Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Уважаемые коллеги!

Уважаемые коллеги!

Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики направляет Вам приказ Министерства образования и науки Кыргызской Республики от 14 марта 2020 года №282/2, который регламентирует установление преждевременных весенних каникул с 16 марта по 8 апреля 2020 года.

 17.03.2020      794       Маалыматтык бюллетень

В Бишкеке прошел митинг против законопроекта «О профсоюзах»

В Бишкеке прошел митинг против законопроекта «О профсоюзах»

У Дома профсоюзов 16марта 2020года прошел митинг. Участники выступили против поправок в Закон «О профсоюзах». По их словам, сегодня парламентский комитет по социальным вопросам, образованию, науке, культуре и здравоохранению в срочном порядке поставил в повестку дня обсуждение законопроекта. «В Жогорку Кенеше создана комиссия по этим поправкам. До окончания их работы проект не должны были рассматривать. Но жена экс-председателя ФПК Мирбека Асанакунова депутат Гулкан Молдалиева решила в спешке провести этот антиконституционный проект в третьем чтении», — заявили участники митинга. По их словам, законопроект противоречит международным конвенциям, Конституции страны и нарушает права человека.

 16.03.2020      549       Маалыматтык бюллетень

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин алдыдагы максаттары жана милдеттери

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин алдыдагы  максаттары жана милдеттери

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин VII съезди  2020-жылдын 3-мартында тармактык профсоюздун эң жогорку башкаруу органынын делегаттары жана конокторунун катышуусунда өткөрүлдү.Бул съездде 2015-2019-жылдар арлыгында аткарылган иштердин отчёту берилип,профсоюз мүчөлөрүнүн уюмдашуу жагдайынын сандык өсүшкө ээ болуусу,жаштар менен иштөө алардын укуктарын коргоо,ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштери колго алынгандыгы баса белгиленди.Ошондой эле профсоюз уюмдарынын алгылыктуу аракеттеринин натыйжасында социалдык өнөктөштүк мамилелери чыңдалып,республикалык,областтык,шаардык,райондук,мектептик,бала бакчалык башка уюмдук макулдашуулар жана жамааттык келишимдер түзүлүп,аткарылышы көзөмөлгө алуу жактары жолго коюлгандыгы мындан нары дагы күчөтүлөөрү айтылды. Съезддин күн тартибинде каралган маселерди угуп,катышкан жалпы делегаттар профсоюз уюмунун алып барган иштери канааттандырарлык деп табышып алдыга койгон максаттары жана милдеттерди ишке ашыруунун жолдорун ачык айтышып,жер жерлерде баштапкы профсоюз уюмдарына жеткирүү жагына милдеттенип кайттык. Биринчиден профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү.

 16.03.2020      489       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди биз жаштарга жакынкы келечек үчүн багыт берди

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди биз жаштарга жакынкы келечек үчүн багыт берди

2020-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди болуп өттү. Анда республика боюнча жалпы тармактык профсоюздан 120 делегат катышып, алардын 35 % жаштар түздүк. Съезддин жүрүшүндө Борбордук Комитеттин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин жана текшерүү комиссиясынын төрагасы Урбаев Улан Шаймергеновичтин өткөн 5 жылда аткарылган иштер жөнүндөгү отчету угулду. Делегаттар тарабынан 5 жыл аралыгында Борбордук Комитет тарабынан аткарылган иштер “канааттандырарлык” деп бааланды. Борбордук Комитеттин 2017-жылдын 11-апрелиндеги Президиумунда бекитилген “Жаштар Кеңеши жөнүндөгү” жобосу тармактык профсоюзда жаштар иштерин ишке ашырууда, жаш адистердин эмгек укуктарын коргоодо, колдоодо, социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө өбөлгө түзүүдө.

 16.03.2020      511       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында жалпы жазгы ишембилик өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында жалпы жазгы ишембилик өткөрүлдү

13-14-мартта Таш-Көмүр шаарында айлана-чөйрөгө жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бул ишембиликте шаардын тургундары менен биргеликте мектептин мугалимдери,мекеме ишканалардын жумушчулары активдүү катышышты. Ишембиликке жалпы 2250 адам катышып, 49 тонна таштандылар чыгарылды. Мектептин мугалимдери жана кенже кызматкерлери көчө бойлой шаардын санитардык абалын жакшыртуу жана коомчулукка үлгү көрсөтүү менен тазалоо иштерин аткарышты.

 16.03.2020      536       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Омонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысынын жугуштуу ооруулар жөнүндөгү сабактары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Омонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысынын жугуштуу ооруулар жөнүндөгү сабактары өткөрүлдү

2020-жылдын 13-мартында Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан жана профсоюз уюмунун башчысы Жамила Бакирова позитивдүү тарбия иш-чарасынын алкагында “Микробдор каяктан келел”темасында ачык тарбиялык сааттарды өткөрүп,окуучуларга жугуштуу ооруулар жөнүндө кеңири маалымат берүү менен өздүк гигиенасын кантип сактоонун жолдорун үрөттү.Ошондой эле бул иш-чарага жалпы мугалимдер жамааты катышып,эжекенин алгылыктуу иштерине мектеп жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдиришти.

 16.03.2020      649       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы №1-14 мектептерде “Эмне үчүн китеп окушубуз керек ”деген темада масштабдуу тренинг старт алды.Профсоюз уюмунун Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жана “Кыргыз Жаш-Күч”коомдук бирикмесинин тренери Чыңгыз Урматаалиевдин демилгеси менен мектеп окуучуларына,алардын ата-энелерине,шаардык китепканаларга,алардын жумушчуларына жана каалоочуларга тренингдер өткөрүлүп,коомдо жакшы колдоого ээ болуп жатат.Ошондой эле ушул эле тренинг мектеп директорлоруна жана тарбия иштер боюнча директордун жардамчыларына дагы уюштурулду.

 16.03.2020      452       Кесиптик бирлик региондордо

Көрктөндүрүү-2020

Көрктөндүрүү-2020

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча түзүлгөн үч айлык иш планына ылайык ар апта сайын университеттин территориясында көчөттөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат. Ал эми университетке жакын жайгашкан көчөлөрдү санитардык тазалоо иштери аптанын жума, ишемби күндөрүндө өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, мындай коомдук иш-чара окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер тарабынан кызуу колдоо таап, Бишкек шаарыбызды «жашыл шаар» болушуна өз салымбыз кошобуз деген ураан алдында ишке ашырылууда.

 16.03.2020      639       Маалыматтык бюллетень

«БИЗ КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА УКУК БУЗУУЧУЛУККА КАРШЫБЫЗ!!!»

«БИЗ КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА УКУК БУЗУУЧУЛУККА КАРШЫБЫЗ!!!»

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Эшме айылындагы «Эшме» орто мектебинде «Биз кылмыштуулукка жана укук бузуучулукка каршыбыз!!!» - деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга жетекчилер, мугалимдер, айыл өкмөттөн аксакалдар, айылдык сотунан жана айылдык депутаттардын өкүлдөрү келип 8-9-10-11- класстардын окуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Семинардын максаты - өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана талап-тоноо, араздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кесепеттери менен күрөшүү.

 13.03.2020      1354       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскердик-спорттук мелдеш өткөрдү

Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети  Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскердик-спорттук мелдеш өткөрдү

2020-жылдын 20-февраль күнү№6-окуу имаратындагы спорт залда 23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кесиптик бирлик комитети, кесиптик колледж жана факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы тарабынан уюштурулган “Аскердик-спорттук мелдеш” өткөрүлдү. Иш чарага кесиптик колледждин кыргыз-кытай, экономика, маалыматтык технология, укук таануу, педагогика бөлүмдөрүнөн түзүлгөн 10 команда катышты. Мелдешти Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ачып, мырзаларды Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалап, студенттерди ынтымакка, патриоттуулукка чакырды. Куттуктоо сөздөрүн о.э. башкы инженер Адылбек Маматов менен юридика факультетинин доценти Кадыр Уметов да айтышты.

 13.03.2020      632       Маалыматтык бюллетень

Семинар по охране труда

Семинар по охране труда

Московским районным комитетом профсоюза 5 марта был проведен семинар по охране труда для руководителей образовательных организаций. В конце семинара все участники получили методическое пособие «Рекомендации по организации работы по охране труда в школах, школах-интернатах, детских дошкольных и внешкольных учреждениях». Рассмотрены следующие вопросы: Основные законодательные и НПА по охране труда в образовательных учреждениях. Основные понятия и требования охраны труда. Должностные обязанности руководителя образовательного учреждения по охране труда. Содержание инструкций по ОТ. Обучение и инструктирование работников образования. Виды инструктажей. Контроль соблюдения требований охраны труда. Ответственность за нарушение законодательства об охране труда.

 13.03.2020      506       Маалыматтык бюллетень