Новости и события

  • 11.12.2014 Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму болуп өттү. Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму 2014-жылдын 9-декабрь күнү Баткен шаарында өткөрүлүп, отурумда төмөнкүдөй маселелер каралды: 1. жаштар кенешинин жобосуна толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү 2. жаштар кенешинин мүчөлөрүнүн курамын толуктоо, 3. жаштар кенешинин 2015-жылга иш планы бекитүү.


    Раздел: Профсоюз в регионах
  • 05.12.2014 Инновационные подходы в профсоюзной деятельности вуза по работе со студенческой молодежью, их социальной защите Иннова́ция, нововведение (англ. innovation) — это внедрённое новшество, обеспечивающее качественный рост эффективности процессов . Современная динамика общественных отношений, заставляет и профсоюзную организацию идти в ногу со временем. Постоянно модернизируются подходы и методы работы со студенческой молодежью.


    Раздел: Информационный бюллетень
  • 05.12.2014 Кайрымдуулук акциясы жүрүүдө Ноокен районунда декабрь айында кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп ден-соолугу, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга камкордук кылуу чаралары жүрүүдө. Ошондой эле иш чара 3-декабрь күнү Шайдан айыл аймагындагы Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде болуп өттү. Акцияга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К.Осмонов, орун басары Н.А.Бекжигитова, райондук ишкана, мекмелериден жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү, мектептин жамааты жана окуучулары катышты.


    Раздел: Профсоюз помог
  • 05.12.2014 ОшМУда бириккен профсоюз комитетинин XXXIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду Конференцияга 171 делегаттан тышкары КРнын Профсоюздар Федерациясынын төрагасы, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, Ош областтык Билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев, ОшМУнун ректору профессор Каныбек Исаков, ОшМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Арап Анарбаев, Аялдар Кеңешинин төрайымы, Жаштар комитетинин төрагасы, факультеттердин декандары, структура бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер да катышышты.


    Раздел: Профсоюз помог
  • 05.12.2014 ОшМУда билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар ыйгарылды 3-декабрь–майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар берилип, сый тамак уюштурулду. Ошондой эле Ош шаарындагы №5 орто мектепке жана Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаранга колдоо көрсөтүлдү.


    Раздел: Профсоюз помог
  • 03.12.2014 Кара-Суу районунда отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин XIX отчеттук кайра-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 19-ноябрь күнү болуп өттү. Конференцияга 171 баштапкы профсоюз уюмдарынан 196 делегат шайланып, алардын ичинен 188 делегат катышты.


    Раздел: Профсоюз в регионах
  • 03.12.2014 ОшМУга манасчы Жүсүп Мамайдын вариантындагы «Манастын» 8 урпагы камтылган 8 томдугу тартууланды Кыргыз Республикасынын УИАнын алдында басылып чыккан Жүсүп Мамай вариантындагы «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» 8 томдугун КРнын УИАнын алдындагы Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кызматкери Чолпон Субакожоева Ош мамлекеттик университетине тапшырды.


    Раздел: Информационный бюллетень
  • 03.12.2014 ОшМУнун аялдар Кеңеши “Биз кайрымдуубуз» аттуу фонд уюштурушуп, «Боорукердик» үйүндөгү аксакалдардан кабар алышты ОшМУнун аялдар Кеңешинин төрайымы жана бардык факультеттердин аялдар кеңештери өз демилгелери менен «Биз кайрымдуубуз» аттуу фонд уюштурушту. Алгач аялдар Кеңешинин мүчөлөрү өз эсептеринен фондго 8000 сом акча каражатын жыйнашкан, ал каражатка кышкы жылуу кийимдерди алышып 24-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Боорукердик» үйүндөгү аксакал аталардан, энелерден кабар алышып, белектерин беришти.


    Раздел: Профсоюз в регионах