Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Мугалим мөмөлүү дарак

Мугалим мөмөлүү дарак

Кыргыз элинде ар кесип ардактуу деп айтылат эмеспи. Бирок ошол ар бир кесиптин эң ардактуусу бул мугалимдик кесип аталат экен. Мугалимдик кесипти аркалоо татаал жана түйшүктүү болгону менен ардактуу деген сөз менен белгиленет. Мына ушул 5-октябрь “Мугалимдер күнү” майрамын утурлай Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги тарабынан куттуктоо уюштурулду. Майрамдык маанай тартулоо максатында кесиптик бирлик окуу жайдагы факультеттерге акчалай каражат бөлүп, ал эми бөлүмдөргө атайын алынган таттуулар берилди. Жыйынтыгында кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ыраазычылыктарын билдиришти.

 14.10.2019      601       Маалыматтык бюллетень

Карыларга камкордук

Карыларга камкордук

 “Карысы бардын - ырысы бар” - деп кыргыз элинде бекеринен айтылбаса керек. Карылар дайыма камкордукка алынып, ар тараптуу колдоого алынып туруусу, бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири.  Биз карылар мурас кылып калтырып жаткан, туура көрсөткөн жолун улап келечекке кадам таштообуз абзел. Карылар күнүнө карата 1-октябрда Бишкек гуманитардык университетинин кесиптик бирлиги тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан жана көп жыл үзүрлүү эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан карыларды куттуктоо иш чарасы уюштурулду. Кесиптик бирлик тарабынан сый тамак уюштурулуп, окуу жайдан атайын материалдык колдоо көрсөтүлүп, акчалай каражат бөлүнүп берилди. Майрамдык иш чарага 40тан ашуун аксакалдар келип,кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, баталарын беришти..

 14.10.2019      758       Маалыматтык бюллетень

ОТЧЕТНО-ВЫБОРНАЯ ПРОФСОЮЗНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ МОСКОВСКОГО РАЙОННОГО КОМИТЕТА ПРОФСОЮЗА РАБОТНИКОВ ОБРАЗОВАНИЯ

ОТЧЕТНО-ВЫБОРНАЯ ПРОФСОЮЗНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ МОСКОВСКОГО РАЙОННОГО КОМИТЕТА ПРОФСОЮЗА РАБОТНИКОВ ОБРАЗОВАНИЯ

8 октября 2019 г. в актовом зале Беловодской школы-лицей №3 состоялась отчетно-выборная районная профсоюзная конференция, где присутствовали делегаты от всех первичных профсоюзных организаций, директора школ и дошкольных учреждений, руководитель аппарата ЦК профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики Афанасьева Ирина Петровна, заведующий Московским РОО Тезекбаев Насирдин Казиевич.

 10.10.2019      668       Маалыматтык бюллетень

Профсоюз лидерлеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

Профсоюз лидерлеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

2019-жылдын 9-октябрь күнү Баткен районунун Бужун орто мектебинин базасында Баткен районундагы жалпы билим берүүчү уюмдардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ортосунда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан “Брейн-Ринг” интеллектуалык таймашы өткөрүлдү. Бул таймашта Дара зонасынан “Айкөл” командасы, Самаркандек зонасынан “Биримдик”, Кара-Бак зонасынан “Ынтымак” командалары ат салышты. Таймаш профсоюздук кыймылды даңазалоо жана ага мотивация берүү боюнча музыкалык үй тапшыра менен башталды. Таймаштын экинчи этабында катышуучуларга уюштуруучулар тарбынан даярдалган суроолор берилди. Суроолор Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, мыйзам актыларынын жана ар түрдүү жоболордун негизинде түзүлгөн. Таймаштын катышуучулары иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жолдору боюнча терең билимдерге ээ экендиктерин көрсөтө алышты. Таймаш өтө курч атаандаштыкта жана кызыктуу мазмунда өттү.

 10.10.2019      501       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Кемин районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы өттү. Майрамга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Аким-Н.А.Шаршеналиев, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Тулебаева, Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымы А.А.Чылабаева катышты. Майрамга карата Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин атынан баалуу белектер ыйгарылды жана "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланды. Майрамдык кечеде спонсорлордун атынан катышуучуларга белектер берилди..

 10.10.2019      612       Маалыматтык бюллетень

Үч тараптуу макулдашуу көп маселени чечет

Үч тараптуу  макулдашуу  көп  маселени  чечет

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына Баткен шаарындагы мугалимдерди сүйүнтту. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамынын” 8-беренесине жана Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр М.Рахимов), Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн (башчысы А.Ахматбеков) жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым М.Калыкова) ортосунда 2017-2019-жылдарга түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалим жана тарбиячылардын ар бирине 300 сом өлчөмүндө коммуналдык чыгымдар үчүн женилдиктер акчалай түрдө берилди . Жалпысынан Баткен шаарындагы 374 мугалим, тарбиячыларга 112200 сом которулду.

 10.10.2019      507       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерге урмат, сый көрсөтүлдү

   Мугалимдерге урмат, сый көрсөтүлдү

Кечээ жакында Каракол шаарындагы К.Жантөшов атындагы драм театрда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.Театрдын кире беришинде окуучулар менен мектеп жетекчилери жыйынга келген мугалимдерди шаңдуу музыканын коштоосунда гүл менен тосуп алышты. Жыйынды куттуктоо сөзү менен Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Урумов ачты. Андан соң шаардын мэри Каниметов А.Ж., шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Айсаракунов Э. А.билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. жана башка өкүлдөр куттукташып, сыйлыктарды, баалуу белектерди тапшырышты. Бул күнү мугалимдердин ары жоопкерчиликтүү, түйшүктүү анан да сыймыктуу милдети даңазаланып, урмат-сый көрсөтүлдү.Чынында эле мугалим өлкөнүн кыймылдаткыч күчү, коомдун күзгүсү эмеспи.

 10.10.2019      610       Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрам салтанаты

Кесиптик  майрам  салтанаты

Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанат 2019-жылдын 5-октябрында Алай районунун Гүлчө айылындагы «Ай көкүл» тойканасында болуп өттү. Салтанатка Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.С.Молдокулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу, инспектордук жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы К.М.Тутуев, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун кызматкери З.И.Молошев, Ош билим берүү институтунун кана башчысы А.Жороева, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров жана тиешелүү жетекчилер катышышып кесиптик майрам ээлерин куттукташты.

 10.10.2019      527       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-коомдун күзгүсү

Мугалим-коомдун күзгүсү

Мугалим-эскирбеген кесип. Педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билген көрөгөчтүгү, изденүүчүлүгү, баладай жумшак көңүлү, болгон күч-аракетин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы чоң урмат-сыйга татыйт. Мугалимдер күнүнө карата Ысык-Ата районунда салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышып, ардактуу кесиптин ээлерин куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.

 10.10.2019      679       Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ

МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ

2019-жылдын 5-октябрь күнү Кадамжай районундагы «Отдых» ресторанында мугалимдердин кесиптик майрамына карата азем өткөрүлдү. Майрамдык аземге Кадамжай райондук администрациясынын орун басары С.М.Асанова, мекеме-ишканалар, мектеп жетекчилери, бала бакча башчылары, сыйлык алуучу мугалимдер жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жалпысынан 340 адамдын катышуусунда өттү. Майрамдык кечени ачып берүү үчүн РайББ башчысы Ж.О.Гайбуллаев куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдерге өз сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлериннин төрагасы А.Ю.Момошов мугалимдерге каалоо-тилектерин айтып «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

 10.10.2019      662       Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДЕГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ

БАТКЕНДЕГИ    МУГАЛИМДЕРДИН    КЕСИПТИК   МАЙРАМЫ

Баткен шаарындагы Салкын-Төр кафесинде зор шаан-шөөкөт менен өткөрүлгөн Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы балдар мекемелеринен келишкен 200 гө жакын билим берүү кызматкерлери катышышты. Салтанаттуу аземди райондук раймамадминистрациянын башчысынын орун басары К.Кыдырова ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө үндөдү.

 10.10.2019      627       Кесиптик бирлик региондордо