Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

«Менда өсүп толоормун, мекен сакчы боломун»

«Менда өсүп толоормун,  мекен сакчы боломун»

21-февраль күнү 23-февралга карата Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагына караштуу “Балажан-Олагыш ” балдар бакчасында Исмаилова Айчүрөк «Ак шоола» орто тайпасынын балдары менен биргеликте «Менда өсүп толоормун мекен сакчы боломун»- деген темада иш чара өткөрдү. Иш чарага Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сарымсаков, Рай БББ жетектөөчү адиси Г.Кадырова, С.Айдарова жана тарбиячылардын, ата-энелердин, жаш балдардын катышуусунда өттү. Иш чара жеткинчек жаш балдарды мекенди сүйүүгө, мекенди коргоого үйрөтүү максатында өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө концерттик программа да болуп, Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун төрагасы А.Момошов, тарабынан иш чара жогорку деӊгээлде өткөнүн айтып белектери менен сыйлады.

 28.02.2020      484       Кесиптик бирлик региондордо

"Менин профсоюзум -менин коргоочум"

Кемин райондук кесип бирликтер комитети Кичи Кемин  аймагындагы мектептердин профсоюз уюмдарынын  торайымдары менен бирдикте Б.Юнусалиев атындагы орто мектептин базасында «Менин профсоюзум -менин коргоочум» деген темада семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты "Аймактарды өнүктүрүү,өлкөнү санаптештирүү,балдарды колдоо" жылында тармактык профсоюз уюмдарынын ишмердигин жаны сапаттуу дэнгээлге көтөрүү. Семинардын милдети Кемин районунун билим берүү мекемелериндеги профсоюз лидерлеринин ишмердигин жогорулатуу жана билим берүү мекемелеринде иштеген профсоюз мүчөлөрүн укуктук-нормативдик документтер менен тааныштыруу ,камсыз кылуу. Семинарда Кемин райондук кесип бирлигинин төрайымы А.Т.Чылабаева - Семинардын катышуучуларына ийгилик каалап өттү. Ал эми семинарды Кичи Кемин орто мектебинин төрайымы Р.Султанбаева жана  мектептин профсоюз мүчөлөрүнүнүн катышуусунда кызыктуу  өттү. Семинардын катышуучулары топторго бөлүнүп өз ой пикирлерин айтып өтүштү. Семинардын акырында А.Т.Чылабаева төрайымдарды келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык  майрамы менен куттуктап баалуу белектерди тапшырды

 28.02.2020      560       Маалыматтык бюллетень

Отчеттук кайра шайлоо болуп жаӊы төрайым шайланды

Отчеттук кайра шайлоо болуп жаӊы төрайым шайланды

2020-жылдын 25-февралында Аксы районундагы №18 Арча-Бешик атындагы мектепке чейинки балдар бакчасында отчеттук кайра шайлоо болуп өттү. Отчеттук кайра шайлоодо бир жылдык  жасаган иштерин №18 Арча-Бешик атындагы  профсоюз уюмунун  төрайымы Тилешова Жамийла  өз сөзүндө профсоюз мүчөлөрүнө берилген жардамдарды, коопсуздук эрежелерине сакталышына тийгизген таасирине, бала бакчада иштеген жумушчулардын жумушта жакшы шаарт түзүлгөндүгүнө  жана аларга от жаккычтарга  күн сайын 200 грамм сүт берилип турарына, жайкы эс алуу жогорку денгээлде уюштурулганын жана ошондой эле 2 жылдан бери райондук профсоюз уюштурган мелдеште 1-оорунду алып келип жатканын демөөрчүлөр менен профсоюздан  берилген акча каражаттын сарамжалдуу колдонгондугун өз доклатында кенен белгилеп кетти. Чогулуштун жүрүшүндө жакшы деген баага колго салынып бир добуштан колдого алынды. Андан кийин текшерүү комиссиясынын төрайымы Жуманазарова Манзура алгылууктуу иш жүрүп жаткандыгын белгилеп өз баяндамасында бардык суроолорго жооп берип канаттандырарлык деген баага татыды. Билим берүү, илим кызматкерлеринин Аксы райондук комитетинин төрагасы Камчыбеков Сагын сөз сүйлөп  аткарылган иштерге токтолуп профсоюздун иштерине кемчилик менен жетишкендиктерди айтып кошумча кенен түшүндүрмө  берип, суроо жоопторго жооп берип кетти. Тилешова Жамийланын ушул бала бакчага директор болуп кеткендигин эске салып комитет мүчөлүгүнөн чыгарып башка профсоюз башчысын шайлоого кимден кандай сунуш пикирин сурады, коллектив бир добуштан Шадыбекова Буйзакраны көрсөтүшүп жаӊы төрайымды шайлап алышты. Жаӊы төрайымга жаны күч кубат каалашып бала бакчанын өнүп  өсүүсүнө салымын кошоруна ишенишип жакшы тилек менен калоолор айтылды.

 28.02.2020      444       Кесиптик бирлик региондордо

“Строя и песни”

“Строя и песни”

24 февраля  2020  года  в  средней  школы  №1  имени  Н.Островского  г.Таш-Кумыр  был  проведён  конкурс  “Строя и песни”,  посвящённый  дню  защитника  Отечества  в  целях  военно-патриотического  воспитания. В конкурс  приняли  активное  участие  учащихся  8-11  классов.  Классы  были  очень  хорошо  подготовлены,  подобраны  песни  на  патриотическую  ему. В  конкурсе  I -  место  заняли  учащиеся  10  класса  классный  руководитель  -  Балакунова А.Дж.  II – место занял 9 «А»  класс классный руководитель – Шмакова  Т.Г.  III-  место  занял  8  «Б» класс  классный  руководитель – Мамбеталиева  Н.А.  “Гран-при”  занял  11  класс, классным  руководителем  является  Бекташова  А.М. Конкурс  подготовлен  организатором  Конкобаевой  Г.К.  

 25.02.2020      606       Кесиптик бирлик региондордо

13 февраля 2020 года состоялось второе очередное заседание “Совета по взаимодействию и правовой защите”

13 февраля 2020 года состоялось второе очередное заседание  “Совета по взаимодействию и правовой защите”

13 февраля 2020 года состоялось второе очередное заседание “Совета по взаимодействию и правовой защите” с участием главных специалистов по правовым вопросам и специалистов по кадровой работе Управления образования при Мэрии и районных Центров образования города. Участники заседания обсудили и обменялись мнениями по ситуациям, которые возникли в деятельности школ и дошкольных организаций за I квартал 2020 года: 1. Какие можно принять меры при конфликтах между родителями и учителями при поступлении в адрес учителей оскорблений, шантажа, угроз от родителей или третьих лиц? Рекомендовано: В целях защиты чести и достоинства работников образования в случае разрешения конфликтных ситуаций, возникающих между учителями и родителями, основными нормативными документами должны стать Закон “О статусе учителя”, а именно статья 6 (Родители учащихся не имеют права на неоправданное вмешательство в вопросы, которые по своему характеру входят в круг профессиональных обязанностей учителя), а также Устав школы или дошкольной организации, в котором прописаны нормы взаимоотношений между работниками образования и родителями.

 25.02.2020      522       Маалыматтык бюллетень

Исфана орто мектебинде “Мыкты мугалим-2020” конкурсу

Исфана орто мектебинде “Мыкты мугалим-2020” конкурсу

2020-жылдын 22-февраль күнү Лейлек районундагы "Исфана" орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген “Региондорду оөнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында "Мыкты мугалим - 2020" кароо сынагынын мектептик баскычы өткөрүлдү. Кароо сынакка мектептин 6 усулдук бирикмесинен 6 мугалим катышып, өз ара ат салышты. Жыйынтыгында "Исфана" орто мектебинин "Мыкты мугалим - 2020" наамын мектептин математика мугалими Хусан уулу Довлатжан женип алды. Катышуучуларга мектеп администрациясы, кесиптик кошун, мектептин демөөрчүлөрү тарабынан 15000сомдон жогору баадагы ар түрдүү белектер, тийиштүү мекемелердин "Ардак грамоталары", "Ыраазычылык каттары", ошондой эле, мектеп администрациясынын атайын үлгүдөгү дипломдору ыйгарылды. Уюштуруу жана жабдуу иштерине 10000сомго жакын акча каражаты сарпталды. Ошондой эле, мектептин директору Худойназаров Довронбек Собиржанович февраль айынын жыйынтыгы менен Лейлек райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин грамотасы менен сыйланды.

 25.02.2020      664       Кесиптик бирлик региондордо

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана боорукерсиздик

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана боорукерсиздик

Аксы районунуна караштуу Кызыл-Туу айыл окмотуно караштуу С.Айтиев, М.Барпиев, Аркыт, Э.Арстанбаев мектептеринде «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана боорукерсиздик» деген темада тарбиялык сааттар отулду. Сабактын максаты: Кылмыштулуктун кесепети коомго тийгизген терс таасири, боорукерсиздиктин тубу кылмыштуулукка алып бараарын окуучуларга кенири тушундуруу, окуучулардын ойлоо жондомдорун остуруу менен бирге убакыттарын туура пайдаланууга, келечекке туура кадам коюуга ундоо жана багыт беруу. Окуучуларды боорукердикке, адептуу болууга тарбиялоо. Сабактын журушундо «Боорукерсиздиктин кесепети- уурулукка жана таш боорлукка алып келет» аттуу видео ролик корсотулуп окуучуларга кенен тарбия таалим берилди.

 25.02.2020      746       Кесиптик бирлик региондордо

“Мыкты устат шакирт-2020”

“Мыкты устат шакирт-2020”

Лейлек районунун “Достук” орто мектебинде үстүбүздөгү жылдын 15-февраль күнү мектептеги окуу-тарбия процессин жандандыруу, насаатчы мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу менен бирге жаш адистердин жумушка болгон кызыгуусун арттыруу, малекеттик тилдин статусун бекемдөө жана кадыр-баркын көтөрүү, жаш адистерге кесиптик такшалуу жагынан көмөк көрсөтүү аркылуу мектептин кадрлар боюнча мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, мугалимдер арасындагы достук мамилени чыңдоо, бекемдөө, ынтымакка жана бирмдикке чакыруу максатында “Мыкты устат шакирт-2020” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Кароо-сынак насаатчы мугалим менен жаш адистин педагогикалык жана психологиялык жүзү, иш аракеттери, өзүн алып жүрүүсү жана ар кандай абалдарда өзүн кармай билүүсү, ар кандай кырдаалдан чыга билүүсү сыяктуу мугалимдик такт, жесттерге жаш адистерди даярдоого багытталган 6 шарттан туруп өтө кызыктуу болуп, конкурсанттар активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, баштапкы профсоюз тарабынан даярдалган чакан белектер менен сыйланышты.

 25.02.2020      514       Кесиптик бирлик региондордо

ИЛИМПОЗДОРДОН КЕЗЕКТЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯ

ИЛИМПОЗДОРДОН КЕЗЕКТЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯ

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Даир Кенжебаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге конок лекция окуду. Аталган лекция “Котормонун теориясы жана практикасы” деген аталышта болуп ага ОГПИде филологиялык билим берүү багыты боюнча даярдалып жаткан кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис жана кытай тили адистигинде окуган студенттер катышышты. Студенттер үчүн бир топ маалымат алууга шарт түзүлгөн бул саамалыкта котормо таануу илиминин адам турмушундагы ролу жана анын учурдагы актуалдуулугу, филолог адистер үчун котормо өнөрүнүн мааниси, котормочудан талап клынуучу кесиптик сапаттар тууралуу кенен сөз болду. Ошондой эле Д.Кенжебаев практик котормочу катары да ой-пикирлерин билдирип, котормочулук өнөрдүн артыкчылыктары, өзүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдору тууралуу өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын мисалында баяндап берди.

 25.02.2020      419       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде билим берүү кызматкерлеринин “Ден-соолук-2020” спартакиадасы өткөрүлдү

Ноокенде билим берүү  кызматкерлеринин “Ден-соолук-2020”  спартакиадасы өткөрүлдү

2020-жылдын 22-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы Масы спорт клубунун залында жана №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин базасында билим берүү кызматкерлеринин “Ден-Соолук-2020” спартакиадасы спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча 9 айыл аймактын курама командаларынан 300 дөн ашуун билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү. Спартакиаданынын ачылышына Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип катышышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду Кочкор-Ата шаарынын билим берүү кызматкерлеринин курама командасы, 2-орунду Шайдан айыл аймагы, жана 3-орунду Арал айылынын курама командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 25.02.2020      615       Кесиптик бирлик региондордо

Акылдуу мектеп- келечектин мектеби

 Акылдуу мектеп- келечектин мектеби

Жалал- Абад облусунун Кара- Көл  шаардык билим берүү бөлүмү жергиликтүү бийлик, жергиликтүү депутаттар  менен кызматташып, “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында 6 жалпы билим берүүчү орто мектепти, 2 башталгыч мектепти, 3 мектепке чейинки билим берүү мекемесин интернет тармагы менен туташтырып, видеобайкоо көзөмөл орнотту. Бул иштер аткарылгандан кийин мектептер замандын агымынан калбай “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашырып жатышат.  Анын алкагында мугалим- адистер муну учурдун талабы экендигин белгилешип,  компьютердик  маалымат техникаларын өз каражаттарынын эсебинен сатып алып жатышат. Мында, “Электрондук мектеп”, “Электрондук мугалим”, “Электрондук окуучу”, “Электрондук ата- эне”  катышкан “Электрондук чөйрө” түзүлөт . Ар бир катышуучунун милдеттери белгиленген. “Электрондук мектепте” электрондук журнал түзүлүп, окуучуларга коюлган баалар,  отчеттор, каттар алмашуу, окуу программалары ж.б. иш кагаздар электрондук форматта жүргүзүлөт деп жатабыз. “Электрондук окуучу” электрондук күндөлүк жана электрондук тапшырмаларды аткарууга катышышат. “Электрондук мугалим”  - санарип мугалим катары компетенттүү болуш үчүн мугалимдер компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында шаарыбызда жаңыдан ачылган “Элдердин достугу” окутуу борборунан окуп жатышат.

 25.02.2020      1236       Кесиптик бирлик региондордо