Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

ОГПИде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

ОГПИде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

23-сентябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда кыргыз тилинин “Мамлекеттик тил” макамын алгандыгынын 30 жылдыгына арналган, "Эл дөөлөтү – эне тил" деген аталыштагы чоң майрамдык салтанат болуп өттү. Иш чара мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайда жарыяланган атайын бир айлыктын алкагында, Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулду.

 25.09.2019      1157       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз тилинин мамлекеттик макамын алганына, 30 жылдыгына карата майрамдык маанайлар

Кыргыз тилинин мамлекеттик макамын алганына, 30 жылдыгына карата майрамдык маанайлар

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.Мындан туура 30 жыл мурун,тактап айтканда,1989-жылы 23-сентябрда Кырыгыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып,андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.Мына,ошол күндөн тарта 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.Бул күнү жылда билим берүү мекемелеринде ар кандай сынактар,шаардык семинарлар,концерттик программалар,кол-өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп келет.Быйыл дагы шаардык деңгээлде ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусунда кыргыз ырлары жаңырып,мектептерде,бала бакчаларда тил майрамына арналган салтанаттар болуп өттү.

 25.09.2019      566       Кесиптик бирлик региондордо

Улуттун байлыгы-эне тили

Улуттун байлыгы-эне тили

20-сентябрь күнү Кочкор районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жѳнүндѳ» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата К.Темиров атындагы орто мектебинин жыйындар залында «Улуттун байлыгы-эне тили» аттуу конференция ѳткѳрүлдү. Конференцияга райондогу мектептерде эмгектенип жатышкан кыргыз тили мугалимдери жана окуучулар катышып, конференциянян ачылышы жана жабылышы Кыргыз тил Гимни менен коштолду.

 24.09.2019      535       Кесиптик бирлик региондордо

"Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу"

Республикалык форум Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында 3-4- сентябрь күндөрү болуп өттү. Форумга Кыргызстандын жети облусундагы Жаштар Кеңешинин төрагалары, жаш активистер жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Мамасыдыков Максат катышты. Форумдун экинчи күнү Токтогул ГЭСине саякат жасап, ГЭСтин ишмердүүлүгү менен терең таныша алдык. Андан соң Кара-Көл шаардык китепканасынын базасында форумдун официалдуу бөлүгү ачылып, жаштар өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү. "Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу" аттуу темада талкуу жүрүп төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды.

 24.09.2019      1361       2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Борбордук Комитеттин пленуму Көлдө өттү

Борбордук Комитеттин пленуму Көлдө өттү

2019-жылдын 20-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң айылында жайгашкан “Красная гвоздика” балдардын ден соолуктарын чыңдоочу жайынын базасында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп өттү. Анын ишине Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, райшаар, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрагалары, БК аппаратынын кызматкерлери, басма сөз өкүлдөрү катышышты. Пленумду кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

 23.09.2019      762       Маалыматтык бюллетень

Жаңы окуу жылына жаңы бала-бакча!

Жаңы окуу жылына жаңы бала-бакча!

Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш кичи шаарчасына үч тараптуу макулдашуунун алкагында жергиликтүү бийлик тараптан 50 орундук бала-бакча сентябрь айынан тарта ишке кирди. Ачылуу аземине  ЖКнын депутаты Айнура Осмонова, шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Айбек Джолдошев, шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Ырысбек Калчаев жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акуновдор  катышышты.

 20.09.2019      630       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз-таджик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жардам

Кыргыз-таджик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жардам

2019-жылдын 16-сентябрь күнү Лейлек районунун Кулунду айыл амагынын Максат айылынын чек ара аймагында кыргыз жана таджик чек арачылардын ортосунда болуп өткөн куралдуу кагылыштын натыйжасында Максат айылындагы жана ага жакын жайгашкан аймакта социалдык объекттерге, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна, турак-жайларына, мүлкүнө зыян келтирилип, жашоочулары кошуна айылдарга баш калкалоо максатында көчүрүлгөн.

 20.09.2019      536       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ачылышы

Лейлек районунда  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ачылышы

2019-жылдын 10-сентябрь күнү Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак жана Айбике айылдарында “Ак-шоола Айбике” жана “Асылкан” аталышындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы курулган ар бири 50 орундук эки мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди.

 20.09.2019      536       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча инструктаж, окуу-семинар өткөрүлдү

Эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча инструктаж, окуу-семинар өткөрүлдү

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2019-жылдын 17-сентябрь күнү Өзгөн районунун аймагындагы меткептердин, бала бакчалардын директорлоруна жана эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча бекитилген жооптуу кызматкерлерге Нускама берилип окуу-семинар өткөрүлдү. Окуу-семинарда «Эмгекти коргоо жана жумуш ордунда техникалык коопсуздук талаптары жөнүндө» «Жумуш ордунда өткөрүлүүчү нускаманы каттоо журналдары боюнча» Өзгөн РПКнын төрагасы И. Мырзамидинов слайд аркылуу кенири маалымат берди.

 20.09.2019      2942       Кесиптик бирлик региондордо

«Көркөм окуу» сынагы

«Көркөм окуу» сынагы

КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын планына ылайык 2019-жылдын 3нөн 17-сентябрга чейин Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан 1-курстун студенттери арасында «Көркөм окуу» сынагынын биринчи туру өткөрүлдү. Сынакты «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын улук окутуучусу Н.А.Молдалиева жана окутуучу К.К.Курманалиева алып барышты. Тандоонун жүрүшүндө 2 студент автордук ырлары менен катышышты. Жыйынтыгында 10 студент экинчи турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар 19-сентябрда университеттин ЧЖЗда өтүүчү КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Тил тагдыры-элдин дилинде» аттуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы жана алардын ичинен 3 «мыкты көркөм окуучу» тандалып алынмакчы.

 20.09.2019      828       Маалыматтык бюллетень

Кылым карыткан мааракеңиздер кут болсун!

Кылым карыткан мааракеңиздер кут болсун!

Сиздер эгемен өлкөдөгү карт тарыхка бай жана абройлуу коомдук уюмуңуздардын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин зор салтанат менен белгилединиздер. Октябрь революциясы орногондон 2 жылдан кийин 1919-жылы Кыргыз автоном облусунда Жер жана токой жумушчуларынын уездик профсоюзу түзүлүп, ошол учурдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки бир кылым бою ишмердүүлүгүн татыктуу жүргүзүп келе жаткандыгын мактоого татырлык деп айтууга толук негиздер бар. Сиздердин профсоюздун басып өткөн байсалдуу узак жолу мамлекетибиздин тарыхы менен жуурулушуп, ар бир тарыхый өзгөрүүлөр болгон сайын ал дагы өзгөрүп келди. 100 жыл ичинде республикада айыл чарбасы дүркүрөрөп өсүп, анда иштеген айыл эмгекчилеринин жашоо-турмушунун жакшырылышына Сиздердин профсоюз айтаарлык салымын кошкондугун, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган бараандуу эмгегин айтпай коюуга болбойт.

 17.09.2019      634       Маалыматтык бюллетень