Нооруз майрамына карата "Кыз жигит-САРМЕРДЕН" таймашы
И.Арабаев атындагы КМУнун бардык курамдык бөлүктөрүндө Нооруз майрамына карата иш чаралар өткөрүлүүдө. Гуманитардык билимдер факультетинде салык кафедрасына караштуу жигиттер командасы орус тили кафедрасынын кыздары менен улуттук "сармерден" маданий сынагында мелдешти. Бул эки команданын болочок кесиптери исскуство, музыка, маданиятка түздөн түз тиешеси жок болсо дагы комуз ойноп, Манас айтып, кыргыз бийин бийлеп көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун купулуна толушту. Эли ичи -өнөр кенчи деп бекеринен айтылбаса керек. Бир упай айырмачылык менен кыздар жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышкандарга грамоталар тапшырылды. Иш чараны жогорку деңгеелде даярдаган чет тилдер кафедрасынын профбюро төрайымы Нурия Сманалиевнага ыраазычылык грамотасы тапшырылды.
22.03.2019 802 Маалыматтык бюллетеньБАТКЕН ШААРЫНДА “ЖАШ МУГАЛИМДЕР” МЕКТЕБИ ТҮЗҮЛДҮ
“Жаш мугалимдер” мектеби 2019-жылдын 28-февралында алгачкы “Мугалим мектеп жүрөгү” аттуу иш чарасын өткөрүп, ага Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.А.Ааламбекович шаардагы мектеп жетекчилери жана жаш мугалимдер катышты. Өз сөзүндө Абдилла Ааламбекович жаш мугалимдерди колдоо аларга шык берүү зарылдыгын белгилеп, “Жаш мугалимдер” мектебине ийгилик каалады.Ошондой эле шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Мактым Калыкова жаш мугалимдерди ишмердигин колдоо максатында биргеликте тыгыз кызматташуу чечими кабыл алынды.
22.03.2019 852 Кесиптик бирлик региондордоНооруз майрамыңыздар менен!
Чыгыш элдери күн менен түн тогошкон 21-мартты Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келе жатышат. Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын түрү менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп
19.03.2019 2240 Маалыматтык бюллетеньНоокен районунан 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадага катышат
2019-жылдын 12-13-март күндөрү Жалал-Абад облусундагы Курманбек баатыр атындагы лицейинин базасында предметтик олимпиаданын облустук этабы болуп өттү. Олимпиадага облустун аймагындагы райшаарлардан окуучулар катышышты. Ноокен районунан 34 окуучу катышып, 6 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Олимпиадада бул окуучулардын бирөө 1-орунду, экөө 2-орунду, үч окуучу 3-орунду алышты.
19.03.2019 671 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районуна караштуу “Хамза” орто мектебинде “Социалдык адилеттүүлүк ” айлыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралары
2019-жылдын 5-7-март күндөрү 9-11класстардын окуучулары “Сен жетим эмессиң” деген темада дил баян жазышып, окуучулар дил баяндарында жалгыз кароосуз калган, жетим жана жарым жетим балдар жөнүндө өз пикирлерин жана көз караштарын кеңири баяндашкан.Окуучулардын көпчүлүгү мындай балдарга жашоодо кыйын экенин жазышкан. Бул иш-чараны өткөрүүдө социалдык педагог, кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалимдери жетекчилик кылышты.
19.03.2019 553 Кесиптик бирлик региондордо«Жылдын мыкты мугалими – 2019»
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөндөй жана андагы коюлган милдеттерди аткаруу алкагында, жалпы билим берүүчү уюмдардын эмгек жамааттарында чыгармачылык менен изденип, эмгектенген жана билим берүүнү өнүктүрүүгө сапаттуу салым кошкон мугалимдерди аныктап, алардын иш тажрыйбасын жайылтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында Сузак районунун айыл аймактарында “Жылдын мыкты мугалими – 2019” кароо сынагы болуп өттү.
19.03.2019 863 Кесиптик бирлик региондордоСузакта тарых мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү
Сузак районуна караштуу №9 И.В.Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде тарых сабагынын мугалимдери үчүн “Тарых сабагында интерактивдүү методдорду колдонуу” деген аталышта райондук семинар болуп өттү. Семинарда мультимедиалык каражаттарды колдонуу жана интерактивдүү методдор менен ачык сабактар өтүлдү. Райондук семинарга райондун аймагындагы 108 жалпы билим берүүчү мектептердин тарых мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Бейшеева жана окуу-усулдук канасынын башчысы М.Элемановдор катышышты.
19.03.2019 575 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин I пленуму өттү
Билим берүү жана илим кызмткерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин I пленуму 15-март күну 27 пленум мүчөсүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Пленумдун күн тартибинде «Билим берүү кызматкерлеринин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана турмушка ашырууда аткарылган иштери жөнүндөгү» маселе каралды.
19.03.2019 526 Кесиптик бирлик региондордоДиний экстремизм, терроризм жана мамлекеттик дин саясаты боюнча адистер студенттер менен жолукту
Үстүбуздөгү жылдын 14-15-16-март күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалыкинститутунда Мамлекеттик дин саясаты, диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча атайын өкүлдөр менен студенттердин жолугушуусу болду. Жолугушуу КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ОГПИнин атайын иш планына ылайык окуу жайдын бардык факультеттеринде уюштурулуп, ага КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед Эсенов жана Ош ШИИБнын экстремизмге, терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттернүү боюнча кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Нурбек Шерикбавдер катышты. Мында келген өкүлдөр жарандардын дин тутуу эркиндиги, диний укуктар коомчулуктагы терс көрүнүштөр болгон диний экстремиз, терроризм, жана Сирия өлкөсүндөгү абалдар боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берип өтүштү.
18.03.2019 783 Кесиптик бирлик региондордоАгартууга арналган өмүр
15-мартта Филологиялык билим берүү практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары И. Арабаев ат. КМУнун «Ардактуу профессору» Зухра Кадыркулованын 70, профессор Сайра Аманбаеванын 60 жана доцент Айсулуу Абдыкалыкованын 50 жылдык кутман курак юбилейлик мааракелерине арналган «Агартууга арналган өмүр» аттуу маданий иш-чарасын өткөрүштү.
18.03.2019 722 Маалыматтык бюллетеньСузакта “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта олимпиада өткөрүлдү
Сузак районунун №90 Манас атындагы жалпы билим берүүчү иннованициялык орто мектебинде Билимкана уюму тарабынан уюштурулган “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта физика, математика, химия, тарых география жана кыргыз адабияты предметтери боюнча 4-11-класстын окуучулары үчүн райондук олимпиада болуп өттү.
18.03.2019 531 Кесиптик бирлик региондордо