Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Бул күн балдар үчүн кубанычтуу майрамдардын бири гана болбостон, балдар дайыма камкордукта, коргоодо болуусу жана чоңдор алар үчүн жоопкерчиликте болору жөнүндө эскертүү да болот. Майрамдык иш-чараларга Ноокен райБББнүн адистери, айыл өкмөттөрүнүн социалдык маселелер боюнча адистери, Ноокен РИИБнүн кызматкерлери, ата-энелер, демөөрчүлөр жана балдар катышышты.

 03.06.2019      927       Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо

Мектепке  чейинки билим берүү  мекемелеринде  эмгекти  коргоо

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагынын №7 “Нагима” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында 2019-жылдын 29-майында бакчалардын профсоюздук уюмдарынын төрайымдарынын райондук семинары болуп өттү.

 31.05.2019      542       Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмнекти коргоону уюштуруу

  Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  эмнекти  коргоону уюштуруу

Жалал-Абад  областы  Базар-Коргон району  Билим берүү  бөлүмүнө  караштуу  Бешик-Жон айыл өкмөтүндө жайгашкан  №7 «Нагима» атындагы  мектепке чейинки билим берүү уюмунда райондук деӊгээлде семинар болуп өттү. Семинарда: Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  эмгекти  коргоону уюштуруу  деген темада  семинар болду. Семинарга  райондогу    38-МЧБУнун  баштапкы профсоюз  уюмдарынын төрайымдары катышышты жана ошону менен бирге Жалал-Абада  билим берүү жана илим кызмат керлеринин облустук комитетинин инспектору А.Айдаров катышты. Семинарды  Базар-Коргон билим берүү жана илим кызматкерлеринин  райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев  алып барды.                                  Эртеӊки  01.06.2019-жыл «1-июнь баладарды коргоо»  күнү менен  МЧБУда тарбияланып жаткан балдарды алдын ала куттуктап . №7 «Нагима» МЧБУнун жетекчиси Б.Эргешовага РПКтарабынан  тарбиялаануучуларга белектер тапшырылды.

 31.05.2019      603       Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн Майлуу-Сууда

Усулдук күн Майлуу-Сууда

Билим берүү  жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  облустук комитетинин иш  планыныа  ылайык  2019-жылдын 30-майында Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шааркомдорү үчүн усулдук күн өткөрүлдү. Профсоюздүк  иш-чарага обкомдун жооптуу  кызматкерлери: А.Бегматов, А.Айдаров, З.Сулайманов, облустук  текшерүү  комиссиясынын төрайымы А.Алиева, Борбордук Комитеттин алдындагы  демилгелүү  топтун  мүчөсү, Таш-Көмүр  шаарындагы №3 “Байчечекей”  бакчасынын  директору М.Үтүрбаева  жана шааркомдордун төрайымдары, бухгалтерлери катышты. Усулдук күндө жооптуу  кызматкерлер профсоюздук  ишмердүүлүктү жолго кою, уюштуруу иштери, укук  жана  эмгекти  коргоо боюнча иштерди уюштуруу,финансалык тартипти  сакталышы, жаштар  менен  иштоо, номенклатуралык иш  кагаздарды жүргүзүү жөнүндөгү  райшааркомдордун материалдары  менен таанышып, суроолорго жооптор беришти.

 31.05.2019      578       Кесиптик бирлик региондордо

Алайдагы профсоюздук окуу усулдук семинар

Алайдагы  профсоюздук  окуу  усулдук  семинар

2019-жылдын 29-майында билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин иш планына ылайык Алай районундагы №1 М.Адышев атындагы орто мектебинде райондогу мектептердин, балдар бакчаларынын профсоюз уюмдарынын төрагалары-төрайымдары үчүн профсоюздук окуу усулдук семинар болуп өттү.

 31.05.2019      570       Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн Аксыда

Усулдук күн  Аксыда

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 28-майында Аксы, Ала-Бука, Чаткал райкомдору үчүн усулдук күн өткөрүлдү. Бул профсоюздук иш-чарага обкомдун жооптуу кызматкерлери А.Бегматов, А.Айдаров, З.Сулайманов жана облустук текшерүү комиссиясынын төрайымы А.Алиева, райкомдун төрагалары, бухгалтерлери, эмгекти коргоо инспекторлору катышты. Усулдук күндө райкомдордун профсоюз ишмердүүлүгүндө уюштуруу иштери, укук жана эмгекти коргоо иштерин уюштуруу, жаштар менен иштоо, финансалык багыттагы ишмердүүлүк тууралуу материалдар менен таанышып, сунуштар берилди.

 31.05.2019      558       Кесиптик бирлик региондордо

Кош студенттик курак!

Кош студенттик курак!

Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда окуу жайды аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн салтанаты болуп өттү.  Бул тууралуу окуу жайды маалымат кызматы билдирет. Салтанаттуу кече институтуттун чоң залында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн, жетекчиликтин катышуусунда болуп, анда ректор   Бекмурза Зулуев   бүтүрүүчүлдү майрамы менен куттуктап, аларга  ак жол каалап өттү. Ошону менен бирге  окуу жайыбыздын мыкты бүтүрүүчүлөрү катары  өлкөнүн баардык аймактарында ОГПИнин  атын  бийик  чыгарып, татыктуу эмгектенээрине  ишенимин  билдирди.

 31.05.2019      651       Кесиптик бирлик региондордо

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдоого кошкон салымы

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдоого кошкон салымы

2019-жылдын 25-май күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун бардык мектептеринде акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу түрдө белгиленди. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Маматаев, орун басарлары, Ноокен рай БББнүн башчысы Б.Козуев, Ноокен райкКБКнын төрагасы К.Нышанов, айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, Ноокен рай БББнүн адистери, ИИМдин кызматкерлери, айылдык, шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар, ата-энелер жана 20 жылдык жолугушууга келген коноктор катышышты. Мындан 20 жыл мурун мектепти аяктап кетишкен 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр райондун аймагындагы өздөрү билим алган мектептердин окуу материалдык базасын чыңдоого салымдарын кошушту.

 31.05.2019      654       Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо

Акыркы коңгуроо

Аксы районунда 25-май  күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Уядан учуп бараткан бүтүрүүчү класс,мотурайган бөбөктөр 1-класстар концерттик программа тартуулашты. Бул салтанатка райондук билим берүү бөлүмүнөн, мэриядан өкүлдөр, ардагер мугалимдер , он жыл, жыйырма жыл мурда мектепти бүтүргөн бүтүрүүчүлөр келип катышышты. Жакшы каалоо тилектер айтылды.Жаш муундарга талыкпай тарбия берген мугалимдер "Ардак грамота "менен сыйланышты. Ошону менен бирге эле көп жылдан бери иштеп келе жаткан, тажрыйбалуу мугалимдер Илим билим берүү кесип бирлик комитетинин "Ардагер мугалим " төш белгиси менен сыйланышты.  34 жылдан бери Надыр Мамбетов мектебинде физика сабагынын мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы Турдукан Жолдошовага "Ардагер мугалим " деген төш белги ыйгарылды. Ардактуу эс алууга аттанып турган башталгыч классынын мугалими Шерматова Айнагүл эжеке да төш белгинин ээси болду.  Үзүрлүү эмгек жолдорунда көптөгөн окуучуларды тарбиялап, уядан учурушкан.

 31.05.2019      567       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде таланттуу студенттер арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү

ОГПИде таланттуу студенттер арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү

ОГПИнин Музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана психология кафедрасында кезектеги илимий методикалык, маданий эстетикалык жумалык болуп, анын алкагында музыка адистигинде окуган студенттер ортосунда “Кош жылдыз” таймашы болуп өттү. Мелдешке музыка адистигинин ар бир тайпасынан бирден кыз-жигит катышып, жобонун негизинде дуэт ырдоо, сахналык көрүнүш аткаруу, улуттук аспаптардын коштоосунда элдик ыр аткаруу жана өзгөчө өнөр көрсөтүү менен өз чыгармачылыктарын көрүүчүлөргө тартуулашты. Кош жылдыздардын өнөрлөрү атайын түзүлгөн калыстар тобунун баалоосу менен жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында М-17 тайпасынын студенттери Урматбек у Марлен менен Абдисалам кызы Миргүл жеңүүчү аталышып, уюштуруу тобу тарабынан баалуу белек, диплом менен сыйланышты.

 31.05.2019      579       Кесиптик бирлик региондордо

Уважаемый Асылбек Токтогулович!

Уважаемый Асылбек Токтогулович!

Научное сообщество Национальной академии наук Кыргызской Республики выражает Вам благодарность в ходе решения вопроса повышения заработной платы научным сотрудникам академических институтов. Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики под Вашим руководством оказал юридическую и консультативную помощь, благодаря этому заработная плата научных сотрудников с 1 апреля 2019 года повышена на 30 %. Ученые НАН КР в липе Центрального комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики видят надежного защитника, обеспечивающего качественное решение социально-экономических проблем.

 29.05.2019      887       Маалыматтык бюллетень