Бакай-Ата районунда баштапкы профсоюздук комитеттин төрагалары менен профсоюздук-уюштуруу иштери багытында семинар өткөрүлдү
Бакай-Ата районундагы Жунусов атындагы орто мектебинде тармактык баштапкы профсоюздук комитеттеринин төрагалары менен «баштапкы уюмдарда профсоюздун-уюштуруу иштери» деген темада семинар уюштурулуп, 28-октябрь күнү өз ишин семинар 10.30 да баштап, 16.30 да аяктады.Семинардын ишине КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М. Кадыркулов, Профсоюздун Кара-Буура райкомунун төрайымы Абдыжапарова Р.М., Профсоюздун Бакай-Ата райкомунун төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Солпиев, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Сманова, жетектөөчү адиси Н.Сулайманкулова жана Бакай-Ата райкомунун казначейи В.Орозовалар катышышты. Семинарда Б.Кадыркулов слайд менен кеңири түшүндүрмө берип өткөрдү. Семинарда Б.Кадыркулов өзгөчө профкомдун алдындагы комиссиялардын иштерине, профкомдордун мүчөлөрүнүн мыйзамдык укуктары менен милдеттерине, профкомдун иш пландарын түзүү жана аткарылышына токтолду.
04.11.2019 548 Маалыматтык бюллетеньКонкурс жыйынтыкталды
Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгына карата Кочкор районундагы мектептерде эмгектенген мугалимдердин арасында улуу инсандын ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюу боюнча конкурстун финалдык туру жыйынтыкталды.
04.11.2019 489 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" атуу семинар өткөрүлдү
2019- жылдын 26- октябрында Лейлек районунун "Кара-Булак" орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" аттуу райондук семинар болуп өттү. Семинардын максаты жаш мугалимдерге илимий - теориялык, усулдук жардам көрсөтүү.
04.11.2019 626 Кесиптик бирлик региондордо“Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар болуп өттү
Ала-Бука районун Эргешов атындагы орто мектебинде “Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар 29-октябрь күнү болуп өттү. Семинарга Ак-Там айыл аймагынын метептеринин жана балдар бакчаларынын профкомдору катышты. Семинарды алгач райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев ачып профсоюздардын өткөн майрамы менен куттуктап калоо тилектерин айтып семинардын максатын, профсоюздун ролун мыйзамдардын аткарылышы иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнө кеӊири токтолуп өттү. Семинар негизинен суроо жооп жана ар бир катышуучу ой пикирлерин кеӊири айтуу менен жүрдү. Эргешов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы Ботобаев Бакыт мектепте үч тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча кеӊири айтып иш кагаздары менен тааныштырып бир топ суроолорго жооп берди.
30.10.2019 479 Кесиптик бирлик региондордоБаткенчи мекенчил мугалим
Биздин баштапкы профсоюздук уюмубуздун планына ылайык патриоттулук темасында Баткенчи жоокерлер менен жолугушуулар өткөрүп окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоону өркүндөөтүүдөбүз. Мектебиздин аскерге чейинки даярдык жана дене - тарбия боюнча мугалими Баткенчи жоокер Чолпонов Хайдарали Эргешбаевич балдарыбызды мекенди сүйүүгө, аны коргоого, кызмат кылууга даярдоо ишинде активдүү эмгектенүүдө.
30.10.2019 542 Кесиптик бирлик региондордо“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2019” тармак
Ноокен райондук комитеттин 2019-жыл иш планына ылайык “Мыкты профсоюздук уюмунун төрагасы-2019” кароо-сынагы 29-январь айындагы Президиум кеңешмесинин №1/5 токтомунун негизинде жарыяланып, октябрь айында жыйынтыкталды. Кароо-сынакка 8 балдар бакчасы жана 7 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышышты. Атайын түзүлгөн комиссия 10-15-октябрь күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган иштер жана кароо-сынактын шарттарын ордунда карап чыгышты. Комиссия 16-октябрь күнү жалпы жыйынтыкты чыгарып жеңүүчүлөр аныкталды.
30.10.2019 442 Кесиптик бирлик региондордоТаланттарды издейбиз-2019 кароо-сынагы өтүүдө
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген «Таланттарды издейбиз!» аттуу фестивалы жарыяланып, өткөрүлүп келет. Аталган саамалык быйылкы окуу жылында да иш жүзүнө ашып, учурда экинчи айлампасы өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
30.10.2019 475 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарасы боюнча маалымат
Жалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарасы боюнча маалымат
30.10.2019 580 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы ачылган мектептер
«Жаңы мектеп-жаңы тилек, жан жыргаткан үмүт жүрѳт» демекчи Кочкор районунун Арсы айылында Арсы орто мектебинин 150 орундуу жаңы имараты жана Мантыш айылында 240 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул мектептер Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясы “Ассанабил” кайрымдуулук фондусунун 1 динар программасы менен ишке ашырылып, курулду. Бул салтанатка Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Исаков, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин тѳрагасы А.Токтогулов жана Кувейт мамлекетинен келген коноктор катышты.
29.10.2019 674 Маалыматтык бюллетеньБишкекском горкоме профсоюза работников образования и науки были проведены мероприятия по чествованию пожилых ветеранов труда посвященные Международному дню пожилых людей
7,8,9 октября в Бишкекском гокоме профсоюза работников образования и науки были проведены мероприятия по чествованию пожилых ветеранов труда посвещенные Международному дню пожилых людей. Ветераны труда были бесплатно обследованы кардиологом, профессором Молдоташевым И.К. в медецинском центре “Рекард”.
29.10.2019 520 Маалыматтык бюллетеньОбкомдун VI Пленуму өткөрүлдү
2019-жылдын 25-октябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги VI Пленуму өткөрүлдү.Пленумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов обкомдун III – IV пленумдарынын аралыгында жүргүзгөн иштерине ар тараптуу (слайддар) менен баяндама жасады. Баяндаманы талкуулоого профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Э.Эгизалиевалар катышышты.
28.10.2019 507 Кесиптик бирлик региондордо