Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Ноокенде билим берүү кызматкерлеринин арасында “Ден-соолук-2019” спартакиадасы өткөрүлдү

Ноокенде билим берүү  кызматкерлеринин арасында  “Ден-соолук-2019”   спартакиадасы өткөрүлдү

2019-жылдын 16-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы Масы спорт клубунун залында жана №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин базасында билим берүү кызматкерлеринин “Ден-Соолук-2019” спартакиадасы спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча 9 айыл аймактын курама командаларынан 300 дөн ашуун билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү. Спартакиаданынын ачылышына Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип катышышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты.

 19.02.2019      572       Кесиптик бирлик региондордо

Тармактык профсоюз өнүгүү жолунда

Тармактык профсоюз өнүгүү жолунда

№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим беруучу орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Г.Молдалиева билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан чыгарылган 4-китеп профсоюз жетекчилигине усулдук колдонмонун мазмунун жалпы жаамат менен биргеликте талкуулашып терең ыраазычылыктарын билдиршти. Бул китепте баштапкы профсоюз уюмуна тиешелүү мыйзамдар жана техникалык жааттарды жөнгө салуу боюнча негизги түшунүктөр,жаштар кенеши тарабынан алып барылуучу иштердин тизмеги кеңири жазылгандыгын маалымдады.Ошондой эле бул китепче практикада колдонууга эң керектүү китеп экени баса белгиленди.

 19.02.2019      567       Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар жана келечек

Жаштар жана келечек

Таш-Көмүр шаарында 14-февраль күнү №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинде жылда өткөрүлүүчү жана салтка айланган “Жаш мугалимдердин слёту ”старт алынды.Мында эмгек стажы 1-5 жылга чейинки жаш мугалимдер сабактарын өтө алышат. Слётту шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчулары К.Кенжекулова жана А.Мамасалиева,ШБББнүн инспектору Г.А.Эргешова,шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жаштар кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас куттуктоолорун айтышып,иштерине

 19.02.2019      734       Кесиптик бирлик региондордо

Информация о мероприятиях в честь 30-летия вывода войск из Афганистана

Информация  о мероприятиях в честь 30-летия вывода войск из Афганистана

В образовательных организациях города Майлуу-Суу прошли мероприятия посвященные 30-летию вывода войск из Афганистана. Одним из ярких и трогательных мероприятий это день открытых дверей, которая прошла в инновационной школе- гимназия №4 имени Ю.А. Гагарина. Гостями школы стали воины-участники войны в Афганистане, организаторы школ города, соцпедагоги и ученики 8-10 классов.

 19.02.2019      865       Кесиптик бирлик региондордо

“Ооган согушунун катышуучулары ар дайым биз менен”

 “Ооган согушунун катышуучулары ар дайым биз менен”

Н.И.Мешков атындагы №34 орто жалпы билим берүүчү мектепте “Ооган согушунун катышуучулары ар дайым биз менен” деген темада салтанаттуу линейка болуп өттү. Линейкага Ооган согушунун ардагерлери, айыл өкмөтүнүн башчысы,  ардагер аксакалдар катышышты. Мектептин жамааты жана кесип бирлигинин демилегси менен чоң концерттик программа даярдалып, коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Ооган согушунун катышуучуларына “Юбилейный медаль 30 лет вывода войск из Афганистана” медалдары жана грамоталары менен сыйланышты.

 18.02.2019      554       Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлер – Мектепте – РПКда

Ардагерлер  –  Мектепте  – РПКда

Мындан 30 жыл мурда өздөрүнүн иинтернационалдык милдеттерин аткарып Ооган өлкөсүнөн кубанычтары койнуна батпай өз мекенине кайткан жоокер мекендештерибиздин эрдиктери, баштарынан өткөргөн апаат күндөрү жөнүндө биз айтпасак да тарых барактары эскерип келет. Ооган согушунун ардагерлеринин өкүлдөрү 2019-жылдын 15-февраль күнү А.Таӊатаров атындагы интернат-гимназияда болуп, Ооган жергесинде интернационалдык милдеттерин аткарып келгендиги жана баштарынан өткөргөн апаат күндөрү жөнүндө окуучуларга маек куруп беришти. Окуучуларга өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышты жана аларды достукка, биримдикке, жакшы окууга чакырды. Ардагерлер окуучулардын куттуктоолоруна күбөө болушту.

 18.02.2019      520       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунда “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу

Лейлек районунда “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу

Лейлек районунун мектептери “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу максатында районго караштуу 10 айыл өкмөттөн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 10 мектеп тандап алынып, 2019-жылдын 12-февраль күнү ар биринде семинарлар өткөрүлдү. Семинарларга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери бардык мектептердин жетекчиликтери, организаторлору, соц. педагогдору, окуучулардын энелери катышышып иш чаралар жогорку деңгээлде өттү.

 18.02.2019      748       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы бардык билим берүү уюмдарында зыяндуу иш орундары аныкталды

Аксы районундагы бардык билим берүү уюмдарында  зыяндуу иш орундары аныкталды

2019-жылдын 4-11-февралында Аксы районундагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында «өзгөчө шартта иштеген» кызматкерлердин жумуш ордунда зыяндуу шарттарды аныктоо үчүн Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жана Аксы райондук СЭЦтин башкы дарыгери

 18.02.2019      551       Кесиптик бирлик региондордо

Тирүүлөр баркталмайын, өткөндөр даңкталбайт!

Тирүүлөр баркталмайын, өткөндөр даңкталбайт!

Сүлүктү шаарында 15-февраль күнү Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу аземи Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруусу менен шаардык маданият сарайында өткөрүлдү. Мекен сакчылары, элибиздин уулдарын куттуктап 1-вице-мэр Б.Ташев жана шаардык кеңештин төрагасы К.Исмаиловдор баш болгон шаарыбыздын жетекчилери катышып, жылуу сөзүн арнап белектерин тартуулашты.

 18.02.2019      703       Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик уюмдун социалдык өнөктөшү Жалал-Абад обкомунун Ардак грамотасы менен сыйланды

 Баштапкы кесиптик уюмдун социалдык өнөктөшү Жалал-Абад обкомунун Ардак грамотасы менен сыйланды

№ 30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму тармактык кароо-сынактын республикалык турунда Гран прини багындырган. Мында социалдык өнөктөш катары Шайдан айыл өкмөтүнүн да салымы чоң. Алыкулов Шергазы Мухтарович 2016-жылдан тартып Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жатат. Бул жылдар аралыгында түзүлгөн Үч тараптуу келишимдердин негизинде Шайдан айыл аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын социалдык-.экономикалык маселелерин чечүүдө өзүнүн зор салымын кошуп, мыкты социалдык өнөктөш экендигин далилдей алды.

 18.02.2019      574       Кесиптик бирлик региондордо

"Ооган ардагерлерине таазим!"

"Сүлүктү-Келечек" ясли бакчасында 15-февраль Ооган ардагерлеринин күнүнө карата "Ооган ардагерлерине таазим!" аттуу эртелик өткөрүлүп, эртелике Ооган согушунун ардагерлери Саитов Абдугапар, Сыдыков Жакуббек, Абдрахманов Дастан агаларыбыз келип, балдарга патриоттук сезим тартуулашып, Ооган согушу жана патриоттуулук жөнүндө кеп салып беришти.

 18.02.2019      623       Кесиптик бирлик региондордо