Күн нурунан жаралган биз бактылуу балдарбыз” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
08.06.2018 869 Кесиптик бирлик региондордоМы говорим «СТОП!»
Студенты КГУСТА им.Н.Исанова приняли активное участие на мероприятии под лозунгом «Биз, жаштар – кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!» (Мы, молодежь, против похищения девушек и ранних браков) организованное организацией Enactus Кыргызстан при поддержке Министерства образования и науки КР и Гос агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта.
08.06.2018 977 Социалдык өнөктөштүк