Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Мугалимдер арасында мелдеш

Мугалимдер арасында мелдеш

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата №4 Акпаралиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында мелдеш болуп өттү . Мугалимдер өздөрүнүн шамдагайлыгын спорттун ким биринчи эстафетасында көрсөтүштү. Улуттук аркан тартышуу оюнунда командалар ыкчамдыгын күчтүүлүгүн билдирген жеӊүүчү болду. Спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш күйөрмандардын кызыгуусун арттырды. Спорттун үч

 04.12.2018      556       Кесиптик бирлик региондордо

Сүлүктүдө “Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө” карата спорттук иш чара уюштурулду

Сүлүктүдө “Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө” карата спорттук иш чара уюштурулду

Сүлүктү шаарыбызда 2018-жылдын 29-ноябрь күнү мерия тарабынан уюштурулган жаштар күнүнө жана С.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешке шаардык жалпы билим берүү мекемелеринен 10 команда катышып жыйынтыгында куунак старт мелдешинде И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин окуучулары: 1-орунду ээледи. Аркан тартышуу оюну боюнча эркек балдар командасы: 1-орунду, кыздар командасы: 3-орунду ээледи. Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети

 04.12.2018      737       Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы профсоюздук уюмдарынын жетекчилери үчүн семинар

Баштапкы профсоюздук уюмдарынын жетекчилери үчүн семинар

30-ноябрь күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитети менен Таш-Көмүр шаардык комитети менен бирдикте облустук семинар (облустук профсоюздук борбордун уюштуруусу менен) №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектептин базасында өткөрүлдү. Семинар « Баштапкы профсоюздук уюмдардын иштерин уюштуруу» темасында өткөрүлүп, ага шаардын мектептеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кошуна Аксы районундагы баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери чакырылды.

 03.12.2018      641       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин кошмо Кеңешмеси

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин кошмо Кеңешмеси

Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгына караштуу Исфана орто мектебинде 2018-жылдын 28-ноябрь күнү Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин кошмо Кеңешмеси өтүп, кеңешмеге райондук бөлүмгө караштуу мектептердин директорлору, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышты. Кеңешменин жүрүшүндө райондун айрым мектеп, бала бакчаларынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү талкууланып, билим берүү мекемелеринин кышка болгон даярдыктары тууралуу маселелер каралды.

 03.12.2018      567       Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул жергесинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы

               Токтогул жергесинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 «Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыгы чыккан. Мына ушуга ылайык, жер жерлерде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата кыргыз элинин тилин, тарыхын, маданиятын даңазалоо жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, окуучуларды чыгармалары менен терең тааныштыруу, руханий байлык алуу максатында ар кандай иш чаралар уюштурулуп, өтүп жатат.

 03.12.2018      911       Кесиптик бирлик региондордо

“Ысык-Ата районунда башталгыч класстын окуучуларына ысык-тамак уюштурулууда”

“Ысык-Ата районунда  башталгыч класстын окуучуларына ысык-тамак уюштурулууда”

2015-жылдан бери бүгүнкү кунгө чейин - БДАТП (Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы) тарабынан – 8 мектеп, ал эми МерсиКо долбоору тарабынан 13 мектептин окуучуларына ысык тамак берилүүдө. Долбоорго кирген мектептердин ашканасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп түзөө иштери жасалды.

 03.12.2018      634       Маалыматтык бюллетень

Облус жетекчиси У.Жылкыбаев ОГПИде иш сапары менен болду

Облус жетекчиси У.Жылкыбаев ОГПИде иш сапары менен болду

2018 жылдын 30 – ноябрында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп, анда институттун окуу имараттары менен таанышып чыгып, студенттер менен жолугушту. Мында облус жетекчиси окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу кааналар, предметтик лабораториялар, борборлор, китепканалар, электрондук окуу процессинин журүшү жана ОГПИнин тарых музейи менен жакындан таанышып чыгып, андан соң окуу жайдын чоң залында студенттер менен жолугушту. Жолугушууда У.Жылкыбаев алгач

 03.12.2018      570       Кесиптик бирлик региондордо

Театр ааламын кеңейткен Айтматов

Театр ааламын кеңейткен Айтматов

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун туулган күнүн утурлай жазуучунун өмүр-чыгармачылыгы боюнча студенттердин кол өнөрчүлүк көргөзмө сынагы жана сахналык көрүнүштөрдүн таймашы болуп өттү. Иш чара улуу жазуучунун чыгармачылык ааламын жаштарга жайылтуу жана студенттер ортосунда китеп окуу маданиятын дагы да жакшыртуу максатында Математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулду. Аталган мелдеш

 30.11.2018      603       Кесиптик бирлик региондордо

Биз ВИЧ, СПИДке каршыбыз!

Биз ВИЧ, СПИДке каршыбыз!

28-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата “Биз СПИДке каршыбыз!” деген аталышта талкуу болуп өттү. Иш чара Музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана психология кафедрасынын доценти Б.Абдулахамидова тарабынан, окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда уюштурулду. Талкууда алгач студенттер тайпа-тайпа менен иш алып барышып, “Биз СПИДке каршыбыз!” деген чакырыктын негизинде ВИЧ, СПИД боюнча кызыктуу баяндамаларды жасап өтүштү. Андан соң видео-роликтин коштоосунда катышуучуларга аталган дарттын келип чыгуусу, түрлөрү, белгилери тууралуу кеңири маалыматтар жана түшүндүрмөлөр берилди.

 30.11.2018      1004       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык, укуктук таламдарын коргоодо жамааттык келишимдердин орду жана ролу

Билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык, укуктук таламдарын коргоодо жамааттык келишимдердин орду жана ролу

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2018-жылдагы иш планын декабрь айындагы президиумунда каралуучу «Баткен райондук жана Баткен шаардык профсоюз комитеттеринин билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык, укукттук таламдарын коргоодо жамааттык келишимдердин аткарылышы боюнча жүргүзгөн иштеринин усулдук формалары жөнүндө” маселе боюнча Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринин профсоюз комитеттеринин иштери каралып чыкты.

 30.11.2018      530       Кесиптик бирлик региондордо

Коомдук ишмердин элине жасаган эмгеги даӊазаланды

Коомдук ишмердин элине жасаган эмгеги даӊазаланды

Ак-Суу районунда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети тарабынан көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгынын урматына бир катар иш мерчемдер иштетилип чыгып, райондун баардык билим берүү мекемелеринде иш чаралар өткөрүлүп жатат. Райондун бардык мектептеринде, бала бакчаларында мааракеге карата класстык сааттар өтүлүп, коомдук ишмердин өмүр баяны, басып өткөн күжүрмөн эмгек жолу менен таанышышты.

 30.11.2018      607       Кесиптик бирлик региондордо