Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Бейиш - эненин таманы астында

Бейиш - эненин таманы астында

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын иш чара уюштурулду. Анда Ноокен райондук билим берүү тармагында эмгектенген ардагер жана алдыңкы эжекелер чакырылып, белектер менен сыйланышты. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиева куттукташты. Келген эжекелер профсоюз тарабынан көнүл бурулуп, чакырылып, сыйланып жатышкандыктарына өз ыраазычылыктарын билидиришип, жетекчилерге бекем ден-соолук, иштеринде ийгиликтерди каалап кетишти.

 11.03.2019      535       Кесиптик бирлик региондордо

ЖАЗ АЙЫ - МАЙРАМДАРГА БАЙ АЙЫ

ЖАЗ АЙЫ - МАЙРАМДАРГА БАЙ АЙЫ

Аксы районуна караштуу Надыр Мамбетов мектебинде 8-март "Аялдардын эл аралык майрамы" майрамдалды. Кесип бирлик комитетинин төрайымы жалпы жамааттын аялзатын майрамдары менен куттуктап, белектерди тартуулады. Окуучулар тарабынан концерттик программа даярдалып, куттуктоолор айтылды. Мектептин директору Калыбек Урустемов аялзаты дүйнөдөгү эӊ ажарлуу, эӊ мээримдүү энелер экендигин баса белгилеп куттуктап өттү. Бүгүн жалпы аялзаты өзгөчө сулуу.

 11.03.2019      853       Кесиптик бирлик региондордо

СУЗАКТА КЫРГЫЗДЫН АК КАЛПАК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

СУЗАКТА КЫРГЫЗДЫН АК КАЛПАК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

2019-жылдын 5-март күнү Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Ак калпак майрамы өткөрүлдү. Ак калпактык урматына Сузак районунун коомчулугунун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин катышуусунда райондун борборунда майрамдык жүрүш жасалды, андан кийин салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Салтанаттуу жыйында Ак калпак майрамы менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Омошев Эрмекбай Алянович, райондук мекеме, ишкана, уюмдарынын жетекчилери калайык калкты кызуу куттукташты. Майрамга карата райондун өнөрпоздору концерт беришти.

 11.03.2019      578       Кесиптик бирлик региондордо

Патриоттуулукка тарбиялоо иш-чарасы

 Патриоттуулукка  тарбиялоо иш-чарасы

2019-жылдын 3-мартында Ноокен районунун борбору Масы айылында Кыргыз Республикасынын Желеги кабыл алынган күн жана 5-март АК КАЛПАК күнү майрамдарына карата майрамдык азем болуп өттү. Майрамдык аземде райондун акими Э.С. Маматаев кош майрам менен катышуучуларды куттуктап, желек жана ак калпак кырыгызьтандыктар үчүн ыйык экендигин белгиледи. Ар бир атуул өз мекенин сүйүү, аны көз карегиндей сактоо ыйык милдетибиз болуп, мекенге ак дил менен кызмат кылуу парзыбыз деп, татыктуу уул кыздар болууга чакырды.

 11.03.2019      954       Кесиптик бирлик региондордо

«Жаздын көркү сени менен башталат, Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат!»

«Жаздын көркү сени менен башталат, Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат!»

Урматтуу Борбордук комитеттин апаратында, областтык жана район шаардардык комитеттерде төрайым болуп эмгектенип жаткан биздин асылзат Айымдар! Сиздерди жаз менен кошо келген 8-Март “Эл аралык аялдар күнү” майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бактылуу турмуш, татыктуу жашоо жана элдин жүгүн көтөргөн, ары түйшүктүү жана ардактуу ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалап кетем. Аялзаты – дүйнөнүн тиреги демекчи, аялзатына тиешелүү баардык сулуулук жана аруулукту берүүсүн Жараткандан тилеймин! Ар дайым жүзүңүздөр жаркып, ууртуңуздан жылмаюу, үнүңүздөрдөн күлкү, үйүңүздөрдөн кут береке кетпесин.

 11.03.2019      767       Кесиптик бирлик региондордо

ЖАЗ МАЙРАМЫНЫЗДАР МЕНЕН!

ЖАЗ МАЙРАМЫНЫЗДАР МЕНЕН!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан билим берүү жана илим тармактарында эмгектенип жатышкан бардык айымдарды жаркыраган жаз майрамы-8-март-Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктаймын!

 07.03.2019      932       Маалыматтык бюллетень

Көчмө президиум Ошто өттү

Көчмө президиум Ошто өттү

2019-жылдын 5-мартында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун көчмө жыйыны болуп өттү. Анын ишине президиум мүчөлөрүнөн тышкары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы БК мүчөлөрү, райшааркомдордун, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин төрагалары, түштүк региондогу райшаар билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ЖОЖ ректорлору, АООЖ директорлору, тармактык профсоюздук активдин өкүлдөрү, БК, ОК жана РК аппараттарынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

 07.03.2019      695       Маалыматтык бюллетень

Асмандан жарык көрсөӊ жылдыз деп бил, Ак Калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

Асмандан жарык көрсөӊ жылдыз деп бил, Ак Калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

2019-жылдын 5-март Ак-Калпак күнүнө карата Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов тарабынан көтөрүлгөн демилге боюнча Токтогул районунун борбордук көчөлөрүнөн баштап борбордук аянтына чейин Ак-Калпак майрамына арналган мугалимдер, студенттер, окуучу жаштардын ар кандай лозунгдары менен жөө жүрүшү болуп өттү. Салтанаттуу майрамдын бет ачаар сөзүн Токтогул шаарынын мэри Болгонбеков Б.Т. ачык деп жарыялап куттуктоо сөздөрүн айтып өттү. Сөз кезеги Токтогул районунун акими Жайылов Т.Т. берилип район башчыбыз дагы өз сөзүндө салтанаттуу майрам ээлери, катышуучуларын куттуктап уюштуруучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтып өттү. Мындан сырткары жаш окуучулар студенттер Ак-Калпак күнүнө арналган ыр-саптарын куттуктоолорун айтып өтүшүп майрамдык концерт менен аяктады.

 06.03.2019      710       Кесиптик бирлик региондордо

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата семинар

  2019-жыл Региондорду өнүктүрүү  жана өлкөнү  санариптештирүү  жылына карата семинар

Жалал-Абад областы Базар-Коргон району Билим берүү бөлүмүнө караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүндө жайгашкан № 7 М.Мамбеталиев атындагы гимназия мектебинде, Базар-Коргон илим жана билим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети тарабынан семинар болуп өттү. Семинарда үч тараптуу макулдашуунун аткарылышы жана профсоюз тарабынан аткарылган иштер айтылды. Семинарга обком профсоюздун төрагасы А.Исмаилов акимдин орунбасары З.Адышова БББнын башчысы Т.Усенов БББнын орунбасары М.Бурканов обкомдун инспектору А.Айдаров обкомдун казыначысы З.Сулаймановдор катышты. Семинардын жүрүшүн РПК торагасы С.Жаркымбаев алып барды.

 06.03.2019      652       Кесиптик бирлик региондордо

5-март Ак калпак күнү белгиленди

5-март Ак калпак күнү белгиленди

Жалпыга маалым өлкөбүздө 5-март АК КАЛПАК күнү деп белгиленип келет. Бүгүн 5-март күнү Ноокен районунун мектептеринде жана балдар бакчаларында да ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Ушул күндү жыл сайын улут жүзүбүз болгон АК КАЛПАГЫБЫЗДЫ кийип, жаздын башталышын жакшы маанай менен тосуп алалы!

 06.03.2019      785       Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштөр менен макулдашуулардын аткарылышы боюнча жыйынтыктар чыгарылды

Социалдык  өнөктөштөр  менен макулдашуулардын  аткарылышы боюнча жыйынтыктар  чыгарылды

2019-жылдын 2-мартында “2018-жыл- Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюздук комитети” республикалык кароосунун жеңүүчүсү - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №7 М.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюздук уюмунун базасында облустук профсоюздук иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Билим берүү жана илим кызматкерлернин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А. А. Исмаилов, жооптуу кызматкерлери А. Айдаров, З. Сулайманов, Базар-Коргон райадминистрациясынын башчысыныын орун басары З. А. Адышева, райБББнун башчысы Т.Ж. Усенов, орун басары М.Бурканов, райкомдун төрагасы С. С.Жаркынбаев жана баштапкы профсоюздук уюмдун 65 төрагалары катышты.

 05.03.2019      582       Кесиптик бирлик региондордо