Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ КАРОО-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУНДА 1 ОРУНДУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН М.БАБКИН АТЫНДАГЫ №1 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ РОЗА АБДЫЛДАЕВА ЭЭЛЕДИ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ КАРОО-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУНДА 1 ОРУНДУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН М.БАБКИН АТЫНДАГЫ №1 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ РОЗА АБДЫЛДАЕВА ЭЭЛЕДИ

Роза Абдылдаева Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуучуларга билим берип келет. Ал «2019-жылдын мыкты мугалими» кароо сынагынын шаардык туруна катышып, өзүнүн педагогикалык чеберчилигин жана мыкты мугалим экендигин көрсөтүп Гран Приге ээ болгон. Өзүнүн алган билимин туура пайдаланууга кесиптештери, мектеп диретору жана профсоюз уюму жакындан жардам көрсөтүшүп облустук турунда Жалал-Абад облусунун “2019-жылдын мыкты мугалими” деп табылып I даражадагы диплом жана сертификат менен сыйланды.

 28.05.2019      886       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлерине шарттар түзүлүүдө!

Билим берүү кызматкерлерине шарттар түзүлүүдө!

Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында мугалимдер канаасы оңдоп түзөөдөн өттү. Бул да болсо мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүлүп, профсоюздук иштин алдыга жылуусу деп айтсак болот. Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин сунушу менен мектеп директору макул болуп, азыркы учурда мугалимдер заманбап канаа менен камсыз болушту.

 28.05.2019      657       Кесиптик бирлик региондордо

Салтка айланган “Акыркы коңгуроо” салтанаты

Салтка айланган “Акыркы коңгуроо” салтанаты

Тогуз-Торо районуна караштуу №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи өзгөчө шаң менен өттү. Бул салтанатка Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Абдылда кызы Наргиза, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитеттин башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Кадыркулов Бедил Мешкенович, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ажыбаев Залкарбек, Атай айыл округунун катчысы Чөкөнбаева Айнагүл жана ардагер мугалимдер, ата-энелер, 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр, мугалимдер катышышты.

 28.05.2019      706       Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленди!

Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленди!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясында 25-май күнү акыркы коңгуроо кагылды. Аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси И.Масабиров жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Р.Алтымышовтор катышышты.

 28.05.2019      1164       Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо кагылды!

Акыркы коңгуроо кагылды!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттү. Салтанатка Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлү К.Шерматов жана Жалал-Абад шаардык ЖККБнын башчысы Т.Рахмановдор катышышты. Профсоюздун Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков мугалимдерди, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады.

 28.05.2019      697       Кесиптик бирлик региондордо

«Акыркы коңгуроо” салтанаты болду

        «Акыркы коңгуроо” салтанаты болду

25-майда саат 9-00 дөн тарта Таш-Көмүр шаарына караштуу бардык мектептеринде окуу жылы аяктап салтанаттуу түрдө “Акыркы коңгуроо” кагылып, бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү. Бул салтанатка мындан 10 жыл жана 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр дагы келип мектептин айрым көйгөйлөрүн чечип берүүгө өз салымдарын кошушту. Айта кетсек №7 К.Кузембае атындагы орто мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өз алтын уясына акылдуу доска, №12 А.С.Пушкин атындагы орто мктептин 20 жылдык бүтурүүчүлөрү окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн видео-көзөмөл жүргузүү үчүн аппаратураларды орнотуп, ушундай эле видео-көзөмөлдү №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке орнотуу үчүн акча каражаттарын тапшырышты.

 28.05.2019      554       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айыл аймагында жайгашган №42 Кенжекул Сооронбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн эскерүү күн жөнүндө

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айыл аймагында жайгашган №42 Кенжекул Сооронбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн эскерүү күн жөнүндө

2019-жылы 25- май күнү “Акыркы конгуроо” менен эскерүү күнү кошо өткөрүлдү. Мектептин мурунку директору Кенжекул Сооронбаев жана Айдарова Батма окуу бөлүм башчысы болуп иштегендерди эскерүү күнү өткөрүлдү. Эскерүү күнгө мектептин жамааты, ата-энелер, окуучулар катышып маданий массалык иш чаралар жогорку денгээлде өткөрүлдү. Жылда үй-бүлөлөрү 25- май күнү Эскерүү күн өткөрөт, окуучуларга кызыктыруучу акчалай стипендиялар, ардак грамоталар тапшырылат. Базар-Коргон райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев барып катышып келди.

 28.05.2019      888       Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2019» кароо-сынагынын облустук туру жыйынтыкталды

«Жыл  мугалими-2019» кароо-сынагынын  облустук   туру   жыйынтыкталды

Мугалимдердин кесипкөйлүгүн , чыгармачылыгын, ишмердүүлүгүн , эмгектерин баалоонунун жана иш тажрыйбасын жайылтуунун аянтчасы болгон- “Жылдын мугалими-2019” кароо-сынагынын Жалал-Абад облустук туру 21-22-май күндөрү облустук билим берүүнүн усулдук борбору менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитети тарабынан өткөрүлүп, жыйынтыкталды.

 28.05.2019      995       Кесиптик бирлик региондордо

“Мыкты окуучулардын слёту - 2019” Лейлек районунда

“Мыкты окуучулардын слёту - 2019” Лейлек районунда

2019-жылдын 22-май күнү Лейлек районунун Исфана шаарынын маданият үйүндө райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюму тарабынан уюштурулган райондун мыкты окуучуларынын слёту болуп өттү. Иш чараны райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович ачып, 2018-2019-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, окуучуларды куттуктады, андан соң райондун акиминин орун басары, мекеме уюм жетекчилери окуучуларга мындан ары багыт берүү максатында насааттарын айтып, окуучуларды ийгиликтери менен куттуктады.

 28.05.2019      593       Кесиптик бирлик региондордо

Майские праздники

Майские праздники

Майские праздники в сш им И.Арабаева Кочкорского района Профсоюзный комитет сш им И.Арабаева Кочкорского района в честь праздника 1-мая – день Солидарности трудящихся организовал спартакиаду “Движение это жизнь!” по следующим номинациям: Волейбол, теннис, игры с элементами баскетбола, притягивание палки. В спартакиаде приняли участие команды из учителей школы. Гостями спартакиады были председатель РК профсоюза Кочкорского района Темиров А.Т и завотделом образование Кочкорского района Озубеков У.Н По итогам спартакиады первое место заняла команда “Дружина”, второе “Динамит” и третье место команда “Алга”. Им были вручены кубки и денежные средства.

 28.05.2019      580       Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунун Р.Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде “Дени сак инсан” деген темада жолугушуу болуп өттү

Ала-Бука районунун Р.Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде “Дени сак инсан” деген темада жолугушуу болуп өттү

Жолугушуу педагогика илимдеринин кандидаты,профессор, акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиёирген машыктыруучусу, Регби федерациясынын Президенти Наралиев Аскаралы Мадалиевич менен болуп, жолугушууга мугалимдер жана мектепти бүтүрүп жаткан өспүрүмдөр катышты. Алгач Аскаралы Мадалиевичтин кырк жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалагандагы жасаган иштери, бир канча Өлкөлөр менен болгон байланыштары Кыргызстанга кошкон салымдары жөнөндө тааныштырылды.

 24.05.2019      794       Кесиптик бирлик региондордо