Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Первый праздник весны!

Первый  праздник весны!

Чуйский районный и городской комитет профсоюза на базе школы- гимназии №1 г.Токмок провели праздничное мероприятие , посвященное 8-Марта. С поздравительным словом выступили председатель РКП Наматов С.Ж., председатель ГКП Жумалиева Д.Р. и заведующая ЧТОО Кибираева А.С. Всех руководителей образовательных организаций поздравили с праздником и порадовали концертной программой дети ДОО№5, ошл№11 и народный ансамбль «Жылдыз». Самым приятным моментом было вручение подарков , сделанные руками детей ЦДЮТ . Традиционно профсоюз поздравил и вручил всем подарки.

 12.03.2019      635       Маалыматтык бюллетень

БАТКЕН ОБЛАСТЫНДА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

БАТКЕН ОБЛАСТЫНДА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК  МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү жана областтагы тармактык профсоюз комитеттери менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата 2019-жылдын 7-мартында Баткен шаарында областтык деңгээлде сый көрсөтүлдү. Бул салтанаттуу аземге жалпы 150 дөй аялдар катышып, алардын ичинен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык райондук, шаардык комитеттеринин сунушу менен билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 55 алдынкы мугалим, тарбиячылар катышты. Майрамдык дасторкон Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулса, баалуу белектерди тармактын профсоюздары тарабынан даярдалды.

 12.03.2019      556       Кесиптик бирлик региондордо

"Келгиле окуйбуз" Лейлек районунда

2019-жылдын 2-март күнү , Лейлек районунун Самат атындагы орто мектебинде "Жаш- Тилек" орто мектебинин, Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин, "Беш-Бала" башталгыч мектебинин, Дыйканбай Жороев, Самат атындагы орто мектептеринин 2-4-класстарынын окуучуларынын, энелеринин, мугалимдеринин, коомчулуктун катышуусунда USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун элементтерин камтыган 8-март “Аялдардын Эл аралык күнүнө карата "Эне мээрими баарынан күчтүү" аттуу фестиваль болуп өттү.

 12.03.2019      930       Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл эл аралык 8 - март айымдар майрамы

Бүткүл эл аралык 8 - март айымдар майрамы

2019-жыл 6- март күнү бүткүл эл аралык 8-март айымдар майрамына карата Токтогул районунун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин мекемесинин айымдар жааматына, мааракенин ээлери, ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болгон аял затына Токтогул районунун профсоюз комитетинин демилгеси менен кичи отуруш уюштурулуп берилди. Бул кечени Токтогул профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова биргеликте ачык деп жарыялап

 12.03.2019      592       Кесиптик бирлик региондордо

ПОЗИЦИЯ ПРОФСОЮЗА №1-2 (187-188) Март, 2019

ПОЗИЦИЯ ПРОФСОЮЗА №1-2 (187-188) Март, 2019

Республикада жарыяланган 2019-аймактарды өкүктүрүү жана өлкөнү санартиптештирүү жылынын алкагында тармактын профсоюз комитеттеринин социалдык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү, илим кызматкерлерин жана студент жаштарды социалдык жактан колдоо жана эмгек укуктарын коргоодо тармактык профсоюздун уставдык максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы

 11.03.2019      1947       "Позиция профсоюза" газетасы

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары жана мүчөлөрү үчүн сынак болуп өттү

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары жана мүчөлөрү үчүн сынак болуп өттү

2019-жылдын 6-март күнү “Алдардын Эл аралык күнүн” утурлай “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын мүчөлөрүнүн билим берүү жаатындагы укуктук билимдерин кеңейтүүгө багытталган интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Сынакка шаардагы бардык жалпы билим берүүчү мектепт ердин жана балдардын билим борборунун баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары жетектеген командалары катышты.

 11.03.2019      470       Кесиптик бирлик региондордо

Бейиш - эненин таманы астында

Бейиш - эненин таманы астында

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын иш чара уюштурулду. Анда Ноокен райондук билим берүү тармагында эмгектенген ардагер жана алдыңкы эжекелер чакырылып, белектер менен сыйланышты. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиева куттукташты. Келген эжекелер профсоюз тарабынан көнүл бурулуп, чакырылып, сыйланып жатышкандыктарына өз ыраазычылыктарын билидиришип, жетекчилерге бекем ден-соолук, иштеринде ийгиликтерди каалап кетишти.

 11.03.2019      534       Кесиптик бирлик региондордо

ЖАЗ АЙЫ - МАЙРАМДАРГА БАЙ АЙЫ

ЖАЗ АЙЫ - МАЙРАМДАРГА БАЙ АЙЫ

Аксы районуна караштуу Надыр Мамбетов мектебинде 8-март "Аялдардын эл аралык майрамы" майрамдалды. Кесип бирлик комитетинин төрайымы жалпы жамааттын аялзатын майрамдары менен куттуктап, белектерди тартуулады. Окуучулар тарабынан концерттик программа даярдалып, куттуктоолор айтылды. Мектептин директору Калыбек Урустемов аялзаты дүйнөдөгү эӊ ажарлуу, эӊ мээримдүү энелер экендигин баса белгилеп куттуктап өттү. Бүгүн жалпы аялзаты өзгөчө сулуу.

 11.03.2019      847       Кесиптик бирлик региондордо

СУЗАКТА КЫРГЫЗДЫН АК КАЛПАК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

СУЗАКТА КЫРГЫЗДЫН АК КАЛПАК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

2019-жылдын 5-март күнү Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Ак калпак майрамы өткөрүлдү. Ак калпактык урматына Сузак районунун коомчулугунун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин катышуусунда райондун борборунда майрамдык жүрүш жасалды, андан кийин салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Салтанаттуу жыйында Ак калпак майрамы менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Омошев Эрмекбай Алянович, райондук мекеме, ишкана, уюмдарынын жетекчилери калайык калкты кызуу куттукташты. Майрамга карата райондун өнөрпоздору концерт беришти.

 11.03.2019      578       Кесиптик бирлик региондордо

Патриоттуулукка тарбиялоо иш-чарасы

 Патриоттуулукка  тарбиялоо иш-чарасы

2019-жылдын 3-мартында Ноокен районунун борбору Масы айылында Кыргыз Республикасынын Желеги кабыл алынган күн жана 5-март АК КАЛПАК күнү майрамдарына карата майрамдык азем болуп өттү. Майрамдык аземде райондун акими Э.С. Маматаев кош майрам менен катышуучуларды куттуктап, желек жана ак калпак кырыгызьтандыктар үчүн ыйык экендигин белгиледи. Ар бир атуул өз мекенин сүйүү, аны көз карегиндей сактоо ыйык милдетибиз болуп, мекенге ак дил менен кызмат кылуу парзыбыз деп, татыктуу уул кыздар болууга чакырды.

 11.03.2019      949       Кесиптик бирлик региондордо

«Жаздын көркү сени менен башталат, Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат!»

«Жаздын көркү сени менен башталат, Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат!»

Урматтуу Борбордук комитеттин апаратында, областтык жана район шаардардык комитеттерде төрайым болуп эмгектенип жаткан биздин асылзат Айымдар! Сиздерди жаз менен кошо келген 8-Март “Эл аралык аялдар күнү” майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бактылуу турмуш, татыктуу жашоо жана элдин жүгүн көтөргөн, ары түйшүктүү жана ардактуу ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалап кетем. Аялзаты – дүйнөнүн тиреги демекчи, аялзатына тиешелүү баардык сулуулук жана аруулукту берүүсүн Жараткандан тилеймин! Ар дайым жүзүңүздөр жаркып, ууртуңуздан жылмаюу, үнүңүздөрдөн күлкү, үйүңүздөрдөн кут береке кетпесин.

 11.03.2019      764       Кесиптик бирлик региондордо