Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында Куурчак театр фестивалы өткөрүлдү

Кадамжай  районунун   Үч-Коргон  айыл  аймагында  Куурчак  театр  фестивалы  өткөрүлдү

Кадамжай районун Үч-Коргон айыл аймагындагы маданият үйүндө "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнө санариптештирүү" жылына карата англис тили предмети боюнча Куурчак театр фестивалы Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин колдоосу менен өткөрүлдү. Фестивалдын максаты мугалимдердин окуучулардын англис тилдерин терең үйрөнүп, театрлаштырылган роль катары жеткирүү. Фестивальга Билим берүү бөлүмүнүн методисти Галмаматова Канзаада, райондун жалпы англис тили мугалимдери жана окуучулар катышты. Иш чаранын соңунда мыкты аткарган жана англис тилин мыкты сүйлөй алган мугалимдерге жана окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан белектер берилди. Иш чара жогорку деңгээлде өттү.

 15.05.2019      630       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгегине жараша сыймыгы

Эмгегине жараша  сыймыгы

Баштапкы профсоюздук уюмдардын негизги нормативдик документи болгон жамааттык келишимдин аткарылышы менен мугалимдердин эмгектери өз убагында бааланышын камсыздайт. Ноокен районундагы №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин жамааттык келишиминде «Окуу жылында уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү Өзбекстандын борбору Ташкент жана Самарканд шаарларына экскурсиялык жолдонмо менен сыйланат” деп белгиленип, администрция жоопкерчилигине алган.

 15.05.2019      554       Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2019»

    «Жыл мугалими-2019»

Райондук билим берүү бѳлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан ишине чыгармачылык менен мамиле кылган, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, райондогу мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларынын алкагында алдынкы иш тажрыйбаларды, идеаларды жайылтуу максатында райондук «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы ѳткѳрүлдү.

 15.05.2019      736       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада областтык семинар болуп өттү

Аксы районунда

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Ж.Мамытбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде "Окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоонун ыкмалары" жана "Ийгиликтин ачкычы -сапаттуу билим жана татыктуу тарбия "деген темада областтык семинар өткөрүлдү. Бул семинарга областык усулдук борбордун өкүлү Ш.Шанова,райондук билим берүүнүн башчысы  У.Зыябекова райондордон,шаарлардан келген физик мугалимдер катышышты. У.Зыябекова сөз сүйлөп, семинарды ачып берди.  Семинарда физика мугалими Умарова Сүйүм эжекенин окуучуларды олимпиадаларга даярдоонун ыкмалары менен таанышышты. С.Умарованын окуучулары областык, республикалык, дүйнөлүк олимпиадаларга катышышып байгелуу орундарды ээлеп келишет.  2017 - 2018 - окуу жылында Республикалык олимпиадага 3 окуучу катышып, физика предметинен Сыдыков Эрназар 1 - орунду ээлеп, дүйнөлүк олимпиадага Ташкенттеги Самаркант шаарына барып катышып 3 - орунду ээлеп чоң ийгиликке жетишкен. 

 15.05.2019      771       Кесиптик бирлик региондордо

Министерство образования и науки КР и Поисковое движение Кыргызстана «Наша Победа-Биздин Жениш» начали акцию «Сохраним памятники Победы — Кыргызстан!»

Министерство образования и науки КР и Поисковое движение Кыргызстана «Наша Победа-Биздин Жениш» начали акцию «Сохраним памятники Победы — Кыргызстан!»

По данным ведомства, с 3 по 10 мая 2019 года Министерство образования и науки совместно с Поисковым движением Кыргызстана «Наша Победа-Биздин Жениш» проводят акцию «Сохраним памятники Победы — Кыргызстан!». Цель акции - провести обследование состояния памятников и сфотографировать их с разных ракурсов для оценки требуемых ремонтных работ. Планируется составить банк данных фотографий памятников Кыргызстана, посвященных Великой Отечественной войне, составить интерактивную карту памятников, привести в порядок памятники. Различаются три категории памятников Великой отечественной войны: 1. Братские госпитальные захоронения 2. Мемориальные памятники, установленные в память о погибших и пропавших на войне 3. Мемориальные доски, бюсты в память о героях и воинских частях сформированных в Киргизской ССР. Поучаствовать в субботниках приглашаются школьники, студенты, активисты, общественные организации и все неравнодушные граждане, которые желают внести свой вклад в сохранение памяти о погибших во время Великой Отечественной войны.

 15.05.2019      699       Маалыматтык бюллетень

Д.Садырбаевдын 80-жылдыгына карата

 Д.Садырбаевдын  80-жылдыгына  карата

Районубуздун бардык тармактарында Эгемендүү Кыргызстаныбыздын түптөөчүлөрүнөн, легендарлуу Парламетибиздин үч жолку депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл артысты, кино режисёр, коомдук ишмер жердешибиз Дооронбек Садырбаевтин 80 жылдык юбилейи татыктуу тосуп алынууда. Ноокен районунун билим берүү бөлүмү жана профсоюздун райкому тарабынан мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында уюштурулган “2019-жылдын мыкты класс жетекчиси” райондук кароосунун шарттарында Д.Садырбаевтын чыгармачылыгын негизинде тарбиялык иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө мааны берилген.

 15.05.2019      583       Кесиптик бирлик региондордо

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74-жылдыгына карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган иш чаралар болуп өттү

 Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74-жылдыгына карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган иш чаралар болуп өттү

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74-жылдыгына карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган иш чаралар болуп өттү. Адегенде кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ошондой эле Кесиптик бирлик комитетинин “Жаштар канатынын” активист студенттери Жеңиш аянтына барып, Түбөлүк оттун жанына “Эч ким,эч качан унутулбайт!” –деген ураан менен Улуттук университеттин жамаатынын атынан гүлчамбар коюшту.

 08.05.2019      1499       Маалыматтык бюллетень

“Улуу жеңишке 74 жыл”

“Улуу жеңишке 74 жыл”

Бүгүн 2019-жылдын 8-май күнү профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте эскерип гүл коюу аземи уюштурулду. Эскерүүгө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун төрагасы К.Акуновдор баштаган кызматкерлер катышышты. Алгач эле гүл коюу аземи болуп андан соң мектеп окуучулары тарабынан реквиемдер айтылып, согуш убагында курман болгон Советтер Союзунун баатырлары эскерилди.

 08.05.2019      651       Кесиптик бирлик региондордо

Урматтуу кесиптештер!

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди, КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан 9-май Жеңиш күнү менен сиздерди куттуктаймын. Мына ушул Жеңиш күн бизге тарыхта унутулгуз бактылуулукту алып келгендигин ар кимибиз билүүбүз парз, анткени Жеңиш күн асманыбызды каптаган кара түтүндөн, жер шарындагы жарылуулардан, жакындарын жоготуулардан, бир туугандарынын өмүрүнүн коркунучунан сактады. Жеңиш майрамынын алдында биз урпактар согуштун ардагерлери менен баатырларын сүйкүмдүү эскерели жана жер шарында тынчтыкты сактоого бүт адамзатты чакыралы.

 07.05.2019      650       Маалыматтык бюллетень

Областтык спартакиададагы ийгиликтер

Областтык  спартакиададагы  ийгиликтер

Билим берүү кызматкерлеринин областтык спартакиадасы 27-апрелде Кара-Суу шаарында болуп өттү. Областтык спартакиада билим берүү , илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитетинин (төрагасы С.А.Тойгонбаев) жогорку деңгээлдеги уюштуруучулугу жана Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин (төрагасы П.Жакыпов) мыкты колдоосы шарттарды түзүүсү аркылуу өтүп, ага 7 райондун жана 1 шаардын билим берүү кызматкерлери спорттун 6 түрү боюнча күч сынашты.

 07.05.2019      619       Кесиптик бирлик региондордо

“Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” семинар- тренинг

“Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза”  семинар- тренинг

Жалал – Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясында мектептер арасында “Кылмыштуулуктун алдын алуу” максатында Шаардык билим берүү бөлүмү жана профсоюздук комитети, ЖДПБу ,ШИИБ, Кара – Көл шаардык УКМК кызматкерлери, Кара – Көл шаардык прокуратурасы менен биргелешкен иш пландын негизинде “Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” -деген семинар- тренинг өткөрүлдү.

 07.05.2019      7229       Кесиптик бирлик региондордо