Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Кош студенттик курак!

Кош студенттик курак!

Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда окуу жайды аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн салтанаты болуп өттү.  Бул тууралуу окуу жайды маалымат кызматы билдирет. Салтанаттуу кече институтуттун чоң залында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн, жетекчиликтин катышуусунда болуп, анда ректор   Бекмурза Зулуев   бүтүрүүчүлдү майрамы менен куттуктап, аларга  ак жол каалап өттү. Ошону менен бирге  окуу жайыбыздын мыкты бүтүрүүчүлөрү катары  өлкөнүн баардык аймактарында ОГПИнин  атын  бийик  чыгарып, татыктуу эмгектенээрине  ишенимин  билдирди.

 31.05.2019      652       Кесиптик бирлик региондордо

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдоого кошкон салымы

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдоого кошкон салымы

2019-жылдын 25-май күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун бардык мектептеринде акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу түрдө белгиленди. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Маматаев, орун басарлары, Ноокен рай БББнүн башчысы Б.Козуев, Ноокен райкКБКнын төрагасы К.Нышанов, айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, Ноокен рай БББнүн адистери, ИИМдин кызматкерлери, айылдык, шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар, ата-энелер жана 20 жылдык жолугушууга келген коноктор катышышты. Мындан 20 жыл мурун мектепти аяктап кетишкен 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр райондун аймагындагы өздөрү билим алган мектептердин окуу материалдык базасын чыңдоого салымдарын кошушту.

 31.05.2019      654       Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо

Акыркы коңгуроо

Аксы районунда 25-май  күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Уядан учуп бараткан бүтүрүүчү класс,мотурайган бөбөктөр 1-класстар концерттик программа тартуулашты. Бул салтанатка райондук билим берүү бөлүмүнөн, мэриядан өкүлдөр, ардагер мугалимдер , он жыл, жыйырма жыл мурда мектепти бүтүргөн бүтүрүүчүлөр келип катышышты. Жакшы каалоо тилектер айтылды.Жаш муундарга талыкпай тарбия берген мугалимдер "Ардак грамота "менен сыйланышты. Ошону менен бирге эле көп жылдан бери иштеп келе жаткан, тажрыйбалуу мугалимдер Илим билим берүү кесип бирлик комитетинин "Ардагер мугалим " төш белгиси менен сыйланышты.  34 жылдан бери Надыр Мамбетов мектебинде физика сабагынын мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы Турдукан Жолдошовага "Ардагер мугалим " деген төш белги ыйгарылды. Ардактуу эс алууга аттанып турган башталгыч классынын мугалими Шерматова Айнагүл эжеке да төш белгинин ээси болду.  Үзүрлүү эмгек жолдорунда көптөгөн окуучуларды тарбиялап, уядан учурушкан.

 31.05.2019      567       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде таланттуу студенттер арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү

ОГПИде таланттуу студенттер арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү

ОГПИнин Музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана психология кафедрасында кезектеги илимий методикалык, маданий эстетикалык жумалык болуп, анын алкагында музыка адистигинде окуган студенттер ортосунда “Кош жылдыз” таймашы болуп өттү. Мелдешке музыка адистигинин ар бир тайпасынан бирден кыз-жигит катышып, жобонун негизинде дуэт ырдоо, сахналык көрүнүш аткаруу, улуттук аспаптардын коштоосунда элдик ыр аткаруу жана өзгөчө өнөр көрсөтүү менен өз чыгармачылыктарын көрүүчүлөргө тартуулашты. Кош жылдыздардын өнөрлөрү атайын түзүлгөн калыстар тобунун баалоосу менен жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында М-17 тайпасынын студенттери Урматбек у Марлен менен Абдисалам кызы Миргүл жеңүүчү аталышып, уюштуруу тобу тарабынан баалуу белек, диплом менен сыйланышты.

 31.05.2019      580       Кесиптик бирлик региондордо

Уважаемый Асылбек Токтогулович!

Уважаемый Асылбек Токтогулович!

Научное сообщество Национальной академии наук Кыргызской Республики выражает Вам благодарность в ходе решения вопроса повышения заработной платы научным сотрудникам академических институтов. Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики под Вашим руководством оказал юридическую и консультативную помощь, благодаря этому заработная плата научных сотрудников с 1 апреля 2019 года повышена на 30 %. Ученые НАН КР в липе Центрального комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики видят надежного защитника, обеспечивающего качественное решение социально-экономических проблем.

 29.05.2019      888       Маалыматтык бюллетень

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ КАРОО-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУНДА 1 ОРУНДУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН М.БАБКИН АТЫНДАГЫ №1 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ РОЗА АБДЫЛДАЕВА ЭЭЛЕДИ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ КАРОО-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУНДА 1 ОРУНДУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН М.БАБКИН АТЫНДАГЫ №1 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ РОЗА АБДЫЛДАЕВА ЭЭЛЕДИ

Роза Абдылдаева Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуучуларга билим берип келет. Ал «2019-жылдын мыкты мугалими» кароо сынагынын шаардык туруна катышып, өзүнүн педагогикалык чеберчилигин жана мыкты мугалим экендигин көрсөтүп Гран Приге ээ болгон. Өзүнүн алган билимин туура пайдаланууга кесиптештери, мектеп диретору жана профсоюз уюму жакындан жардам көрсөтүшүп облустук турунда Жалал-Абад облусунун “2019-жылдын мыкты мугалими” деп табылып I даражадагы диплом жана сертификат менен сыйланды.

 28.05.2019      883       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлерине шарттар түзүлүүдө!

Билим берүү кызматкерлерине шарттар түзүлүүдө!

Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында мугалимдер канаасы оңдоп түзөөдөн өттү. Бул да болсо мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүлүп, профсоюздук иштин алдыга жылуусу деп айтсак болот. Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин сунушу менен мектеп директору макул болуп, азыркы учурда мугалимдер заманбап канаа менен камсыз болушту.

 28.05.2019      653       Кесиптик бирлик региондордо

Салтка айланган “Акыркы коңгуроо” салтанаты

Салтка айланган “Акыркы коңгуроо” салтанаты

Тогуз-Торо районуна караштуу №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи өзгөчө шаң менен өттү. Бул салтанатка Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Абдылда кызы Наргиза, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитеттин башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Кадыркулов Бедил Мешкенович, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ажыбаев Залкарбек, Атай айыл округунун катчысы Чөкөнбаева Айнагүл жана ардагер мугалимдер, ата-энелер, 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр, мугалимдер катышышты.

 28.05.2019      703       Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленди!

Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленди!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясында 25-май күнү акыркы коңгуроо кагылды. Аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси И.Масабиров жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Р.Алтымышовтор катышышты.

 28.05.2019      1156       Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо кагылды!

Акыркы коңгуроо кагылды!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттү. Салтанатка Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлү К.Шерматов жана Жалал-Абад шаардык ЖККБнын башчысы Т.Рахмановдор катышышты. Профсоюздун Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков мугалимдерди, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады.

 28.05.2019      693       Кесиптик бирлик региондордо

«Акыркы коңгуроо” салтанаты болду

        «Акыркы коңгуроо” салтанаты болду

25-майда саат 9-00 дөн тарта Таш-Көмүр шаарына караштуу бардык мектептеринде окуу жылы аяктап салтанаттуу түрдө “Акыркы коңгуроо” кагылып, бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү. Бул салтанатка мындан 10 жыл жана 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр дагы келип мектептин айрым көйгөйлөрүн чечип берүүгө өз салымдарын кошушту. Айта кетсек №7 К.Кузембае атындагы орто мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өз алтын уясына акылдуу доска, №12 А.С.Пушкин атындагы орто мктептин 20 жылдык бүтурүүчүлөрү окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн видео-көзөмөл жүргузүү үчүн аппаратураларды орнотуп, ушундай эле видео-көзөмөлдү №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке орнотуу үчүн акча каражаттарын тапшырышты.

 28.05.2019      552       Кесиптик бирлик региондордо