2019-жылдын "Мыкты тарбиячы" кароо сынагы мектепте өткөрүлдү
"2019-жылдын мыкты тарбиячысы" конкурсу Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде, кесип бирлик комитетинин демилгеси менен, класс жетекчилердин арасында ачык тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Конкурста 2019-жыл "АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТУРҮҮ ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ" жылында аймактарды өнүктүрүүгө окуучулар кандай салым кошо аларлыгы, окуучулардын активдүүлүгү, өтүлгөн сабактардын тарбиялык маанилери, мугалимдердин чеберчилиги каралды. Мектептин окуу бөлүм башчысы Т.Жолдошова, уюштуруучу Миртемир Тыныбеков, усулдук бирикмелеринин жетекчилери калыстык менен "Эӊ
04.03.2019 738 Кесиптик бирлик региондордоӨКМ өкүлдөрү ОГПИде
КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2019-жылдын потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты жана кызматкерлерди жеринде барып окутуу жана коомчулукка коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү планына ылайык Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге жана окутуучуларга министрликтин тиешелүү адистери тарабынан окутуу иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
01.03.2019 543 Кесиптик бирлик региондордоКрепкое здоровье начинается с профилактики!
По инициативе профкома в конце январе в начале февраля известным кардиологом, профессором, доктором медицинских наук И.К.Молдаташевым было проведено медицинское обследование по выявлению и профилактике сердечно-сосудистых заболеваний ППС, сотрудников университета. Медицинское обследование проводилось на базе КРЦ «Рекард», оснащенного современным компьютизированным мед.оборудованием, профессор Молдаташев И.К. предоставил 30 процентную скидку, профком оказал материальную помощь.
01.03.2019 669 Маалыматтык бюллетеньЖалал - Абад облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасы тандалды!
2019-жылдын 15-январында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасынын үлгүсүн ойлоп табуу боюнча сынак жарыялаган. Сынакка бардык райшаардык Жаштар Кеңештери катышышып, атайын түзүлгөн комиссия курамы менен текшерилди. Сынакта Ноокен райондук Жаштар Кеңеши биринчи орунга ээ болуп, Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңеши экинчи орунду ээледи.
01.03.2019 791 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун В.И.Ленин атындагы орто мектебинин салтанаттуу иш чарасы
2019-жылдын 22-февраль күнү Лейлек районунун Кулунду айылына караштуу В.И.Ленин атындагы орто мектебинде 23-февраль “Мекен сакчыларынын” күнүнө карата жана 15-февраль “Ооган жергесинен Советтик Армиянын чыгарылганынын 30 жылдыгына” арналып өткөрүлгөн спорттук мелдештердин жыйынтыктоочу салтанаты болуп өттү. Салтанатка Кулунду айылында жашаган Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Ардагерлер окуучуларды патриоттулукка үндөө максатында өзүлөрүнүн акыл насаатарын айтып, башынан өткөргөн күндөрүн эске салышты.
01.03.2019 611 Кесиптик бирлик региондордоИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮ АЛУУДА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СОЦИАЛДЫК АБАЛЫНА ЖАРАША ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛУУДА
Буга чейин ОшМУда иштеген кызматкерлердин 26сы Ош шаардык муниципиалдык, 115и мамлекеттик, 2 адам альтернативалык ипотекадан үй алышкан. Мындан ары да ипотекалык үй алууга кызыкдар кызматкерлерге жеңил шарттарды түзүү максатында тиешелүүлөр менен жыйын болуп өттү. Ага Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси Таймураз Исакжанов, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы «Турак жай курулушун өнүктүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу, ОшМУнун турак-жай куруучулар фонду, West way Elet, Курулуш инвест компанияларынын өкүлдөрү ипотекага үйлөрдү алуу боюнча суроолорго жооп берди.
28.02.2019 550 Кесиптик бирлик региондордоЖаштардын Президиуму
Билим берүү жана илим кызматкерлеренинин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин алдындагы облустук Жаштар Кеңешинин президиуму болуп өттү. Президиумдун төрагасы З.Сулайманов Мүчөлөрү: 1. Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков 2. Ноокен рай.Жаштар Кеңешинин төрагасы Т.Бакиров 3. Көк-Жаңгак шаардык Жаштар Кеңешинин төрайымы Н.Сыдыкова 4. Сузак рай. Жаштар Кеңешинин төрагасы З.Киргизбаев.
28.02.2019 629 Кесиптик бирлик региондордоМекенди коргоо күнү белгиленди
Аксы районундагы №8 «Алтын-Ачкыч» мектепке чейинки билим беруу уюмунда , уюмдун профсоюздук комитетинин демилгеси менен 23-февраль - «Мекенди коргоо куну» жаш жеткинчектер арасында белгиленди. Бала бакчада Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болуп, аларга жаш жеткинчектер тарабынан чакан концерттик программа тартууланды. Бул жолугушуудан жаш бөбөкөрүбүз жүрөгүндө патриоттуулук сезим, мекенге болгон сүйүү күчтүүрөк болуп ойгонду деп ойлойбуз.
28.02.2019 556 Кесиптик бирлик региондордо"Келгиле окуйбуз"
2019-жылдын 15-февраль куну Лейлек районунун "Достук" орто мектебинин чон жыйындар залында окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAID дин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун алкагында 4-класстардын окуучуларынын арасында конкурс болуп өттү. Иш чарага райондук билим беруу болумунун башталгыч класстар боюнча усулчусу Женалиева Муниса Атакуловна, долбоор менен иштешкен башталгыч класстардын мугалимдери катышышты. Конкурстун максаты - окуучуларга, ата-энелерге Чынгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, алган сыйлыктары жөнүндө маалымат берип, аларды достукка, боорукерликке, сабырдуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо. Конкурска "Достук "орто мектебинин "Биринчи мугалим" командасы, Шер Ташполотов мектебинин "Алтынай" тобу,
28.02.2019 957 Кесиптик бирлик региондордо“Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынынын райондук туру
Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана “Саякбай Манасчы” Эл аралык фонду менен биргеликте 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата 20-февраль күнү Исфана шаарына караштуу Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын райондук туру болуп өттү. Таймашка жалпысынан 26 команда катышып, областтык турга “Эгемендүүлүк” орто мектебинен “Каныкей”, “Кыргызстандын 60 жылдыгы” орто мектебинен “Ак Нур” , Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинен “Ак шумкар” топтору катыша турган болду.
28.02.2019 553 Кесиптик бирлик региондордоБилим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин пленуму
2019-жылдын 22-февраль күнү Исфана шаар мэриясына караштуу Токтогул атындагы орто мектебинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин пленуму болуп өттү. Пленумга баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек районундагы баштапкы профсоюз комитеттери тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо, жамаатык келишимдердин түзүлүшү жана аткарылышы жөнүндө маселе каралды.
27.02.2019 1117 Кесиптик бирлик региондордо