Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Ноокенде билим берүү кызматкерлеринин “Ден-соолук-2020” спартакиадасы өткөрүлдү

Ноокенде билим берүү  кызматкерлеринин “Ден-соолук-2020”  спартакиадасы өткөрүлдү

2020-жылдын 22-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы Масы спорт клубунун залында жана №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин базасында билим берүү кызматкерлеринин “Ден-Соолук-2020” спартакиадасы спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча 9 айыл аймактын курама командаларынан 300 дөн ашуун билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү. Спартакиаданынын ачылышына Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип катышышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду Кочкор-Ата шаарынын билим берүү кызматкерлеринин курама командасы, 2-орунду Шайдан айыл аймагы, жана 3-орунду Арал айылынын курама командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 25.02.2020      610       Кесиптик бирлик региондордо

Акылдуу мектеп- келечектин мектеби

 Акылдуу мектеп- келечектин мектеби

Жалал- Абад облусунун Кара- Көл  шаардык билим берүү бөлүмү жергиликтүү бийлик, жергиликтүү депутаттар  менен кызматташып, “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында 6 жалпы билим берүүчү орто мектепти, 2 башталгыч мектепти, 3 мектепке чейинки билим берүү мекемесин интернет тармагы менен туташтырып, видеобайкоо көзөмөл орнотту. Бул иштер аткарылгандан кийин мектептер замандын агымынан калбай “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашырып жатышат.  Анын алкагында мугалим- адистер муну учурдун талабы экендигин белгилешип,  компьютердик  маалымат техникаларын өз каражаттарынын эсебинен сатып алып жатышат. Мында, “Электрондук мектеп”, “Электрондук мугалим”, “Электрондук окуучу”, “Электрондук ата- эне”  катышкан “Электрондук чөйрө” түзүлөт . Ар бир катышуучунун милдеттери белгиленген. “Электрондук мектепте” электрондук журнал түзүлүп, окуучуларга коюлган баалар,  отчеттор, каттар алмашуу, окуу программалары ж.б. иш кагаздар электрондук форматта жүргүзүлөт деп жатабыз. “Электрондук окуучу” электрондук күндөлүк жана электрондук тапшырмаларды аткарууга катышышат. “Электрондук мугалим”  - санарип мугалим катары компетенттүү болуш үчүн мугалимдер компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында шаарыбызда жаңыдан ачылган “Элдердин достугу” окутуу борборунан окуп жатышат.

 25.02.2020      1227       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында жаш спортчулардын ийгилиги бааланды

Таш-Көмүр шаарында жаш спортчулардын ийгилиги бааланды

Таш-Көмур шаарынын мэри Р.Асаналиев Румыния мамлекетинде өткөрүлгөн спорттун кол күрөш боюнча Дүйнөлук чемпионатынын баш байгесин башкача айтканда алтын медалдын ээси болгон Каратаева Жибекке,күмүш медалынын ээси №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинин окуучусу Аскат уулу Өткүргө,Монголия мамлекетинде өткөрүлгөн бокс боюнча Азия чемпионатынын катышуучусу Бактыбек уулу Эдилге жана алардын машыктыруучусу балдар чыгармачылык үйүнүн мугалими Каныбек Эсенгелдиевге 15000 сомдон,10000 сомдон финансылык колдоо көрсөтүп спорттогу ийгиликтери үчүн ыраазычылыгын билдирди.Бул колдоо окуучуларыбызга жана машыктыруучусуна чоң стимул болуп алдыды дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратышарына үмүтүбүз чоң.

 25.02.2020      404       Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2020»

  «Жыл мугалими-2020»

2020-жылдын 19-февраль күнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Жомий атындагы орто мектебинин чон залында “Жыл мугалими -2020” аймактык кароо сынагы болуп отту. Кароо сынака Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сарымсаков, Рай БББ жетектөөчү адиси Г.Кадырова, С.Айдарова жана мугалимдердин катышуусунда өттү. Кароо сынака төмөнкү 9 мугалим катышты.

 25.02.2020      812       Кесиптик бирлик региондордо

Дорогие коллеги!

Дорогие коллеги!

23 февраля — поистине всенародный праздник, воплощающий в себе самоотверженное служение Родине, воинскую доблесть, неразрывную связь поколений и преемственность ратных традиций. В этот праздник мы отдаем дань уважения и чтим память всех воинов, которые защищали нашу родную землю от врагов. Пусть все войны останутся в прошлом, а сражения будут только на мирном фронте. Любой кыргызстанец, находится ли он на боевом посту или занимается мирным делом, – прежде всего защитник своей Родины. И каждый своим трудом вносит вклад в приумножение богатства и славы Кыргызстана. В День защитника Отечества желаю всегда оставаться настоящим воином: мужественным и сильным, решительным и находчивым, умело решать все задачи и преодолевать любые жизненные препятствия. Желаю вам благополучия, долголетия, неувядающей энергии и стального здоровья. Пусть вас во всем сопровождает успех, каждый день будет счастливым, освещенным радостными событиями, встречами с настоящими друзьями, нежной любовью близких и родных людей!

 21.02.2020      574       Маалыматтык бюллетень

Ардагерлерге сый урмат

Ардагерлерге сый урмат

23-февраль күнү Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, Ноокен районунун билим берүү тармагынын ардагер агайлары чакырылды. Иш чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиевалар катышышты. Жетекчилер келген конокторду майрамдары менен куттукташып, майрамдык белектерди тапшырышты. Аземдин сыйлуу коноктору жетекчилерге билим берүү тармагында жүргүзүп жаткан иштерин дагыда өркүндөтүүдө чоң салымдарын кошуп жаткандыктарын белгилешип,ыраазычылыктарын билдиришти.

 21.02.2020      477       Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы жылда жаӊы эс алуу

Жаӊы жылда жаӊы эс алуу

2020-жылдын эсебинен №10 Учкун, №22 Айкол атындагы мектепке чейинки бала бакчалардын жетекчилери Турдубаева Дарика менен Тойматова Элмира эжеке Жалал-Абад курортунда болушуп ден-соолугун чындашып эс алышып келишти. Бул жолдомону берген Жалал-Абад облустук жанан Аксы райондук профсоюз комитеттине абдан ыраазычылыктарын билдиришип жаны окуу жылында жаны күч дем менен жаны ийгиликтерге жетишерин убада кылышты.

 21.02.2020      510       Кесиптик бирлик региондордо

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

15-20-февраль күндөрү Ноокен районундагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдары жана жаштар кеңештери тарабынан 15-февраль Афганчылар күнү жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Анда концерттик программалар тартууланып, тегерек столдор, спорттук мелдештер уюштурулду. Иш чараларга афган согушунун, Баткен, Чернобль окуяларынын катышуучулары чакырылды. Андан сырткары Ноокен райБББнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышышты. Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча 10-11-класстарынын окуучулары өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

 21.02.2020      681       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду

Аксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду

2020-жылдын 18-февралында Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитетинин аткарган иштери боюнча бир жылдык отчетун берди. Райондук комитеттин төрагасы Сагын Камчыбеков бул кызматта иштегенине 3 жылдын жүзү болду. Ар жылы аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берип, алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча айтып өттү. 2019-жылда комитетте алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн коопсуздугуна,ден соолугуна,иштеген иш орундарына көңүл бурулуп келет.22 мүчө ден соолугун чыңдоо үчүн санаторияларга жолдомо менен барып, эс алышты. 12кесип бирлик мүчөлөрү материалдык жардам көрсөтүлдү, 25 эң мыкты иштеген мүчөлөр Ысык-көлгө эс алууга жиберилди. Кароо сынактардын жеңүүчүлөрү да белектерге ээ болушту. Райондук профсоюздар бөлүнгөн профвызностор туура багыттарга бөлүштүрүлгөн. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты профсоюз уюму" деген конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык, грамоталар менен сыйланышты. Профсоюз уюмунун алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы байкалды.

 21.02.2020      422       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында профсоюз лидерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 517 токтому менен бекитилген нускама боюнча окутулду

Баткен  шаарында  профсоюз  лидерлери  Кыргыз Республикасынын     Өкмөтүнүн № 517 токтому менен бекитилген нускама боюнча   окутулду

2020-жылдын 11-февралында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин базасында мектеп жана балдар бакчаларынын директорлору,баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары, окуу бөлүмүнүн башчылары, иш кагаз жүргүзүүчүлөр жалпысынан 42 кишиге билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин демилгеси менен окутуу семинары өткөрүлдү. Семинарды уюштуруунун максаты: проф.лидерлердин иш кагаздарды туура жүргүзүү үчүн сабаттуулугун жогорулатуу, Бузуулар Кодексине түш болбоо жана проф.лидерлердин активдүүлүгүн жогорулатуу.

 21.02.2020      480       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаары 20-февральда Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн өткөрдү

Баткен  шаары  20-февральда  Бүткүл  дүйнөлүк   социалдык   адилеттүүлүк  күнүн   өткөрдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февраль “Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү” деп жарыялагандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы “Социалдык адилеттүүлүк дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” № 110 токтомуна ылайык Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде 2020-жылдын 10-февралынан 10-мартына чейин Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жарыяланган. Профсоюз мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык кепилдиктер жөнүндө туура маалымат берүү, көйгөйлүү суроолорго жооп алуу жана ар бир билим берүү кызматкеринин маалыматтуулугун жогорулатуу, проф.активисттердин ишин жандандыруу максатында Баткен шаардык комитети В.И.Ленин орто мектебинде 67 профсоюз мүчөсүнүн катышуусу менен ачык эшик күнүн өткөрдү.

 21.02.2020      726       Кесиптик бирлик региондордо