Жаш профсоюз лидерлери - татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн!!!
2019-жылдын 26-сентябрь күнү Баткен шаарынын Балдар чыгармачылык борборунда Баткен областынын баштапкы профсоюз комитеттеринин жаш төрагалары жана райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жаштар кеңештери үчүн “Жаш профсоюз лидерлери - татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн !!!” деген темада областтык семинары болуп өттү. Иш чаранын максаты райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин алдындагы жаштар кеңештеринин жана баштапкы профсоюз комитеттеринин жаш төрагаларынын укуктук билимдерин жогорулатуу болду.
27.09.2019 527 Кесиптик бирлик региондордоЖаштар кеӊешинин төрагаларына жаңы тажрыйбалар
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси жана областтык жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов 2019-жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Ысык-көл областынын Бостери айылындагы “Талисман-Вилаж” эс алуу жайында Борбордук комитет жана Центр солидарности уюму менен биргеликте уюштурулган “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышындагы жаш лидерлердин жайкы мектебиндеги тажрыйбаларды жер жерлерде жайылтуу жана улантуу максатында 2019-жылдын 26-сентябрь күнү Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети жана областтык комитеттин алдындагы жаштар кенеши тарабынан «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн” деген темада райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин алдындагы жаштар кенештеринин төрагаларына жана жаныдан шайланган жаш баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларына семинар өткөрүлдү.
27.09.2019 610 Кесиптик бирлик региондордоОшто жаштардын достук мелдеши өтүүдө...
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ош шаарындагы ЖОЖдордун жана АОЖдордун жаштар комитеттеринин ортосунда спорттун футбол, волейбол, стол теннис түрлөрү боюнча мелдеши болуп өттү. Аталган иш чара окуу жайлардын ортосундагы биримдикти бекемдөө менен, ынтымак, достукту чыңдоо үчүн Ош шаардык Мэриясынын жаштар комитетинин демилгеси менен окуу жылы башталгандан тарта ишке ашып келе жатат. Эң алгач ОшТУда, андан соң ОшКУУда эстафета катарында болуп өткөн. Ага да институттун студенттери барып катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. Бул жолку оюн ОГПИде жалпы жаштардын башын бириктирип, жагымдуу маанайда коштолуп, жогорку деңгээлде улантылып жатат. Ар бир окуу жайдан түзүлгөн атайын командалар өзгөчө даярдык менен келип, атааңдаштарга ат салдырбайбыз деген күчтүү дем жана ортодогу достукту сактоо менен жигердүү катышышты. Бул саамалык учурдагы жаштардын спортко кызыкдар экенин далилдеп, дагы-да болсо алардан келечектин жаркын жашоосун күтүүгө боло турганын айгинелешти.
27.09.2019 509 Кесиптик бирлик региондордо«Кыргыз тилим менин дилим»
2019-жылдын 21-сентябрь күнү Кадамжай районундагы Халмион маданият сарайында тил майрамына карата кароо сынак болуп өттү. Иш чарага Билим берүү бөлүмүнүн методисттери, Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, тарбиячылар, ата-энелер жана 9 бала бакча толугу менен катышып, жогорку денгээлде өткөрүлдү. Иш чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдү эне тилин, кыргыз тилин сүйүүгө чакыруу. Жаш өспүрүмдөр ырдашып, бийлешип келген меймандарга жагымдуу маанай тартуулашты.
27.09.2019 1076 Кесиптик бирлик региондордоМамлекеттик тил мыйзамына – 30 жыл
2019-ж. 23-сентябрда Н.Исанов атындагы КМКТАУнун мамлекеттик тил, тарбия жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору, т.и.к., доц, С.А.Абылов, ТРАНСЭКОИНдин директору, т.и.д., проф.О.Т.Шатманов, окумуштуу катчы, т.и.к., доц. Н.А.Раджапова жана «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын жалпы эмгек жамааты Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышышты.
25.09.2019 697 Маалыматтык бюллетеньОГПИде Мамлекеттик тил күнү белгиленди
23-сентябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда кыргыз тилинин “Мамлекеттик тил” макамын алгандыгынын 30 жылдыгына арналган, "Эл дөөлөтү – эне тил" деген аталыштагы чоң майрамдык салтанат болуп өттү. Иш чара мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайда жарыяланган атайын бир айлыктын алкагында, Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулду.
25.09.2019 1156 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз тилинин мамлекеттик макамын алганына, 30 жылдыгына карата майрамдык маанайлар
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.Мындан туура 30 жыл мурун,тактап айтканда,1989-жылы 23-сентябрда Кырыгыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып,андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.Мына,ошол күндөн тарта 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.Бул күнү жылда билим берүү мекемелеринде ар кандай сынактар,шаардык семинарлар,концерттик программалар,кол-өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп келет.Быйыл дагы шаардык деңгээлде ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусунда кыргыз ырлары жаңырып,мектептерде,бала бакчаларда тил майрамына арналган салтанаттар болуп өттү.
25.09.2019 564 Кесиптик бирлик региондордоУлуттун байлыгы-эне тили
20-сентябрь күнү Кочкор районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жѳнүндѳ» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата К.Темиров атындагы орто мектебинин жыйындар залында «Улуттун байлыгы-эне тили» аттуу конференция ѳткѳрүлдү. Конференцияга райондогу мектептерде эмгектенип жатышкан кыргыз тили мугалимдери жана окуучулар катышып, конференциянян ачылышы жана жабылышы Кыргыз тил Гимни менен коштолду.
24.09.2019 534 Кесиптик бирлик региондордо"Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу"
Республикалык форум Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында 3-4- сентябрь күндөрү болуп өттү. Форумга Кыргызстандын жети облусундагы Жаштар Кеңешинин төрагалары, жаш активистер жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Мамасыдыков Максат катышты. Форумдун экинчи күнү Токтогул ГЭСине саякат жасап, ГЭСтин ишмердүүлүгү менен терең таныша алдык. Андан соң Кара-Көл шаардык китепканасынын базасында форумдун официалдуу бөлүгү ачылып, жаштар өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү. "Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу" аттуу темада талкуу жүрүп төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды.
24.09.2019 1358 2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"Борбордук Комитеттин пленуму Көлдө өттү
2019-жылдын 20-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң айылында жайгашкан “Красная гвоздика” балдардын ден соолуктарын чыңдоочу жайынын базасында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп өттү. Анын ишине Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, райшаар, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрагалары, БК аппаратынын кызматкерлери, басма сөз өкүлдөрү катышышты. Пленумду кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.
23.09.2019 761 Маалыматтык бюллетеньЖаңы окуу жылына жаңы бала-бакча!
Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш кичи шаарчасына үч тараптуу макулдашуунун алкагында жергиликтүү бийлик тараптан 50 орундук бала-бакча сентябрь айынан тарта ишке кирди. Ачылуу аземине ЖКнын депутаты Айнура Осмонова, шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Айбек Джолдошев, шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акуновдор катышышты.
20.09.2019 629 Кесиптик бирлик региондордо